Нобель сыйлыгы ракка каршы күрөшүүдөгү ачылыш үчүн берилди

Медицина боюнча Нобель сыйлыгы бул жылы үч окумуштууга берилди - америкалык Уильям Келинг жана Грегг Семенца, британдык Петер Ратклифф.

Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption Солдон оңго: Уильям Келинг, Питер Рэтклифф жана Грег Семенца

Нобель комитетинин билдирүүсүндө, сыйлык окумуштуулардын "клеткалардын кычкылтек тартыштыгына кантип ыңгайлаша турганын аныктаган механизимдерди ачканы" үчүн берилген.

Окумуштуулар иликтөөлөрүн бири-биринен көз карандысыз болгон шартта жүргүзгөн. Бирок алардын баары биригип, "анемия, рак жана башка дарттарга каршы күрөшүү үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жол көрсөтүүдө" деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Би-Би-Си бул ачылыштар тууралуу кыскача түшүндүрүүгө аракет кылат.

Жеген тамагыбызды сиңирүү, органдардын иштеши, биздин кыймыл үчүн организмге кычкылтек керек. Бирок кандагы кычкылтектин деңгээли көптөгөн факторлордон улам ар дайым өзгөрүп турат. Биздин клеткалар мындай өзгөрүүлөргө кантип ыңгайлаша турганы көп жылдар бою табышмак болуп келген эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Белгилүү болгону - кычкылтек жетишсиз болгон шартта адамда жана башка жаныбарларда гипоксия өөрчүйт. Башкача айтканда, кычкылтек жетишсиздиги органдардын кадимки абалында иштөөсүнө тоскоолдук жаратат.

Семенца, Келинг жана Рэтклиффтин эмгеги мына ушунун жообун тапты.

Буга рактын эмне тиешеси бар?

Организмдеги кычкылтектин деңгээлин текшерип турган атайын рецептор окумуштууларга мурдатан эле белгилүү. Алар уйку артериясынын жанында жайгашкан.

Кычкылтек жетишсиз болгон шартта алар дем алуунун ыргагын жөнгө салып турган мээнин бөлүгүнө белги берет. Ошондуктан, маселен, биз чуркаган же физикалык машыгууларды жасаганда бат-баттан дем алып баштайбыз.

Андан сырткары, өткөн кылымдын башында окумуштуулар кычкылтек жетишсиз болгон учурда эритропоэтин гормонунун деңгээли көтөрүлө турганын түшүндүрүшкөн.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library

Ал бөйрөктө иштелип чыгып, кычкылтек ташыган эритроциттердин (кызыл кан клеткалар) иштешине түрткү берет. Бирок бул реакциялар кандай механизм менен иштей турганы табышмак болуп келген эле.

Чычканга эксперимент кылып көрүп Грегг Семенца кычкылтектин жетишсиздиги эритропоэтин иштеп чыккан ДНК участкаларына таасир этерин түшүндүргөн.

Сэр Питер Рэтклифф дагы бул феноменди иликтеп, эки окумуштуу тең кычкылтектин жетишсиздигин клеткаларга сездирген механизм, жалгыз эле керектүү гормон иштелип чыккан бөйрөктө эмес, ткандардын баарында иштей турганын көрсөтөт.

Семенца иликтөөнү андан ары улантып, HIF ("Гипоксиядан келип чыккан фактор) деп атаган, белок комплексин ачты. Ал муну ДНК менен байланыштырат жана эритропоэтиндин иштелип чыгышын көбөйтүп же азайткан абалга алып келет дейт.

Бирок бул эмнеден көз каранды жана кандай реакция болот?

Бул суроого жооп табууга онколог Уильям Келинг жардамга келет. Ал өтө сейрек кездешкен генетикалык ооруну ( Гиппеля-Линдау илдети) иликтеген. Бул илдет рактын өөрчүшүнө олуттуу коркунуч жараткан илдет. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал мындай жагдай VHL генинин иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөрдөн келип чыгарын аныктаган. Ошону менен катар жабыркаган геному бар рак клеткалары кычкылтек жетишсиздигине өтө сезимталдык менен реакция кылган. Бирок ал жерге жабыркабаган VHL генин киризгенде реакция кайра калыбына келип калган.

HIF белок комплексинин компоненттеринин тарашына VHL жооп берери аныкталды. Анын формасы кычкылтек көп болгон шартта өзгөрөт. Бул ДНК экспрессиясынын өзгөрүшүнө алып келет.

Мындай жол менен клеткалар кычкылтек жетишсиздигине "сезимтал" келип, анын ордун заттардын алмашуусунун ылдамдыгы менен толуктайт.

Эгерде гипоксия узак убакытка чейин созулса, организм кычкылтек жетишсиздигине жаңы ткандарды пайда кылат. Маселен, рак шишиктери. Аны токтотсо, шишиктин өөрчүшү басаңдап же таптакыр токтойт. Дал ушул Келинг, Рэтклифф жана Семенцанын ачылышы онгологиядагы кеңири колдонула турган ыкманы табышы мүмкүн.