Дүйнө каршылыктардын кучагында: коррупция, теңсиздик, эркиндик

A composite picture shows protesters in Chile, Hong Kong and Lebanon Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty/Reuters

Октябрда жүз миңдеген кишилер Ирак, Испания, Ливан, Чили жана Эквадор көчөлөрүндө нааразылык жүрүштөрүн өткөрдү. Гонконгдо жаздан бери массалык жүрүштөр токтобой жатат. Жайында митингдер Чехия, Алжир жана Суданда болгон.

Көптөгөн өлкөлөрдөгү каршылыктардын табияты окшош: башкаруучу элитадан көңүл калуу, бийликти коррупция боюнча айыптоолор.

Бир катар өлкөлөрдө митингчилер баалардын кымбатташын токтотуу жана жаңы салыктын түрлөрүнө каршы көчөгө чыгышкан.

Өткөн аптада Ливан соңку 15 жыл ичинде боло элек массалык жүрүштүн кучагында калды. Мунун баары өкмөт WhatsApp жана мессенджердеги чалууларга кошумча салык киргизем дегенден чыкты. Өкмөт бул сунушунан баш тартканы менен каршылык жүрүштөрү токтогон жок.

Митингчилер өкмөт жөнөкөй эле шарттарды дагы түзүп бере албай, чабал иштеп жатат деп айыптоодо. Электр энергиясы жана таза суу үзгүлтүк менен берилип, өлкөнүн сырткы карызы ИДӨнун болжолу 150 пайызын түзөт. Нааразылык билдиргендер, ошол эле маалда өлкөнүн премьер-министри Саад Харири түштүкафрикалык моделге 16 миллион доллар белек кылган деп айыпташууда.

Дүйшөмбүдө өкмөт реформа жүргүзүү боюнча программа кабыл алды. Ага ылайык, аткаминерлердин айлыктары дагы кыскартылат, бирок бул деле митингчилерди тарата албады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Эквадордо митинг өкмөт күйүүчү майга болгон субсидияны алып салгандан кийин дүрт этти. Бул өз кезегинде баалардын өсүшүнө алып келген. Демонстранттар жолдорду бөгөп, парламент имаратына чабуул коюшту. Полиция менен кагылышуулар орун алды.

Жыйынтыгында өкмөт талаштуу чечимин артка чакырууга аргасыз болгон.

Дагы бир Латын Америка өлкөсүндө өкмөттүн чегинүүсү кырдаалды жайгара алган жок. Чилиде өкмөт коомдук унаага жана метрого жол акысын көтөргөндөн кийин, Сантьягонун көчөлөрүнө миңдеген кишилер чыкты. Эквадордогудай эле Чили өкмөтү чечимин өзгөрткөнү менен митингчилерди жайгара албай койду.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ирактагы массалык толкундоолор 157 кишин өлүмүнө алып келди

Ирактагы массалык толкундоолор 157 кишин өлүмүнө алып келди. Демонстрация күтүүсүз жерден башталып, көбүнчө жаштар катышты. Демонстрациялар бир жыл мурун бийликке келген премьер-министр Адил Абдул-Махдинин өкмөтүнө каршы чакырык болду. Коррупция, жумушсуздук жана мамлекеттик кызматтардын начар иштеши ирактык жаштардын нааразылыгынын негизги себеби болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гонконгдогу жүрүштөр жаздан бери токтобой жатат

Сентябрда Египетте аскер төңкөрүшүнүн арты менен бийликке келген президент Абдел Фаттах ас-Сисини коррупцияга айыптаган наарзылыктар болду.

Гонконгдогу демонстрациялар жаздан бери токтобой жатат. Демократияны коргоо үчүн каршылык акциялары Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү материктеги Кытайга экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршылыктан башталган. Андан кийин демонстранттардын талаптары дагы көбөйүп кетти.

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алышкан. Учурда экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү кеңири кыймылга айланды. Нааразылык акцияга чыккандар мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салууну, полициянын ашыкча күч колдонгону боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү жана демократия багытындагы реформаларды талап кылышууда.

Гонконгдогу тактика Барселонада жүз миңдеген кишилерге шык бергендей. Испаниянын Жогорку Соту каталондук лидерлерди тогуз жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыраткан чечим кабыл алгандан кийин нааразылык акциялары өттү. Каталониянын көз карандысыздыгын жактагандардын каршылык акциясы башаламандыктар менен коштолуп, полиция менен кагылышуулар орун алды.

Гонконгдогудай эле Барселонада дагы митингчилер аэропортту курчап алышкан.

Глобалдык жылуулук

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Extinction Rebellion (Тукум курут болууга каршы көтөрүлүш) кыймылынын каршылык акциясы

Extinction Rebellion (Тукум курут болууга каршы көтөрүлүш) кыймылынын каршылык акциясы климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшкө багытталган. Алардын акциялары дүйнөнүн 60 шаарында өттү. Австралия жана Жаңы Зеландиянын полициясы ондогон активисттерди кармады. Сиднейде 30 демонстрантка унаа жолун бөгөп алганы үчүн айып тагылды.

Лондондун чок ортосундагы экоактивисттердин баррикадалары полиция менен шаардыктарга ыңгайсыздык жараткан.

Extinction Rebellion бул жолку акциялар апрелде өткөн жүрүштөргө караганда беш эсе масштабдуу болгонун билдирди. Жаздагы акциялар учурунда полиция 1100 кишини кармаган.

Кыймыл 2018-жылы негизделген. Алар климат, экологиянын абалы боюнча өкмөттөр өзгөчө кырдаал абалын жарыялап, глобалдык жылуулануу үчүн күрөштө чечкиндүү чараларга баруусун талап кылууда.

Айрым эксперттер "дүйнө 1968-жылды жаңыдан кайра жашап жатат" деп баа берүүдө. 1968-жылы дагы түрдүү өлкөлөр каршылык жүрүштөрүнүн кучагында калган эле.(AbA)