Тажик таксилери унаада өбүшүү менен кучакташууга тыюу салды

Tajik taxis ban public shows of affection, October 2019 Сүрөттүн автордук укугу Radioi Ozodi/YouTube

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө унаада кучакташып, өбүшкөн кардарларынан тажаган таксисттер жаңы акция баштады. Калаадагы таксилерде "кучакташуу, өбүшүүгө болбойт" деген белгилер илинүүдө.

Мурда Дүйшөмбүнүн таксилеринде "тамеки тартса болбойт", "ичкиликке тыюу салынат" деген белгилер бар болчу. Таксисттердин соңку акциясы өлкөдө кызуу талкуу жаратты.

2012-жылы Гуманитардык институттун ректору Аслиддин Низомов "адеп-ахлак полициясын" түзүү сунушу менен чыкканда дагы ушундай талкуулар болгон. Мындай полиция көчөдө сөгүнгөн, түкүргөн, адепсиз кийинген тургундарды жазаламак. Бул кадам ишке ашпай калганы менен таксисттердин акциясы мындай полиция керек деген чакырыктарды кайра козгоду.

Албетте, бул акцияга каршы чыккандар оголе көп. Коомдук медианын колдонуучулары арасында таксисттердин кадамын эркиндикти чектеген кысым катары да баалагандар болду.

Айталы, колдонуучулардын бири Шахло Файзиева "үйлөнгөн түгөйлөр таксиде кол кармашып отурса болбойбу" деген суроо жолдосо, Сиовуш Жураев "таксисттер өз жумушун аткарып, айткан жерге жеткирүү менен алектенсе" деп жазды.

Дүйшөмбүнүн таксисттери айрым кардарлар "чектен ашып" кетет деп айтып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Radioi Ozodi/YouTube

"Кол кармашып олтурса мейли, "акчасын берейин, унаадан чыгып турчу" деген сунуштар дагы болот",-дейт таксист Бахиор.

Таксисттердин баары мындай акцияны жапырт колдоду деп айтууга болбойт.

"100 таксисттин экөө же үчөө мындай белгилерди илди. Такси компаниялары мындай акцияны колдогон жок",-деди "Сабох" такси фирмасынын ээси Содикжон Зарифи.

"Сунуштар китеби"жана калк саламаттыгы

Өткөн жылы Тажикстандын Маданият министрлиги "Сунуштар китебин" басып чыгарган. Анда "жети жаштагы эселектен тарта, жетимиш жаштагы байбичеге чейин кандай кийинүү керектиги тууралуу маалымат" камтылган. Китепте тажик аялдарына кандай кийимдер туура келбей тургандыгы дагы көрсөтүлөт. Министрлик тажикстандык кыз-келиндерди кара көйнөк, жоолук жана хижаб кийбөөгө үндөгөн.

Андан эки жыл мурун үй бүлө куруп жаткан болочок жубайлар нике күбөлүгүн алу уүчүн ЗАГСга арыздан сырткары, ден-соолугу тууралуу аныктама дагы тапшырууга милдеттендирилген. Тагыраагы, алар толугу менен медициналык кароодон өтүп келиши керек.

Муну үйлөнгөндөн кийинки саламаттыгы начар балдардын төрөлүшүн алдын алат жана өмүрлүк жарынын оорулары тууралуу дагы жубайлардын маалыматы болот деп түшүндүрүшкөн. Тажик бийлигинин айтымында, акыркы жылдары ажырашуу саны көбөйүп кеткендиктен, бул талап жаш жубайлардын бекем үй-бүлө куруусуна жардам берет жана ажырашып кетүү коркунучунан сактайт.

Маалыматтарга ылайык, көпчүлүк аялдар турмуш кургандан кийин же бала төрөлгөндөн кийинки врачтардын маалыматынан улам жолдошунун оорусу тууралуу билип калат.

Буга байланыштуу өлкөнүн ондогон тургундары бийликке арыз менен кайрылып, никеге туруу үчүн ден-соолугу тууралуу справканы талап кылууну суранышканы айтылган эле.

«90% аял турмуш кургандан кийин оору жуктурган. Биздеги айрым маалыматтар боюнча, күйөөсүнүн оорусун ачыкка чыгарганы үчүн аял үйдөн куулуп, сабалган учурлар бар. Эркектер жубайын алаардан мурда берген антын унутуп, бардык нерсе үчүн аялды күнөөлөшөт», - деген Би-Би-Сиге маегинде Дүйшөмбү шаарындагы аялдарды коргоо боюнча мамлекеттик мекеменин жетекчиси Шахло Жураева.

Адам укугун коргогон активисттер оорулуу адам менен баш кошууга тыюу салбай, кайра түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кзарылыдыгын айтып чыгышкан.