Пентагон аль-Багдадини жок кылуу операциясы тууралуу кеңири маалымат таратты

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"ИМ" экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясы

АКШнын Коргоо министрлиги "ИМ" экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясындагы видеону жарыялады.

Ошондой эле журналисттерге Идлиб провинциясындагы рейд тууралуу дагы маалымат берилди. Куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгынын башчысы (CENTCOM) Кеннет Маккензи операция учурунда алты жоочу, анын ичинде төрт аял өлтүрүлгөнүн айтты.

"Биз жайкын тургундар арасындагы курмандыктарга жол бербөө үчүн болгон чараларды көрдүк. Объектиде балдар дагы бар болгону тууралуу маалымат бар эле. Ошондуктан аларды коргоо чаралары дагы каралды. Ал жерде атайын багыттагы аскерлерге кооптуулук жараткан "ИМ" тобунун беш жоочусу болгон. Куралыңарды таштагыла деген араб тилинде айтылган буйрукка баш ийишкен жок. Алардын баары өлтүрүлдү. Төртөө аял, бирөө эркек киши экен",-деди Маккензи.

Анын айтымында, "ИМ" лидери Абу Бакр аль-Багдади өзү менен чогуу эки баласын кошо жардырып жиберген. Буга чейин үч баласы деп айтылып жаткан. Генерал алардын курагы 12 жаш чамасында болгон деп болжоду.

Аль-Багдади жер алдындагы өтмөккө жашырынып калууга аракет кылган. Башында ок чыгарып коргонуп, бирок өзүн жардырып жиберген. Генетикалык анализдер өлгөн киши аль-Багдади өзү экенин тастыктады, деди Маккензи.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Ислам мамлекети" тобунун лидери акыркы убакта Сирия менен Ирактын чек арасына жакын аймакта жашырынып жүргөнү жөнүндө маалымат айтылып жаткан эле.

АКШ, Орусия, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө расмий түрдө тыюу салынган «ИМ» жихадчылар тобунун лидери, убагында Жакынкы Чыгышта халифат түзгөн Абу Бакр аль-Багдади америкалык атайын операциянын натыйжасында өлтүрүлгөнүн АКШ президенти Трамп атайын телекайрылуу менен чыгып жарыялаган.

Трамптын айтымында, Абу Бакр аль-Багдади үч жылдан бери америкалык аскерлердин эң биринчи бутасы болгон. Америкалык аскерлердин аба соккулары Сириянын түндүк-чыгышында Түркия менен чек арадан 5 км аралыкта жүрдү. Мурда сириялык күрддөр көзөмөлдөп келген бул аймак түрк аскерлери киргенден кийин россиялык аскер полициясынын көзөмөлүнө өттү.

Аль-Багдадинин өлтүрүлгөнү жөнүндө маалыматты Сириядагы, Ирактагы жана Ирандагы булактар дагы тастыктап жатышат. Ошол эле учурда Россиянын Коргоо министрлиги америкалык операциянын ийгиликтүү болгонунан күмөн саноодо.

"Кудум кинодогудай болду"

Дональд Трамп операцияны төкпөй-чачпай, көркөмдөп айтып берди: АКШнын атайын аскер бөлүктөрү Бариша кыштагындагы аль-Багдадинин так үйүнүн жанына барып түшүп, капыстан кирип барышкан. Ал-Багдадинин каякта экени анык болгондон кийин ал үйдөгү он бир баланы дароо чыгарып кетишкен. Багдади жер алдындагы жол менен качууга аракет кылды, бирок ою ишке ашпады.

"Биз көп сандаган туннелдер бар экенин билет элек, бирөөнөн башкасынын баары бөгөлгөн эле. Натыйжада ал өзүн үч баласы менен кошо жардырып жиберди",-деди Трамп. Жихадчынын денеси жардыруудан кийин таанылгыс болуп бырчаланып кеткен, бирок анын ким экени экспертиза менен аныкталды.

Сүрөттүн автордук укугу WHITE HOUSE
Image caption Дональд Трамп атайын аскер бөлүктөрүнүн операциясына видео байланыш менен байкоо салууда. "Бул кудум эле киндогудай болду" деп айтат ал бир нече сааттан кийин.

"Мен операцияга штабдан байкоо салып жаттым. Бул кудум эле киндогудай болду",-деди Трамп. Анын айтымында, америкалык аскер тараптан жоготуулар болгон жок. Бирок аль-Багдадинин үйүнө чабуул болгон учурда анын көп сандаган шериктери өлтүрүлдү.

Трамп түз ободо берилген өзүнүн атайын билдирүүсүндө "Ислам мамлекетинин" кандуу кылмыштарын атап, жихадчылар барымтага алып, кыйнап өлтүргөн америкалык, британиялык жана йорданиялык жарандар жөнүндө айтып өттү.

"Аль-Багдади ит өлүмү менен өлдү, - деди америкалык лидер. - Дүйнө эми бир кыйла коопсуз болуп калды".

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиде Трамптын сөзүнө комментарий берип, ишембиде Идлиб районунда америкалык аскер күчтөрү жасаган аба соккулары жөнүндө кабары жоктугун билдирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу US Department of Defense

«Көзгө көрүнбөгөн шейх»

Аль-Багдадинин жашоосу тууралуу белгилүү маалыматтар көп деле эмес. Ибрагим Аввад Ибрагим аль-Бадри (кийин Бакр аль-Багдади деген ысым менен таанылган) 1971-жылы Ирактын Самарра шаарында, орто чарбачыл бүлөөдө туулган. Ал бала кезинен тарта диний окуу менен алектенген.

1996-жылы аль-Багдади Ирактагы Багдад университетинин ислам таануу курсун бүтүргөн. 1999-жылы Ирактагы Ислам университети аль-Бадриге магистр даражасын ыйгарат. 2007-жылы ушул эле окуу жайдан дин жана философия боюнча докторлук дисертациясын жактаган.

2004-жылга чейин эки аялы жана алты баласы менен Багдаддагы жакыр райондордун бири Тобчиде жашаган. Ал жердеги жергиликтүү мечитте балдарга курандан сабак берген. Жергиликтүү футбол клубдун «жылдызы» катары да белгилүү болгон.

Аспирантурада окуп жүргөн учурунда эле Абу Бакр аль-Багдади өзүнүн тууганынын таасири менен радикалдуу «Мусулман агайындар» кыймылынын мүчөсү болгон.

2000-жылы алардын таасири менен жихадды колдой баштайт. 2003-жылы Ираккка америкалык күчтөр киргенде аль-Багдади сунниттик көтөрүлүшчүл кыймылды түзүүгө аралашкан. 2004-жылы февралда АКШ аскер күчтөрү тарабынан Фаллуджда камакка алынган. он ай Баккадагы америкалык лагерде камакта жаткан. Кийин башка лагерге которулуп, андан соң эркиндикке чыгарылган.

Ошол учурдан тартып Абу Бакр аль-Багдади ар дайым америкалык атайын кызматтын отчетторунда эң көп издөөгө алынган согушкер катары ысымы атала баштады. Бирок анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо такыр мүмкүн болгон эмес.

Анын турган орду боюнча тарапташтарынын өтө тар чөйрөсү гана билген. Белгилүү болгондой талаа командирлеринин алдына ар дайым беткапчан чыгып сүйлөгөн. Ошонусу менен «көзгө көрүнбөгөн шейх» деген каймана атка ээ болгон.

Аль-Багдади радикалдуу исламчылардын иерархиясында улам жогору көтөрүлүп баштаган. 2010-жылы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун алгачкы негиздөөчүлөрү Абу Айюб аль-Масри жана Абу Омар аль-Багдади каза тапкандан кийин өзүн халифат жарыялаган экстремисттик топтун башына келет.

Акыркы жылдарда анын жарадар болгону жана өлтүрүлгөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок 2015-жылы гана анын жарадар болгону тастыкталган. (КС/AbA)

Тектеш темалар