Эво Моралес Мексикадан баш калка тапты

Моралес Боливияны дээрлик он төрт жыл башкарды Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Моралес Боливияны дээрлик он төрт жыл башкарды

Боливиянын кызматтан кеткен президенти Эво Моралес аскердик учак менен Мехикого учуп кетти. Жекшембиде Моралес өзүнүн отставкасын жарыялагандан кийин Мексиканын бийликтери ага саясий баш калка берүүнү чечти.

Эво Моралес президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деген нааразылыктын күчөшүнөн улам кызматынан кеткенин жарыялаган. Моралес болуп жаткан окуяны "жарандык мамлекеттик төңкөрүш" деп атап, бирок өлкөнүн туруктуулугу үчүн кетип жатканын билдирген.

20-октябрда болгон президенттик шайлоодон бери нааразылык күчөп, массалык каршылык акциялары басылбай жатты.

Шайлоодо Моралес 47,1% добушка ээ болду, ал эми анын башкы атаандашы, мурунку президент Карлос Меса - 36,51% алды.

Моралес биринчи эле айлампада жеңип чыгып, төртүнчү президенттик мөөнөткө мандат алганын жарыя кылган.

Бирок бул ага төртүнчү жолу президент болууга тыюу салган 2016-жылдагы референдумдун чечимдерине карама-каршы келет.

Жекшембиде эл аралык байкоочулар шайлоодо болгон мыйзам бузуулар жөнүндө билдиришти. Америкалык мамлекеттердин уюмунун өкүлдөрү аудит жүргүзгөн эле, алар жасалма коюлган колдорду жана массалык манипуляция фактыларын тапканын айтып жатышат.

Ошондон кийин бийликтин таасирлүү союздаштары кызматынан кетти, анын ичинде тоо өнөр жай министри жана парламенттин төмөнкү палатасынын лидери бар. Ал эми Башкы прокуратура Жогорку шайлоо трибуналынын иш-аракеттерин иликтеп баштаганын билдирди.

Президент шайлоону кайта өткөрүүгө жана шайлоо органынын курамын алмаштырууга макул болуп жаткан, бирок бир нече сааттан соң телекайрылуу менен чыгып сүйлөп, өзүнүн отставкасын жарыялады.

Моралес Боливияны дээрлик он төрт жыл башкарды жана республиканын башында турган тарыхтагы биринчи этникалык индей болуп калды. (КС)

Тектеш темалар