Орус президенти өзүнүн жана Медведевдин айлыгын көтөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин баалардын өсүп жатканына байланыштуу өзүнүн жана премьер-министр Дмитрий Медведевдин айлыгын 4,3% көтөрдү.

Сүрөттүн автордук укугу Anton Novoderezhkin/TASS

Эми Путиндин маянасы 773,4 миң рубль болуп калды. Ал эми Медведев 618,7 миң рубль алат. Маалыматтарга караганда ушуну менен президент менен премьер-министрдин айлыгы 11 ирет көтөрүлдү.

2002-жылы июнда Путиндин жарлыгы менен президент менен премьер-министрдин айлыгы 63 миң жана 50,4 миң рубль деп белгиленген эле.

Мамлекет жетекчилеринин айлыгы 2014-жылы 11-апрелде 2,65 эсе көтөрүлгөн.

2011-2016-жылдар аралыгында Путин жылына 38,5 млн рубль киреше тапкан. Бул тууралуу 2018-жылдагы президенттик шайлоонун алдында өлкөнүн БШКсы маалымдаган эле.

Декларациясында Путин кирешесинин булагы катары аскер кызматкери катары пенсиясын, банк акцияларынан түшкөн каражатты көрсөткөн. Путин 13,8 млн рубль акчасын банктагы 13 эсепке салган. Анын "Санкт-Петербург" банкында 230 акциясы бар экени айтылат.

Ошондой эле анын мүлктөрүнө Санкт-Петербург шаарындагы батири, унаа койгон жайы көрсөтүлгөн. ГАЗ-21 жана "Нива" үлгүсүндөгү эки унаасы бар. (AbA)

Тектеш темалар