Жапония: Белек катары коон берген министр кызматтан кетти

Исшу Сугавара Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Жапониянын жаңы эле кызматка киришкен соода министри Исшу Сугавара

Жапониянын жаңы эле кызматка киришкен соода министри шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Басылмалар Исшу Сугавара Токионун шайлоочуларына кымбат коон, апельсин, икра жана башка деңиз азыктарын белек катары бергенин жазып чыккан. Ошондой эле кызматка жаңы киришкен соода министри тарапкерлеринин бири үй-бүлө мүчөсүнөн айрылганда, 185 доллар берип көңүл айткан.

Жапониянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, саясатчылардын шайлоочуларга белек берүүсүнө тыюу салынат.

Жаңы соода министри тарапкерлеринин бирине көңүл айтып, акча сунуштаганын Shukan Bunshun басылмасы биринчилерден болуп жазган. Жапондор кыргыздардай эле жакынынан айрылгандарга көңүл айтып, акча берет.

Shukan Bunshun басылмасы башка белектер тууралуу дагы жазды. Алар негизинен жашылча-жемиш жана деңиз азыктары болгон. Айрым шайлоочулар белекке ыраазычылык билдирип, Исшу Сугаварага кат дагы жолдошкон.

Сүрөттүн автордук укугу Robert Alexander

Министр башында адвокаттары менен сүйлөшүп, мыйзам чынында бузулганын аныктап жатканын айткан эле. Бирок көп өтпөй, кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин жарыялады.

"Парламенттик угууларга тоскоолдук жараткым келбейт",-деди Сугавара.

Өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ болсо, "министрди кызматка дайындаганым үчүн жоопкерчиликти алам. Жапон элинен кечирим сурайм" деп билдирүү жасады.

Тектеш темалар