Мыйзамсыз миграция: "Айдоочу фуранын муздаткычын иштетсе, күнүбүз бүтмөк"

Гулвали Пасарлай Сүрөттүн автордук укугу Gulwali Passarlay
Image caption Гулвали Пасарлай мекени Ооганстанды таштап чыгып, Британияга өтө кооптуу сапарга чыкканда 12 гана жашта эле

Англиянын Эссекс графтыгында оор жүк тарткан унаадан табылган 39 кытай мигрантынын сөөгү мыйзамсыз миграцияга байланышкан талкууну кайрадан козгоду.

Буга көйгөйдү башынан өткөргөн мигранттын өзүнүн пикири кандай?

Би-Би-Синин Newsday программасында мурдакы качкындардын бири мененен кеңири маек болду. Ал дагы 2006-жылы өспүрүм кезинде фура менен Улуу Британияга келген.

Гулвали Пасарлай азыркы мезгилде Британияга келген качкындардын жана мигранттардын коомго жуурулушуп кетишине көмөк көрсөткөн активдүү коомдук ишмер. Ал Манчестер университетининин саясат таануу адистигин бүтүргөн. 2018-жылы My Bright Kite фондун негиздегендердин бири. Бул фонд мигранттар арасындагы жаштардын британ коомуна ыңгайлашып кетүүсүнө жардам көрсөтөт.

Бирок анын Улуу Британияга болгон сапары кайгылуу бүтүп калышы мүмкүн эле. Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Гулвали Пасарлай өзүнүн опурталдуу сапары тууралуу кеңири кеп салды.

Гулвалинин баяны

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ажал менен арбашкандар: ирандык мигранттар Европа жолунда

Өз мекеним Ооганстанды 12 жашымда таштап кеттим. Биз он өлкөнүн чек ара сызыгын кесип өтүп, 18 миң чакырым жол басканбыз. Буга бир жыл убактыбыз кетти. Жер Ортолук деңизди кесип өткөн учурубуз өтө коркунучтуу болгон. Ошол эсимде бекем сакталып калыптыр.

Франциядан оор жүк тарткан унаа менен жол уладык. Британияга контейнерде келип, Эссекске жеткенбиз. Эгерде биздин айдоочу жолдун акыркы тилкесинде муздаткычты иштетип салса, тирүү калмак эмеспиз. Жүк тарткан унаанын ичинде айдоочунун көңүлүн буруш кыйын. Анткени ал унаасында адам бар экенин билбейт. Аба жетпей тумчугуп калуу коркунучу бар.

Эссекстеги үрөй учурган окуя менин өспүрүм кезимдеги басып өткөн жолумду эстөөгө аргасыз кылды. Биз олтурган контейнердин ичи жылуу эле. Ящиктерге салынган банандарга аралашып келе жаттык. Ошондуктан айдоочу муздаткычын иштетпесе экен деген кооптонуу болгон. Жүк тарткан унаада он сааттай жол жүргөнбүз.

Франция жана британ полициясы фураны текшеришти. Бирок бизди байкаган жок. Ошентип бизге оңдой берди болуп, Ла-Маншты кесип өттүк.

Качан гана айдоочу унаасынын жүк салган эшигин ачып, бизди көргөндө үрөйү учту. Дароо полицияга чалды. Полиция айдоочунун дагы катыштыгы болушу мүмкүн деп шекшинген. Кийин сураккка алып жатканда, эгерде айдоочу биздин унаада экенибизди билген болсо, машинеден дароо түшүрүп салмактыгын айттым. (AbA)