Жапонияны каптаган тайфун. Сүрөт

Жамгыр жана катуу шамал Жапониянын чоң аймагын кучагына алды. "Хагибис" куюну 60 жылдан берки эң кыйраткыч мүнөздөгү табият кырсыгы болуп калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Нагано суусу жээгинен ашып, калктуу конуштарды каптады. Куткаруу иштерине тик учактар тартылган Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Нагано суусу жээгинен ашып, калктуу конуштарды каптады. Куткаруу иштерине тик учактар тартылган

Кеминде 35 киши каза тапты. Дагы 17 кишинин дайыны табылбай жатат, деп жазды Kyodo News. Эн-эйч-кей коомдук телеканалы 30 киши көз жумганын кабарлады.

Тынбай жааган жамгырдан кийин дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды суу каптады Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тынбай жааган жамгырдан кийин дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды суу каптады

Тиба префектурасында шамалдын катуу эпкини менен аласалып кеткен унаадан бир кишинин сөөгү табылды.

Жер көчкү жана суу ташкыны болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам, 7 млн. чамалуу киши үйлөрүнөн убактылуу көчүрүлдү.

Дем алыш күндөрү шамалдын ылдамдыгы 225 км/с. чейин жетти.

Бийлик 1958-жылдан кийинки эң кыйраткыч мүнөздөгү тайфун болуп калышы мүмкүн деп чочулап жатат. Анда "Каногава" тайфуну 1200 кишинин өмүрүн алган.

Токио кырсыктын очогунда болгону менен башка суу каптаган шаар, кыштактарга салыштырмалуу катуу жабыр тарткан жок. Жапония борборунун суу ташкынына каршы уникалдуу системасы болгону үчүн көп жабыркаган эмес. Миллиарддаган каражат коротуп, татаал өтмөктөрдү, түтүктөрдү куруп чыгышкан. Башка шаарлардын мындай даярдыгы болбой калды.

Токионун чыгышы ушундай көрүнүштө Сүрөттүн автордук укугу EPA
Токионун чыгышы ушундай көрүнүштө Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Токионун чыгышы ушундай көрүнүштө
Мужчина укрепляет дверь в игорный салон в ожидании тайфуна "Хагибис" (Токио, 12 октября 2019 года) Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Поезд кыймылдары жана миңдеген авиакаттамдар токтотулду.

Эн-эйч-кей кабарлагандай, 270 миңдей үй электр жарыгы жок калды. Айрым учурларда техникалык кызматтар дароо электр жарыгын калыбына келтирүүдө.

СМИ сообщали, что "Хагибис" может оказаться для Японии самым разрушительным тайфуном с 1958 года Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ишемби күндөрү бир катар эл аралык спорттук мелдештер жылдырылды. Токио тургундарына мүмкүн болушунча үйдө олтургула деп, кеңеш берип жатышат.

*

Тектеш темалар