Медреседе окуган кызга сексуалдык ыдык көрсөтүп, өлтүргөндөр жазаланды

Нусрат Джахан Рафи Сүрөттүн автордук укугу family handout
Image caption Нусратты өзү окуган мектептин чатырында керосин чачып, өрттөп жиберишкен

Бангладештин соту 19 жаштагы Нусрат Жахан Рафини өлтүргөн деп айыпталган 16 кишини өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарды. Нусрат медресе директору сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу полицияга даттангандан кийин, аны өлтүрүп кетишкен.

Соттолгондор арасында медресе директору, Нусраттын эки классташы, башкаруучу партиянын жергиликтүү бөлүмүнүн эки жетекчиси бар.

Апрель айында диний медресенин окуучусу Нусратты өзү окуган имараттын чатырында керосин чачып туруп, өрттөп жиберишкен. Ал мындан 11 күн мурун медресе директору сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу полицияга арыз жазган экен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бул окуя бүтүндөй өлкөнү нес кылып, акыйкат тергөөнү талап кылган демонстрациялар менен коштолгон

Үрөй учурган окуя баш калаадан 160 чакырым аралыктагы Фени шаарында болду. Бул бүтүндөй өлкөнү нес кылып, акыйкат тергөөнү талап кылган демонстрациялар менен коштолгон.

Адатта мындай соттук териштирүүлөр жылдап өтсө, бул жолу сот жараяны өтө тездик менен жүрдү.

Image caption Сот имараты полиция тарабынан курчалып турду

Соттолгондор арасында медресенин үч мугалими дагы бар. Полиция ырастагандай, директор Нусраттын арызынан кийин камакка алынып, камерада олтуруп алып, кыздын оозун жаап салуу тууралуу тапшырма берген. Бул ишке полиция кызматкерлери дагы аралашкан. Алар Нусрат киши колдуу болгон эмес, өзүнө кол салган деген жалган маалыматтарды таратууга көмөк көрсөтүшкөн. Бирок алар сот алдында турган жок.

Тергөө маалыматына караганда, кол салгандар Нусратты өлдү деп ойлошкон. Ошондуктан өзүнө-өзү кол салды деген бүтүм чыгарып коюшмак. Бирок ал тирүү калып, эптеп үйүнө жеткен.

Image caption Сот болуп жаткан маалда кыз-келиндер имараттын алдында митинг өткөрүштү

Агасынын телефонуна болгон окуяны айтып жаздырууга үлгүргөн. Кимдер аны чатырга чакырып чыкканын, директордун асылганын, бүт болгон окуяны айтып берген.

Нусраттын денесинин 80% күйүп калгандыктан жашап кете алган эмес. Ал төрт күн жатып, көз жумат.

Нусраттын үй-бүлөсү полициянын коргоосу алдында деп жазууда жергиликтүү басылмалар. Март айында кызы медресе директору тарабынан асылууга кабылганын айтканда, алар полицияга арыз жазганын колдошкон экен. Сотто алар жазаны тез арада ишке ашырып берүүнү суранышты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Бангладеште өлүм жазасы дарга асуу менен ишке ашат.

Бул мамлекетте кыз-келиндер окуусунда, жумушунда сексуалдык асылууга кабылган учурлар көп. Ал тургай диний окуу жайларда дагы кеңири жайылган көрүнүш деп айтышат.

ActionAid укук коргоо уюмунун маалыматында, Бангладеште тигүү тармагында иштеген 80% кыз-келиндер жумушунда сексуалдык зомбулукка кабылганын же күбө болгонун билдиришкен.

Бирок алар дартын сыртка чыгара алышпайт. Бул алар үчүн өтө кооптуу. Анткени аларды коомчулук кайра айыптап чыгат. (AbA)