Дүйнөнүн 60 шаарында өтүп жаткан каршылык акциялары

Экологиялык активисттердин каршылык жүрүшү Лондонго жетти. Дүйнөнүн бир нече ири шаарларында экоактивисттер акция өткөрүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption Лондондогу акцияларга 30 миңдей киши катышып, эки аптага созулары айтылды

Лондондогу акцияларга 30 миңдей киши катышып, эки аптага созулары айтылды. Биринчи эле күнү полиция 200 чамалуу кишини кармаган.

Extinction Rebellion (Тукум курут болууга каршы көтөрүлүш) кыймылынын каршылык акциясы климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшкө багытталган. Ал Берлин, Амстердам жана Сидней сыяктуу бир нече шаарда өтүп жатат.

Лондондун чок ортосундагы экоактивисттердин баррикадалары полиция менен шаардыктарга ыңгайсыздык түздү. Жүрүшкө чыккандар өкмөттүк имараттардын алдында акция өткөрүүгө аракет кылууда.

Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption Лондон полициясы өкмөттүк объектилерди кайтаруу үчүн кошумча кызматкерлерди бөлдү

Extinction Rebellion бул жолку акциялар апрелде өткөн жүрүштөргө караганда беш эсе масштабдуу болорун билдирди. Жаздагы акциялар учурунда полиция 1100 кишини кармаган.

Кыймыл 2018-жылы негизделген. Алар климат, экологиянын абалы боюнча өкмөттөр өзгөчө кырдаал абалын жарыялап, глобалдык жылуулануу үчүн күрөштө чечкиндүү чараларга баруусун талап кылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Мындай акциялар дүйнөнүн 60 шаарын өтүүдө. Австралия жана Жаңы Зеландиянын полициясы ондогон активисттерди кармады. Сиднейде 30 демонстрантка унаа жолун бөгөп алганы үчүн айып тагылды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Лондондогу акциянын катышуучулары кызыл түстө кийинип, көчөгө чыгышты
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Каршылык кыймылынын символу катары кум сааты тандалган. Бул адамзаттын калган өмүрүн санап жаткандай мааниде көрсөтүлөт

Каршылык кыймылынын символу катары кум сааты тандалган. Бул адамзаттын калган өмүрүн санап жаткандай мааниде көрсөтүлөт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Extinction Rebellion Лондондогу негизги объектилерди жана көпүрөнү бөгөөгө аракет кылды
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лондондо демонстранттар Вестминстер көпүрөсүн бөгөп алышты

Каршылык акцияларынын географиясы

Сиднейде демонстранттар негизги унаа жолуна олтуруп алып, каршылыгын билдиришти. Полиция күч колдонуп, жолду бошотту. Мындай мүнөздөгү жүрүштөр Мельбурн жана Брисбенде өттү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Амстердам

Жаңы Зеландияда бир нече активист мунай жана газ өндүрүүгө уруксат берген өкмөттүк имаратты курчап алган. Полиция аларды таратып, бир нечесин кармады.

Амстердамда кан жолго чатырларды тигип алгандардын элүүсү полиция тарабынан кармалды. Берлинде дагы активисттер жол бөгөшкөн. Бирок бийлик камакка алуулар болбой турганын билдирди. Парижде миңдеген активисттер соода борборуна жыйылышты.(AbA)