СССРден калган эстеликтерге мамиле

Памятник Коневу Сүрөттүн автордук укугу Tass

Чехия баш калаасы Прагада советтик маршал Иван Коневдин эстелигин аянттан шаардагы музейлердин бирине жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Албетте, мындай чечимге орус тарап нааразылыгын билдирүүдө.

Райондук кеңеш советтик аскер жетекчисинин эстелигинин ордуна 1945-жылы Праганы бошоткон баатырларга мемориал орнотууну чечти. Жаңы эстелик үчүн сынак жарыялаган.

Кеңештин чечими боюнча, жаңы монументте Кызыл Армиянын жоокерлеринин эрдиги, ошол эле маалда сталиндик репрессия учурунда СССРдин булуң-бурчунан качып келип, Чехиядан башпаанек алгандардын тагдыры чагылдырылышы шарт.

Прагадагы орус элчилиги мындай чечимге кескин нааразылык билдирди.

Муну орус тарап "Кызыл Армиянын каарман жоокерлеринин эрдигин", алар менен бир катарда согушуп, "Чехословакия баш калаасын нацизмден бошоткон" чехтер менен словактардын каармандыгын мазактоо катары айыптады.

Иван Конев Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 1-Украин фронтун башкарган. Ал башында турган аскер бөлүктөрү Чехословакияны бошотуп, Берлинди алууга катышкан.

Согуштан кийин Иван Конев жогорку кызматтарда иштеди. Анын эстелиги 1980-жылы тургузулган эле. Буга чейин бир нече ирет эстеликти алып салуу тууралуу маселе көтөрүлүп келгени бар.

Талкууга түшкөн эстеликтер

Сүрөттүн автордук укугу UNIAN
Image caption Бул уникалдуу эстелик Украинада сакталып калган Лениндин жалгыз эстелиги болуп калды окшойт. Анын бузулбай калышынын бир себеби бар - эстелик Чернобылдын атайын белгиленген чегинде турат

Постсоветтик өлкөлөрдө акыркы убакта социализм эстеликтерине каршы чыккан чакырыктар көп эле айтылып келүүдө. Айталы, дүйнөлүк пролетариаттын кол башчысы Владимир Лениндин туулган күнүн мурда советтик өлкөлөрдө жатка билишчү. Азыр эми туулган күн эмес, Лениндин көп сандагы эстеликтери да четинен жок болду. Маселен, Украинада большевиктердин көсөмүнүн эстеликтери дээрлик калбай калды.

Евромайдандагы жүрүштөр учурунда Украинада Лениндин эстеликтерин уратуунун чоң толкуну башталып кеткен. Адегенде Киевдеги аянттан эстеликти алып салышкан.

2015-жылы 9-апрелде өлкөнүн Жогорку Радасы бул жараянды мыйзамдаштырып салды. Коммунисттик ишмердин эстеликтери бүт алып салына баштады.

2016-жылкы маалымат боюнча, Украинада Владимир Лениндин 1320 эстелигин алып салышкан. Азыр эстеликтер дээрлик калган жок.

Өзбекстанда дагы советтик маалда тургузулган социализм эстеликтеринин көбү алып салынган.

"Мындан башка көйгөй жокпу?"

Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Кыргызстанда дагы маал-маалы менен мындай тема көтөрүлө калып жүрөт. Маселен, үч-төрт жыл мурун өлкөнүн экинчи ири калаасы Оштогу негизги аянтта турган Владимир Лениндин эстелигин алып салуу тууралуу жаш активисттер демилге көтөргөнү бар.

Оштун борбордук аянтындагы Лениндин эстелигинин бийиктиги 30 метрди чамалайт. Дүйнөлүк пролетариаттын кол башчысынын эстелиги мурда шаардагы эң бийик эстелик деп саналчу. Кийин шаарга Манастын эстелиги тургузулгандан кийин көлөмү жагынан да, бийиктиги жагынан да теңелип калды. Эгемендик жылдардан кийин Бишкектеги борбордук аянттан Лениндин эстелиги алынып, анын ордуна "Эркиндик" эстелиги орнотулган эле. Андан кийин ал эстеликти да алып салышып, Манастын айкели тургузулду. Расмийлер азырынча Оштогу көлөмдүү эстеликти жылдырууга зарылчылык жок деп эсептейт.

Улуу муундагылар ачык эле "эмне башка жумушуңар жокпу" деп, жаштарга наарызылыгын билдирген.

"Соңку жылдары социализм эстеликтерине каршы маанай мурдагы советтик өлкөлөрдө, анын ичинде Балтика өлкөрүндө, Польша, Украинада болуп келатат. Бул бир жагы саясий мамиленин айланасында да болуп жатат десек болот. Бирок социалисттик системаны Орусия менен байланыштыруу да туура эмес. Бул өлкө дагы ал жолдон баш тартып, демократиялык өлкөнү курууга аракет кылып келатат. Өткөн тарыхты өзгөртө албайсын",-дейт тарыхчы Сабыр Арстанов.(AbA)

Тектеш темалар