Махатма Ганди: Өжөр өсүпүрүмдөн улут атасына чейин

Индияда жана дүйнөнүн көп жеринде Махатма Гандинин 150 жылдыгына карата иш чаралар өттү
Image caption Индияда жана дүйнөнүн көп жеринде Махатма Гандинин 150 жылдыгына карата иш чаралар өттү

1940-жылдардын соңунда тынчтыкты сүйгөн, жупуну кийинген Мохандас Карамчанд Ганди же Махатма кубаттуу империяны жеңе алды. Ал мезгилде Индия Британ империясынын кол алдында эле. Ганди Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Анын зомбулуксуз каршылык көрсөтүү тактикасы бүтүн дүйнөгө өрнөк болду.

Гандинин 150 жылдык мааракелик иш-чаралары Индиянын бардык аймактарында өттү. Бирок анын мурасы бул өлкөдө дагы деле талаш-талкуунун жаратып келүүдө.

Би-Би-Си Гандинин өмүр жолундагы урунттуу учурларга токтолот.

Министрдин уулу

Мохандас Карамчанд Ганди 1869-жылы 2-октябрда Индиянын түндүк-батышындагы Порбандар шаарында туулган.

Анын ата-бабалары соодагерлердин кастасынан. Ал доордо индиялык коомдо соодагерлер кастасы өтө деле абройлуу эсептелчү эмес. Бирок ошого карабастан Махатманын атасы Порбандардын биринчи министри болууга жетишкен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ганди жети жашында

Бала кезинде Гандиге апасы Путлибайдын таасири чоң болду. Апасы динчил болгондуктан уулуна индуизмдин негиздерин урматтап, сыйлоого үйрөттү.

Гандилердин үйүндө вегетариан принциптери, сабырдуулук, зомбулуктан качуу деген эрежелер катуу сакталган.

13 жашында Гандини 14 жаштагы Кастурба ысымдуу өспүрүм кызга үйлөнтүшөт.

Өспүрүм курагында Ганди үй-бүлөсүндөгү катуу карманып келген айрым диний эрежелерге каршы чыгат. Ал эт жеп баштайт жана сойкуканага дагы барган.

"Мен күнөөгө баттым, бирок Кудай өзүнүн чексиз кечиримдүүлүгү менен мени өзүмдөн коргоп калды",-деп жазган кийин ал.

Өспүрүм курагындагы албууттанган кыялы менен жүрүп, далай мүдүрүлөт. Ар бир күнөөсүнө өкүнүп, тооба кылган. Атасы өлүм алдында жатканда анын башында олтуруп, бирок аялы менен кумарга батканы өз бөлмөсүнө чыгып кетип, оо дүйнө узап кеткенин көрбөй калган экен.

Сүрөттүн автордук укугу iStock

Өзүнүн автобиографиясында ошондогу күнөөсү үчүн өтө азаптанганын жазган.

"Уятымдан жерге кирип кете жаздап, катуу капаландым. Эгерде айбандык сезим мени сокур кылбаган болсо, атам менин колумда үзүлмөк эле" деп жазат. Тун баласы чарчап калганда, Ганди бул ошондогу кылганына кудайдын жазасы болду деп кабыл алган.

Лондондо юриспруденция боюнча окуп жүрүп, Ганди диний коомдун мүчөлөрү менен таанышып калып, индус тексттерин тереңдеп үйрөнгөн. Тагыраагы, "Махабхарата" эпосуна кирген "Кудайдын ырын" үңүлүп окуган. Индуизмге болгон сый-урматы артып, кийин башка диндерге болгон кызыгуусу ойгонот.

Диний маалыматтарын анализдеп, индуизмдин салттуу принциптерине кайтып келип, аны бекем кармай баштаган. Алкоголь менен секстен баш тарткан. Ал маалда Гандинин төрт баласы бар эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ганди жубайы менен, 1915-жыл

Анын биографтары жазгандай, Ганди дене кумарынан баш тарткандан кийин, өзүнүн эркин сыноо үчүн бир нече күн эксперимент өткөрөт. Мунусу катуу сын-пикирлерге кабылган.

Түштүк Африкадагы апартеидке каршы күрөш

Окуусун бүткөндөн кийин Ганди Индияга кайтып келип, адвокат болуп ишин баштайт. Бирок биринчи эле ишинде утулуп калып, аябай басынып, жумушунан баш тартып кете жаздайт. Ага ушул эле кесиби менен Түштүк Африкада иштөөнү сунушташат. Ошентип 1893-жылы апрелде Ганди Түштүк Африкага сапар алып, бул өлкөдө 21 жыл жашаган.

Африкада жүргөн учурунда биринчи жолу апартеидке кабылган: анын өңү кара болгону үчүн биринчи класстагы поезд вагонунан кууп чыгышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Африкада адвокат болуп иштеп жүргөн учурунда

Индус мигранттарга жасалган мамилени көрүп, буга каршы туруу үчүн Индия конгрессин негиздеп, тынч маанайдагы каршылык кыймылын баштаган. Теги индиялыктардын салыкка каршы иш таштоосун уюштурган деп, Гандини камакка алышат. Бирок кийин британ бийлиги салык мыйзамын өзгөртүп, Гандини бошотууга мажбур болгон.

Бул жаңылык Гандинин жеңиши катары Англияда кеңири чагылдырылат. Көп өтпөй ал эл аралык деңгээлдеги фигурага айланды.

Индиянын Амритсар шаарындагы калабадан кийин, Ганди Индияга келип, көз карандысыздык үчүн күрөш баштайт. Амритсарда британ аскерлери демонстранттарга ок атып, 400 чамалуу киши каза таап, 1300 киши жаракат алган эле.

Гандинин зомбулуксуз каршылык көрсөтүү чакырыгын индиялыктар динине, социалдык ажырымына карабай, баары кабыл алды. Британ бийлиги менен кызматташуудан баш тартып, британ товарларына бойкот жарыялоого чакырган. Буга жооп кылып колониалдык бийлик Гандини камакка алып, эки жылга абакка кесет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Абактан бошогон соң Ганди британдык башкарууга каршылык билдирип, ачкачылык жарыялайт

Көптөгөн талаштарды жараткан "жолдон чыгаруу", "азгыруу" тууралуу мыйзам 1870-жылдары кабыл алынып, антиколониалдык кыймылдарга каршы күрөштүн каражаты болгон.

Ганди мыйзамды "жарандардын эркиндигин чектөө үчүн кабыл алынган" деп айткан.

Кызык жери, бул мыйзам азыр дагы Индиянын Кылмыш кодексинде бар. Бийлик аны, студенттерге, журналисттерге жана башка өкмөттү сындагандарга колдонуп келүүдө.

Сүйлөшүүлөр

1931-жылы Ганди Индиянын улуттук Конгрессинин жалгыз өкүлү катары Лондондо өткөн жыйынга барат.

Конференциянын катышуучулары улуттук кийимчен Гандинин образын эстеп калышты. Анда Ганди 62 жашта эле. Бирок бул сүйлөшүүлөр майнапсыз болгон.

Британ бийлиги Индияга эгемендик бергенге даяр эмес эле. Ошол эле маалда көптөгөн сикхтер жана мусулман делегаттары конференцияда Ганди сунуштаган Индиянын бүтүндүгү тууралуу идеяны жактаган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1931-жылы Ганди Индиянын улуттук Конгрессинин жалгыз өкүлү катары Лондондо өткөн жыйынга барат

Конференциядан кийин Ганди Конгресстен жана саясаттан баш тартты. Социалдык теңсиздик үчүн күрөшүн уланта берген.

Жыйынтыгында Гандинин тынчтык акциялары акырындап британ бийлигин сүйлөшүүгө мажбурлады.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Британ империясы алсырап, Гандинин максаты орундалды.

1947-жылы Индия көз карандысыздыкка жетти. Бир гана Гандинин мусулмандар менен индустар бир өлкөдө жашай алат деген мүдөсү ишке ашпады. Индия менен Пакистан ортосундагы ажырым жаңы зомбулуктарга алып келген.

Ганди Делиге кайтып келип, Индияда калгысы келген мусулмандардын укугун коргоп, ачкачылык жарыялаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ганди неберелери менен

Көп өтпөй Махатма Ганди киши колдуу каза тапты. Аны аткан индуист жигит Гандинин мусулман коомчулугу менен жарашуу аракеттерине нааразы болгонун айткан.

Өмүр бою тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып келген Ганди өз кыялындагы Индияны көрө албай кетти. Ал диний жана касталык душмандашууга орун болбосо деп, ошого умтулуган эле. (AbA)