Сирия: он миңдеген күрддөр жер которууда

Сириянын Таль-Абайад шаарына жасалган бомба чабуулдарын чек аранын Түркия тарабынан дагы көрүүгө болот Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириянын Таль-Абайад шаарына жасалган бомба чабуулдарын чек аранын Түркия тарабынан дагы көрүүгө болот

Түрк аскерлеринин чабуулунан кийин Сириянын түндүгүндө жашаган он миңдеген күрддөр үйлөрүн таштап, качып чыгышты. Түрк аскерлери чек ара тилкесиндеги Сириянын Рас аль-Аин жана Тал-Абайад шаарларын курчоого алды.

Кайрымдуулук уюмдары качкындар саны улам өсө бериши мүмкүн экенин эскертип, коңгуроо кагууда. Эл аралык коомчулук аскер операциясын токтотуу талабы менен Анкарага басым кылып жатат.

Операциянын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деген түрк расмийлери. Бул аймакка учурда Түркия аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды жайгаштыруу пландалууда.

Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарын террористик уюм деп санайт.

Эл аралык коомчулук өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик тобунун камактагы согушкерлеринин тагдыры кандай болот деген кабатырлануусун дагы билдирди. Мындай учурдан пайдаланып алар качып кетиши мүмкүн деген чочулоо бар.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Тургундар Рас аль-Аин шаарын таштап чыгып кетүүдө

Азыр эмне болуп жатат?

Операция жүрүп жаткан аймакта эмне болуп жатканын так айтуу кыйын. Тараптар эки башка маалыматты берип жатышат.

Бейшембиде кечинде түркиялык "Анадолу" агенттиги күрд элдик кошуунун катарындагы 228 киши "нейтралдаштырылды" деп кабарлап, бирок бул эмне экенин түшүндүргөн жок.

Мунун алдында түрк президентинин 109 куралдуу күрд жок кылынганы тууралуу билдирүүсүн экинчи тарап четке каккан эле. Күрд элдик кошууну бул маалымат көбүртүп-жабыртылган деди. Бирок жоготуулары тууралуу өздөрү эч кандай маалымат берген эмес.

Жума күнү эрте менен "Тынчтык булагы" операциясынын башталышында бир аскерин жоготкону тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги расмий билдирүү таратты.

Эл аралык реакция

Бейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын түндүгүндөгү кырдаалды талкулоо үчүн жыйынга чогулду. Чукул жыйын беш өлкөнүн - Улуу Британия, Польша, Франция, Германия жана Бельгиянын өтүнүчү менен өткөн.

Бул өлкөлөр Туркиянын тез арада чабуулду токтотууга чакырып жатат. Кандай гана аскердик аракет болбосун чөлкөмдөгү кырдаалды курчутат дейт алар.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш тынчсыздануусун билдирди

АКШ болсо Түркияга карата чара көрөрүн эскертүүдө. (AbA)

Тектеш темалар