Түркия колдогон күчтөрдүн жаңы чабуулу

камышлы, 24 октября Сүрөттүн автордук укугу AFP

Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундары жана Башар Асаддын армиясы ок атышпоо келишимин бузду деп, Түркия жана ал колдогон көтөрүлүшчүлөрдү айыптады.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" (SDF) кол башчысы Мазлум Абди бейшембиде чек арадагы Рас-аль-Айн шаарына жакын жерде Түркияга ыктаган күчтөр чабуул жасаганын айтууда. Ал Орусияны "түрктөрдү токтотууга" чакырды.

Күрд күчтөрүнүн расмий өкүлү Мустафа Бали "Твиттер" барагына билдирүү жазып, "Түрк армиясындагы жалданма аскерлерди" айыптады. Алар Ассадия, Мишрафа жана аль-Манаджир калктуу конуштарына чабуул койгонун жазууда. Бул калктуу конуштар Орусия менен Түркиянын макулдашуусундагы тилкеден сырткары.

Анын айтымында, чабуул учурунда оор курал-жарактар колдонулду.

"Сириянын демократиялык күчтөрү" (SDF) өзүнүн коргонуу укугунан пайдаланат, деди Мустафа Бали.

Сирия армиясы болсо Түркия колдогон көтөрүлүшчүлөр кол салганын айтууда. Армия жетекчилиги алар чабуул Хасака шаарынан алыс эмес жердеги Таль-Тамрге кол салганын айтууда. Жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Кечээ күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сирия-Түркия чек арасынан күрд кошуундары чыгарыла баштаганын кабарлады.

Сочи меморандуму

22-октябрда Түркия менен Орусия ортосундагы жетишилген келишимге ылайык, эки тараптын аскерлери чек арадагы 10 чакырымга созулган атайын аныкталган тилкени биргелешип кайтармак болгон.

Эки тараптуу макулдашууга ылайык Сириядагы күрд кошуундары 150 сааттын ичинде Сирия-Түркия чек арасынан 32 чакырым ары чыгып кетиши керек. Түркия өзүнүн операциясын токтотуп, чабуулга өтпөйт.

Түркия менен чек арадагы 15 бекетке Сириянын чек арачылары жайгашып, бирок көзөмөлдү орус аскерлери менен биргеликте жүргүзмөк болгон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сирия түндүгүндөгү акыркы кармаштар 100 миңдей кишини үйүн таштап чыгууга аргасыз кылды деди БУУ

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын чабуулу америкалыктарды "кыйын кырдаалга" кептегенин айтты.

Эспердин пикиринде, Түркия "Тынчтык булагы" операциясын эч кандай негизсиз баштады жана АКШнын НАТОдогу союздашы "туура эмес багытка бурулууда".

"Алар Батыштын орбитасынан алыстап, орусиялык орбитага жакындап баратканын көрүп турабыз",-деди Пентагон жетекчиси.

Сирия түндүгүндөгү акыркы кармаштар 100 миңдей кишини үйүн таштап чыгууга аргасыз кылды деди БУУ.

Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп Түркияга карата санкцияларды алды. "Эгерде бизге жакпаган эле аракеттер болуп кетпесе, санкция алынат",-деди Трамп. (AbA)

Тектеш темалар