Ирандык кыз-келиндер 40 жылдан бери биринчи жолу стадиондо

Үч жарым миңдей ирандык кыз-келиндер кырк жылдан бери биринчи жолу стадиондо олтуруп футбол көрдү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Стадиондон алынган тасма

1979-жылы Ислам ыңкылабы ишке ашкандан кийин Иранда эркектер ойноп жаткан стадионго аялдардын баруусуна тыюу салынган.

Сентябрдын башында футбол оюнуна эркектин кийими менен кирүүгө аракеттенген Сахар Ходайяри камакка алынган. Түрмөгө баруудан коркуп футбол күйөрманы сот имаратынын алдында өзүн өрттөгөн. Алган жаракатынан улам эсине келе албай жатып, бир аптадан кийин ажал тапты.

Анын өлүмүн айыптаган билдирүүлөр бир эле Иран эмес, чет өлкөлөрдө дагы айтылып, катуу сөз болду. Ушундан кийин Дүйнөлүк футбол бирикмеси Иранга кыз-келиндердин беттешти көрүүгө уруксат беришин талап кылды.

Алгачкы жолу аялдар үчүн 3500 билет берилди. Билеттер дароо сатылып кеткен. Иран өз талаасында Камбоджаны кабыл алып, 14:0 эсебинде утту.

Стадиондон футбол көрүүгө уруксат алгандардын бири спорт баяндамачы Раха Пурбахш эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Стадиондон футбол көрүүгө уруксат алгандардын бири спорт баяндамачы Раха Пурбахш

"Эмне болуп жатканына азырга чейин ишенбей турам. Буга чейин футболду телевизор аркылуу гана көрүп келгемин",-деди беттеш алдында "Франс пресс" агенттигине берген маегинде.

Активист Мариам Шоджаинин айтымында, аялдар олтурган жерди атайын тосмо менен бөлүп коюшкан экен. 78 миң кишиге ылайыкталган стадиондо кыз-келиндер үчүн 3500 гана орун бөлүнгөнүнө Мариам нааразылыгын айтты.

"Биз бул үчүн күрөшкөн эмеспиз",-деп жазды "Твиттер" баракчасына.

"Ачык эле дискриминациянын мисалы. Миңдеген бош орундар турду, аялдарга болсо билет жетпей калды",-деди "Рейтерге" берген маегинде.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ирандагы стадиондордон аял күйөрмандарды көрүү мүмкүн эмес

Өкмөт өкүлдөрү аз сандагы гана билеттерди сатканын, азырынча коомчулук муну жакшы кабыл ала электиги менен түшүндүрдү. Ирандагы аялдардын стадионго баруусун чектеген эрежени алып салуу үчүн көп жылдар күрөш жүрүп келди. Бийлик аялдарга бул укукту берсек, кийин башкасын дагы талап кылып баштайт деп, чочулап келген.

Өзүн өрттөгөн Сахар Ходайяринин окуясы кырдаалды түп тамырынан өзгөрттү. Бул окуяны дүйнө коомчулугу айыптады. Европалык футболчулар Сахардын элесине арнап, колдоруна көк тасма байлап оюнга чыгышты. Анын сүйүктүү командасынын түсү көк эле. (AbA)