Кытайдагы цензура: "Түштүк паркы" жана "Винни-Пух"

Рэнди (слева) Сүрөттүн автордук укугу South Park / Comedy Central
Image caption "Түштүк паркы" мультсериалы

"Түштүк паркы" мультсериалындагы бир эпизод кытай бийлигине жакпай калды. Анда негизги каармандардын бири Кытайдагы эмгек лагерине түшүп калат.

Албетте, сериалдын жаратуучулары Мэтт Стоун менен Трей Паркер Кытай Компартиясынын цензурасына кабылгандардын биринчиси эмес. Кытайда мультсериалдын жаңы чыгарылышы онлайн-кинотеатрлардан жана коомдук сайттардан өчүрүлдү.

Обама жана Винни-Пух

Си Цзиньпин менен Барак Обаманы мультфильм каармандары Винни-Пух менен Жолборско окшоштурган тамашалуу сүрөт 2013-жылы коомдук сайттарда өтө популярдуу болгон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Weibo

Кийин "Түштүк паркы" мультсериалы бул тамашага кайрылгандан кийин, Кытайдын коомдук сайттарында Винни-Пухтун сүрөттөрүнө бөгөт коюлган эле.

Азыр эми Кытайдын Baidu системасынан "Түштүк паркы" деп издесеңиз, көбүнчө эски маалыматтарды гана чыгарып берет. Издөөдө табылган материалдардын көбү бул сериалдын өспүрүмдөргө тийгизген тескери таасири тууралуу макалалар.

Кытайдагы интернет колдонуучулардын көпчүлүгү Twitter, Google, Facebook жана Wikipedia сыяктуу сайттарга кире алышпайт. Өлкөдөгү ММКлар коммунисттик партиянын көзөмөлүндө. Кытайдагы коомдук сайттарда айрым фразалар жана сөздөр дагы цензурага кабылат.

"Аватар" жана түртүлгөн үйлөр

Кээде жөн эле кыйытмага деле партия тынчсызданган учурлар бар. 2010-жылы "Аватар" тасмасы дүйнөнүн көңүлүн буруп жаткан маалда Кытай бийлиги анын жөнөкөй версиясын сатыктан алдырып салган. Себеби Кытайдын күчтөп көчүрүү программасы бар эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бул тасманын сюжетинде өтө бай корпорация кен байлык үчүн Пандора планетасындагы На'ви элин күчкө салып көчүрүү аракетин көрөт эмеспи.

"Кытайдагы эски райондорду көчүрүү тажрыйбасын эске алганда, на'вилердин абалын жон терибиз менен сездик",-деп жазган эле колумнист кыз Хуан Хун China Daily басылмасына.

Жөнөкөй версиясы сатылбай калганы менен 3D версиясы Кытайдагы эң көп акча жыйнаган тасма болуп калды.

Кытайга келген чет жерлик аткаруучуларга дагы кээде тизмедеги айрым чыгармаларды чийип салуу талаптары болот. Маселен, Rolling Stones 2014-жылдагы Кытайга болгон концерти учурунда чыгармаларынын бир тобун аткара албай калган.(AbA)