Азербайжан: Бийликтеги "аталык", "Орусиянын адамы" отставкага кетти

Ильхам Алиев с Рамизом Мехтиевым Сүрөттүн автордук укугу president.az
Image caption 81 жаштагы Рамиз Мехтиевди Азербайжанда бийликтеги"аталык" катары сыпатташчу

Азербайжанда узак жылдардан бери президенттик администрацияны жетектеп келген Рамиз Мехтиев отставкага кетти.

Ушул эле күнү Президент Ильхам Алиев дагы эки жарлыкка кол коюп, ага Гейдар Алиев атындагы орден тапшырды жана Улуттук илимдер академиясына жетекчи кылып дайындады.

Мехтиев 1995-жылы азыркы президенттин атасы Гейдар Алиев мамлекет башчы болуп турган учурда кызматка келген.

Аталык

Азербайжанда Мехтиевди бийликтин башкы идеологу жана аталыгы деп аташчу. Совет мезгилинде 1981-жылы эле Азербайжан Компартиясынын БКсында бөлүм башчы болуп иштеген. СССР учурунда, кийин эгемендик жылдарда дагы парламентке депутат болду.

Сүрөттүн автордук укугу president.az

Эксперттердин пикиринде Мехтиев "бийликтеги аксакал" катары аймактардын башын кошуп, тажрыйбалуу саясатчыдан башкалар жазганып, урматтап дагы турушкан.

Саясат талдоочу Шахин Рзаевдин айтымында, таасирдүү чиновниктин кызматтан кетиши күн мурунтан пландалган болушу мүмкүн. Өткөн дем алышта Бакуда өткөн оппозиция митингинин күч менен таратылышы буга түрткү болуп берди.

"Майлуу" орун үчүн күрөшпү?

Бийликте башка дагы өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Ушул эле күнү экономика министри болуп 43 жаштагы Микаил Жаббаров дайындалды. Ал буга чейин салык тармагын жетектеп келген.

Эки күн мурун президент Алиев өкмөттөгү эки вице-премьерди кызматтан алган эле.

Саясат таануучу Хикмет Гажизаде министрлердин алмашуусу өлкөдөгү кырдаалга таасирин тийгизбейт деп эсептейт.

"Кеп бул жерде Азербайжандагы бизнес, саясат, башка тармактарда атаандаштык стситемасы орнойбу деген суроодо болуп жатат",-деди ал.

Анын пикиринде, өзгөрүүлөр башкача нукта жүрүшү мүмкүн. "Эски гвардия алектенген тоталдык системанын жактоочуларынын ордуна, эми экономикадагы майлуу-сүттүү орундарга жаңы кишилер келди. Мунай, алтын, курулуш бизнеси мурда эле монополисттерге өтүп кеткен. Азыр эми бийлик акча жасоонун мүнөзүн эски кадрлар аткарып келгендей эмес, жөнөкөй монополия аркылуу өзгөртүүгө аракет кылып жаткандай".

Гажизаде бийликтин ичиндеги реформаларга ишенбейт.

Орусиянын адамыбы?

Бир нече ай мурун Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Бакуга келип, өзүнүн кесиптеши менен эмес, дал ушул Мехтиев менен жолуккан.

Бул өз кезегинде Мехтиевдин артында Москва турат деген пикирлерди кайра козгоду.

"Рамиз Мехтиев көп жылдар аралыгында Азербайжан саясатында өзгөчө ролду ойноду",-дейт Инновация жана технология борборунун жетекчиси Мубариз Ахмедоглу.

Ахмедоглунун пикиринде, аны "Орусиянын адамы" катары көрсөтүү чекилик.

"Башка маселе, бул Азербайжан саясаты Орусия менен байланышта экендиги. Чөлкөмдөгү азыркы процесстер Орусия тарабынан таңууланып жатат. Рамиз Мехтиев кыйыр түрдө Орусия менен мамилени жөнгө салган киши болчу",-деди Мубариз Ахмедоглу. (AbA)

Тектеш темалар