Түркия чек ара аймагында аскерлерин топтоп жатат

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Түркия Сирия менен чек арада аскерлерин топтоп жатат

Түркия Сирия менен чек арада аскерлерин топтоп жатат. Ондогон аскердик унаалар жана танкалар Сириянын түндүк-чыгыш аймагындагы чек ара тилкесине келгени кабарланды.

Түркия Сирия менен чек арада аскерлерин топтоп жатат. Ондогон аскердик унаалар жана танкалар Сириянын түндүк-чыгыш аймагындагы чек ара тилкесине келгени кабарланды.

Аптанын башында Кошмо Штаттары Түркия жакын арада Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик операциясын баштайт деп жарыялаган. Бул аймактагы америкалык аскерлер чыгып кеткен эле.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Түркиянын чек арадагы оор артиллериясы

Ага карабастан Трамп Түркия "чектен чыгып кетсе", өлкөнүн экономикасын талкалайм деп эскертти.

"Эгерде Түркия кайсыл бир кадамдары менен чектен чыгып кеткенин, менин улуу жана теңдешсиз көсөмдүгүм менен туйган болсом, анда Түркиянын экономикасын тыптыйпыл ойрон кыла алам",-деди Трамп.

АКШ Сириядагы саясатын өзгөрттүбү?

Талдоочулар президент Трамп Пентагондун кеңешин эске албай, АКШнын Сириядагы саясатын өзгөрттү деп айтууда. Андан тышкары аскердик операциядан кийин аймактагы экстремисттик топтор кайрадан күч алат деген эскертүүлөр дагы бар.

Ал эми өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы АКШ менен чогуу күрөшкөн күрд кошуундары Вашингтон макулдашылган милдеттерин аткарган жок, "далыга бычак сайды" деп билдирди.

АКШнын аскерлери Түркиянын армиясына көмөк көрсөтпөйт. Ошондой эле Түркия колго түшкөн өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун аймактагы согушкерлерине жооптуу болот.

"Түркия жакын арада көптөн бери айтылып келген Сириянын түндүгүндөгү операциясын баштайт. АКШнын армиясы операцияларга кийлигишпейт жана көмөк дагы көрсөтпөйт. АКШ аймактагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топту жок кылгандан кийин аскерин территориядан чыгарып кеткен",-деп айтылат Вашингтон тараткан билдирүүдө.

Түркиянын колго түшкөн экстремисттерге жоопкерчиликти алганы дагы абдан маанилүү. Эки жылдын ичинде көптөгөн согушкерлер колго түшүп, алардын тагдыры бүдөмүк бойдон калган.

"АКШнын өкмөтү Франция, Германия жана Европанын башка мамлекеттеринен туткунга түшкөн жарандарын алып кетүүнү өтүнгөн. Бирок алар бул жарандарын кабыл алган жок",-деп айтылат билдирүүдө.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“ИМ” тобунун мурунку мүчөлөрү Европаны көздөй качууда

Дональд Трамптын Сирия боюнча билдирүүлөрү, Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин кайрылууларынан бир кыйла айырмаланат. Президент Трамп Сириядагы америкалык аскерлер чыгарылат деп жарыялаганын, талдоочулар Түркия аскердик операциясын баштоого мүмкүнчүлүк алды деп түшүндү. Пентагон болсо аз сандагы аскерлер гана айрым аймактардан чыгарылганын, АКШ Түркиянын аскердик операциясына каршы экенин билдирди.

Түркия менен күрддөр ортосунда узакка созулган согуш башталабы?

Буга чейин Анкара күрддөргө каршы эмес, террордук топ деп саналган Күрддөрдүн элдик кошууну (YPG) менен Күрд жумушчулар партиясына (PKK) каршы күрөшүп келгенин билдирген. Түркия ондогон жылдан бери күрддөрдүн жикчил топтору менен кармашып келет. Бул топтордун башында Күрд жумушчулар партиясы турат.

Жакынкы Чыгышта 35 миллиондон ашуун күрд жашайт. Санынын көптүгүнө карабастан, алардын эч качан мамлекети болгон эмес. Алар Түркия, Ирак, Сирия жана Ирандын территориясына чачыраган.

Сириядагы күрддөр бул аймактагы негизги оюнчуга айланып, АКШ менен бирге өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы натыйжалуу согушту.

Келечекте күрддөр Сирияда автоном аймак түзүүнү көздөп турганын эч жашырган эмес. Бул Түркияны кабатыр кылууда. Анкара аларды Күрд Жумушчулар партиясынын "союздашы" катары санайт. Сириядагы күрддөрдүн автоном зонасы коопсуздукка коркунуч келтирет, дейт Анкара.

Азыркыга чейин Сириядагы күрддөрдү АКШ калкалап келди. Бирок америкалык аскерлер аймактан чыгып кеткени, Түркия менен күрддөр ортосунда узакка созулган согуш башталышы мүмкүн дейт талдоочулар.

Жаңжалдуу аймактан жарандарын чыгарып кеткен өлкөлөр

Былтыр бир катар Борбор Азия мамлекеттеринде Сирияга жана Иракка чыгып кеткен жарандарын издөө, аларды кайтарып келүү багытында атайын жумуш тобу түзүлгөн. Казакстан "Жусан" аттуу операция уюштуруп, 2019-жылдын январынан тарта май айына чейин Сириядан 524 жаранын алып келген. Жыл башынан бери Тажикстан Ирактан 84 баланы чыгарып кетсе, Өзбекстан 156 жаранына жаңжалдуу аймактардан чыгып кетүүгө көмөк көрсөткөн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сирияга барып келгени үчүн былтыр Кыргызстанда 41 адам соттолгон

"Европа, Азия өлкөлөрү, атүгүл АКШ бул маселенин туура жолун табуу аракетин көрүп жаткан чакта, Борбор Азия мамлекеттери алгачкы кадамдарын баштады. Борбор Азия өлкөлөрү демилгени колго алып, жарандарын кайтарып келүүдөн башка мамлекеттерге жол көрсөтүп жатканы үчүн ыраазылык билдирем. Отуз жылдан бери бул аймакта иштеп жүрүп беш өлкөнүн өкмөтү менен жарандык коому бүгүнкүдөй биргелешип, тыгыз иш алып барганын көргөн эмесмин",- деди АКШнын Тынчтык институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Гэвин Хэлф.

Өткөн айда кыргыз өкмөтү Ирактагы жаңжалга катышкан жарандардын балдарын алып келүү үчүн Багдадка жумушчу топ жөнөтө турганын билдирген. Расмий маалыматка караганда, Ирактагы жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана коомго кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Жакын арада жумушчу балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына барат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сириядагы жаңжалга аралашкан кыргызстандыктар:

Өкмөт тараткан маалыматта согуш зонасындагы кыргыз "жарандары-балдары" деп жазылган, ошондуктан бул жерде конкреттүү түрдө балдар тууралуу гана сөз болуп жатабы же чоңдор да барбы, так эмес. Жумушчу топ тийиштүү адистердин, психолог жана теологдордун жардамы менен балдарды коомго кошуу боюнча чаралардын планын иштеп чыккан.

Ошондой эле Сириядагы кыргыз жарандарынын турган жерин жана алардын санын тактоо боюнча иштерди аткарат. Согуш зонасына Кыргызстандын аймагынан сегиз жүздөй киши чыгып кеткени расмийлер тарабынан айтылып жүрөт. (AT)

Тектеш темалар