Агрардык жакыр өлкөдөн кубаттуу экономикага айланган Кытай

Skyscrapers and a river in the city of Shanghai at night Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

1-октябрда Кытай Эл Республикасы 70 жылдыгын белгиледи. Би-Би-Си бул жылдар аралыгында Кытай агрардык жакыр өлкөдөн дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага кантип жеткенин тууралуу айтып берет.

"Коммунисттик партия бийликке келген учурда Кытай өтө жакыр өлкө болчу, -дейт Гонконгдогу DBS банкынын башкы экономисти Крис Люн. - Өлкөнүн соода өнөктөштөрү, дипломатиялык байланыштары такыр болгон эмес. Ошондуктан өзүнө ишенүүдөн башка аргасы жок эле".

Соңку 40 жыл аралыгында Кытай соода-сатык боюнча катарынан бир нече реформаны жасады. Соода жана чет элдик инвестиция үчүн шарт түзүп, жүз миллиондогон кишилерди жакырчылык сазынан сууруп чыкты.

XX кылымдагы эң ири гуманитардык апаат 1950-жылдары болду. КЭР төрагасы Мао Цзедундун саясаты Кытайдын экономикасын тез арада индустриалдаштыруу болгон.

Бирок оңунан чыкпай калып, 1959-1961-жылдардагы ачарчылык 10-40 миллион кишинин өмүрүн алды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption XX кылымдын орто ченинде Кытай агрардык жакыр өлкө эле

1960-жылдары "маданий ыңкылап" ишке ашты. Мао Кытайдагы коммунисттик партиянын катарын тазалап, каршылаштарын жок кылган. Партиянын мүчөлөрү, интеллигенция репрессияга кабылган.

Мао каза тапкандан кийин бийликке Дэн Сяопин келген. Ал реформанын башында туруп, Кытай экономикасынын тамырын өзгөрттү.

Дыйкандар мурдакыдай жалаң гана коммуна үчүн эмес, өздөрү үчүн дагы иштөө укугун алышты. Кытай чет элдик инвестициялар үчүн эшигин ачты.

1979-жылы АКШ менен дипломатиялык мамилесин калыбына келтирген. Америкалык компаниялар арзан жумушчу күчтөрүн пайдаланып, кытай экономикасына чоң салым кошо баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1970-жылдары Кытай дүйнөгө эшигин ачты

Ушундан тарта "дүйнөдөгү күтүүсүз экономикалык керемет жаралды" деп эсептейт британдык Standard Chartered банкынын башкы экономисти Дэвид Манн.

1990-жылдардын орто ченинде Кытай экономикасы дүркүрөп өстү. Буга эки себеп бар эле: Гонконгдун кошулушу жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу.

Британиянын кол алдындагы Гонконг өзүнүн демократиялык эркиндигин сактап калуу менен Кытайдын курамына кирди. Көз карандысыз сот жана өзүнүн каржылык системасы менен башкаруусун сактап калганы үчүн Гонконг - экономикалык эркиндик рейтингинде лидер.

Ал эми континенталдык Кытай өзүнүн коммунисттик бизнес-климаты менен 100-орунда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Гонконг Кытайдын таасирине каршы күрөшүүдө

Гонконг аркылуу дүйнөлүк капитал агылып келди. Ал Кытайды 70 пайыз түз чет элдик инвестиция менен камсыздап келет. Ушунун эсебинен өлкөнүн экономикасы гүлдөп жатат. Бээжин базарларын кеңейтип, соодасын өнүктүрүп, дүйнөгө таасирин күчөтүүдө.

Экинчи жагынан, 2001-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу Кытайга жаңы горизонтторду ачты.

Азыр жалпы экспорттун көлөмү 4,3 триллион доллар, Кытай дүйнөдөгү эң ири экспортерго айланды.

Жакырчылыктан чыгуу

Экономикалык реформалар жүз миллиондогон кытайдын тагдырын өзгөрттү. Дүйнөлүк банктын эсебинде, 850 миллиондон ашуун адам жакырчылыктан чыкты. 2020-жылга барып Кытай жакырчылык көйгөйүн толугу менен чечет деп айтылууда. Буга улай эле өлкөдө билим алууга болгон көрсөткүч жакшырды.

Теңсиздиктин өсүшү

Бай кытайлардын жашоосу жана өсүп жаткан орто катмардагылардын турмушу элет жериндегилер менен кескин айырмаланат.

Дүйнөлүк банктын эсептөөсү боюнча, Кытайдын жан башына болгон кирешеси өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен бирдей деңгээлде. Жылдык орточо киреше Кытайда 10 миң долларды түзсө, АКШда 62 миң доллар.

Өсүү жайлады

Акырындап экономикалык өсүүнүн темпи жайлап, төмөндөй баштады. Кытай экономикасы экспорт менен керектөөлөрдөн түздөн-түз көз каранды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытай жакырчылык менен күрөшүүдө, бирок теңсиздик өсүүдө

Соңку мезгилде бул эки көрсөткүчтүн тең темпи басаңдады. Бир жагы буга АКШ менен соода согушу дагы таасирин тийгизди.

Бирок ушундай абалында дагы Кытай дүйнөлук экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон кала берүүдө. АКШдан кийин эле дүйнөлүк эономикага салым кошкон Кытай болуп жатат.

Кытай "Бир алкак - бир жол" аталышындагы масштабдуу инфраструктуралык долбоорун сунуштап жатат. "Жаңы Жибек жолу" планета калкынын жарымын бириктирет. Башкача айтанда, дүйнөлүк ИДПнын бештен бири. (AbA)