Фурадан сөөгү табылган 39 киши Кытай жарандары

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Эссекс аймагынан 39 кишинин сөөгү менен фура табылды

Жүк ташуучу унаада сөөгү табылган 39 кишинин баары Кытай жарандары болгон деп билдирди Би-Би-Си булактары.

Кечээ Англиянын чыгышындагы Эссекс аймагынан 39 кишинин сөөгү менен фура табылды. Жүк тарткан унаа Грейс шаарчасындагы өндүрүш зонасындагы унаа токтотуучу жайда турган.

Полиция бул жерге түнкү саат экилер чамасында келди. Жүк тарткан унаанын айдоочусу 25 жаштагы ирландиялык жаран шектүү катары камакка алынган.

Каза тапкандар тууралуу маалыматтар айтыла элек. Болгону алардын бирөөсү өспүрүм экени белгилүү болду. Жергиликтүү полиция департаментинин офицери Эндрю Маринер каза тапкандардын өздүгүн аныктоо иштери бир нече убакытка созулушу мүмкүн деп айтты.

Башында полиция фура Болгариядан Түндүк Ирландия аркылуу келген болушу мүмкүн деп болжоп жаткан. Бирок контейнер Белгиянын Зебрюггедеги портунан Пурфлитке (Темзадагы порт) жергиликтүү убакыт боюнча 00:30 чамасында келгени айтылып жатат. Полиция маалыматына караганда, порттон контейнер Түндүк Ирландиядан келген башка унаага жүктөлгөн. Мына ушул унаада кишилердин сөөгү табылды.

Эссекс графтыгынын полиция жетекчиси ырастагандай, түнкү саат 1:40 чамасында полицияга "Тез жардам" кызматынан билдирүү түшкөн. "Тез жардам" кызматына ким телефон чалганы белгисиз.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Британия аймагына мыйзамсыз өтүп келип ажал тапкан Кытай жарандары чейин дагы катталган эле.

2000-жылы июнда порт шаары Дуврда голландиялык номердеги контейнерден 58 кишинин сөөгү табылган. (AbA)

Тектеш темалар