Ирак: Нааразылык жүрүштөрү эмнеден чыкты?

каршылык акциялары Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ирактагы демонстрациялар учурунда каза тапкандар саны жүзгө жетти. Муну адам укугу боюнча парламент комиссиясынын маалыматтары ырастайт.

Каршылык акциялары мындан бир апта мурун башталган. Ошондон бери бийлик баса албай жатат. Коменданттык саат, интернеттин толук өчүрүлүшү дагы аны токтото алган жок.

Ишембиде коменданттык саат алынар замат каршылык жүрүштөрү кайра жанданды. Нааразылык жүрүштөрүнүн чордону Тахрир аянты болуп калды. Бирок аны тосмолоп салышты, деп жазды жергиликтүү басылмалар.

Демонстрациялар бир жыл мурун бийликке келген премьер-министр Адил Абдул-Махдинин өкмөтүнө каршы чакырык болду.

Коррупция, жумушсуздук жана мамлекеттик кызматтардын начар иштеши ирактык жаштардын нааразылыгынын негизги себеби болууда.

Башаламандыктар өлкөнүн түштүк райондорундагы шийиттер отурукташкан аймакта күтүүсүз башталды. Алардын башында турган лидерлери дагы жок эле. Көп өтпөй толкун бүтүн өлкөгө тарады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Тахрир аянтын тосмолоп салышты деп жазды жергиликтүү басылмалар

Жалпысы болуп каршылык жүрүшүнө катышкан 540 киши камакка алынган. Алардын көбү бошотулуп, 200 киши кармалып турат, деп билдирет парламенттик комиссия.

Ирак мунай запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бирок Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 2014-жылы өлкө калкынын төрттөн бири күнүнө 1,9 доллар менен жашаган. Ар бир алтынчы үй-бүлөдө азык-түлүк тартыш.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Коррупция, жумушсуздук жана мамлекеттик кызматтардын начар иштеши ирактык жаштардын нааразылыгынын негизги себеби болууда

2018-жылы жумушсуздук 7,9 пайызга өскөн. Өзгөчө жаштар арасында жумушсуздар саны көбөйдү. Жумушка жарамдуу калктын 17 пайызы гана убактылуу жумуш таба алган.

2014-жылы Ирак аймагынын чоң бөлүгүн өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ басып алган. Өлкө экстремисттерге каршы чоң согуштан кийин дале өзүнө келе элек. Ирак өкмөтү жана Дүйнөлүк банктын эсебинде, өлкөнү кайра бутуна тургузуу үчүн кеминде 88 млрд доллар керек. (AbA)

Тектеш темалар