Ооганстан: Августтагы кандуу булоон, оор жоготуулар

Ооганстанда август айында эле орточо алганда күнүнө 74 киши (арасында балдар жана аялдар бар) курман болгонун Би-Би-Си иликтеп чыкты.

Бүтүндөй өлкөнү кучагына алган зомбулук токтобой жатат. АКШнын куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди.

Би-Би-Си 2307 кишинин өмүрүн алган 611 зомбулук болгонун изилдеп чыкты. Август айында согуштун кесепетинен өлгөндөрдүн арасында 473 жайкын тургун, 675 армиянын аскери жана 974 талип болгон.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы Би-Би-Синин статистикасын четке кагууда. "Талибан" кыймылы Би-Би-Си анализин "негизсиз айыптоо" деп атаган. Август айында "миңге чукул талип жок кылынды деген маалыматты тастыктоо үчүн эч кандай документ жок" деп билдирген.

Жоготуулардын көбү согуштук аракеттер учурунда болгон. Бирок курман болгондордун ар бир бешинчиси жайкын тургундар. 1948 киши жаракат алган.

Кишилердин өлүмү тууралуу статистика - Ооганстанда эмне болуп жатканын көрсөткөн кичинекей эле индикатор.

Бир апта мурун Трамп АКШ менен "Талибан" ортосундагы сүйлөшүүлөрдү токтотту. Бирок сүйлөшүүлөр кайра жанданышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Ошол эле учурда талкууда ок атышпоо тууралуу маселе жөнүндө сөз жок. Карапайым оогандар болсо күн сайын мунун азабын тартып, өмүрү кыйылып жатат. Алдыдагы президенттик шайлоодо зомбулук дагы күчөшү мүмкүн деген чочулоо бар.

Би-Би-Си август айындагы жоготуулар боюнча маалыматтарды кантип чогултканы тууралуу макала соңунда сөз болот.

Август

Көп кишинин өмүрүн алган августтун биринчи аптасынан кийин "Талибан" менен өкмөттүк күчтөр үч күн согуштук аракеттерин токтотту. Бул Орозо айтка байланыштуу болду.

Бирок Би-Би-Си майрам учурунда, 10-августтан 13-августка чейин 90 киши каза тапканын ырастаган маалымат алды. Жоготуулардын көбү 27-августта болгон. 162 киши каза таап, 47 киши жаракат алганы аныкталган. Алардын көбү "Талибан" жоочулары, алар дрон аркылуу чабуулга кабылган.

Image caption Кабулдагы үйлөнүү үлпөттө болгон жанкечти жардыруусунан 92 киши каза таап, 142 адам жаракат алган

Жайкын тургундардын көбү 18-августта каза болду - 112 киши. Алардын көбү Кабулдагы үйлөнүү үлпөттө болгон жанкечти жардыруусунан мүрт кеткен. Бул тойдо 92 киши каза таап, 142 адам жаракат алган.

Бул жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ мойнуна алган.

Жоготуулар

Август айында каза тапкандардын дээрлик жарымы "Талибан" кыймылынын жоочулары. Бул күтүлбөгөн чоң сандар.

Албетте, бир нече себеби болушу мүмкүн. Маселен, "Талибан" кыймылы тынчтык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда аскердик чабуулун күчөттү. Буга байланыштуу АКШ башында турган коалиция авиа учууларды жана түнкү чабуулдарды көбөйттү.

Акыркы жылдардагы "Талибандын" жоготуулары такыр белгисиз. Кыймылдын туусу алдында 60 миң жоочу согушат деген маалыматтар бар.

"Талибан" августтагы жоготуулары тууралуу маалыматты четке кагып жатат. Алар август айында "миңге чукул талип жок кылынды деген маалыматты тастыктоо үчүн эч кандай документ жок" деди.

"Кабул администрациясынын коргоо министрлиги тараткан күнүмдүк пропагандага негизделген анализ" деп мүнөздөлөт "Талибан" кыймылы тараткан билдирүүдө.

Ооган күч түзүмдөрүндөгү жоготуулар тууралуу маалыматтар сыр болуп сакталып, ачыкка чыга бербейт. Ошондуктан Би-Би-Синин август боюнча ырастоолору чыныгы сандардан төмөн болушу мүмкүн.

Январда ооган президенти Ашраф Гани 2014-жылдын соңунан бери күч түзүмдөрүнөн 45 миң кызматкер каза тапканын айткан.

Ооганстандын Коргоо министрлиги Би-Би-Синин маалыматтары дагы олуттуу иликтөөлөрдү талап кылат деди.

Би-Би-Си августта 473 жайкын тургун каза таап, 786 киши жаракат алганы тууралуу маалыматтарды алды.

Америкалык жана ооган аскерлери жайкын тургундар арасындагы жоготуулар тууралуу маалыматтарды көп учурда четке кагып же ачыкка чыгарбаганга аракет кылышат.

Ооганстан

Жаңылыктардын баш сабына Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаары үчүн согуш же Кабулдагы жардыруу боюнча жаңылыктар көп чыгат.

Бирок куралдуу жаңжалдын негизги бөлүгү - ооган күч түзүмдөрү менен "Талибандын" тынымсыз кагылышуулары.

Би-Би-Си августтагы жоготуулар тууралуу Ооганстандагы 34 провинциянын үчөөнөн гана маалымат алган.

Жоготуулардын ар бир онунчусу Газни провинциясына туура келет. Бул тынчы жок аймак "Талибандын" негизги чеби болгондуктан, ооган күч түзүмдөрүнүн аскердик операциялары дагы көп өтүп турат. Газнидеги 66 операциянын көбү "Талибандын" болжолдуу турумдарына дрон аркылуу жасалган.

"Аймакта операция жүрүп жаткан учурда жайкын тургундар эч кайда кете албайт. Эгерде алар ошол аймакты таштап чыгууга аракет кылса, аларга америкалык жана ооган аскерлери ок атат. Алар каалаган жерин бомбалашат. Айланабыздагы турак-жайлардын баары талкаланды",-деп ачуулана сүйлөдү Урузган провинциясынын тургуну.

Ысымын Мохибулла деп тааныштырган кишиге Би-Би-Си Кандагардагы ооруканада жолуккан. Ал жерде анын агасынын далысына тийген окту алуу үчүн операция жасалган.

Дүйнөдөгү эң кандуу жаңжал

Ооганстандагы согуш чейрек кылымдан бери токтобой келүүдө. Акыркы жылдары жаңжал туңгуюкка кептелди.

Өткөн жылы Куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактардан маалымат чогултуу долбоору (ACLED) ооган конфликтин курмандыктар саны боюнча дүйнөдөгү эң кандуу деп атаган.

ACLED Ооганстанда август айында болгон жоготуулар Сирия же Йеменден эки эсе көп дейт.

Би-Би-Си маалыматтарды кантип чогултту?

Би-Би-Си Ооганстандагы зомбулук боюнча 1-августтан 31-августка чейин 1200дөй маалымат алган.

Ооган кызматынын журналисттери жаңылыктардын баш сабына чыккан ири чабуулдар боюнча маалыматтын артынан түшүп, иликтешти. Маалыматтарды тактоо үчүн өлкөдө чоң команда иштеди. Анын курамында өкмөттүк чиновниктерден тарта медкызматкерлер, күбөлөр, "Талибандагы" жашыруун булактар, жергиликтүү тургундар бар эле.

Тактоо үчүн сөзсүз эки ишенимдүү булак зарыл эле. Кишинин эмнеден өлгөнү ооруканада такталса, экинчи булактын зарылчылыгы жок болуп калган учурлар дагы болду. Эгерде ар кайсыл булактар эки башка сандар тууралуу айтса, анда эң аз сан алынды. (AbA)