Эссекстеги трагедия: "Демим кыстыгып, өлүп баратам..."

Фам Тхи Ча Ми и Нгуен Динь Льёнг
Image caption Фам Тхи Ча Ми жана Нгуен Динь Льёнг каза тапкандар арасында болушу мүмкүн

Британияда Эссекс графтыгында оор жүк тарткан унаада табылган 39 кишинин сөөгү боюнча иликтөө жүрүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, каза тапкандар арасында Вьетнам жарандары дагы болушу мүмкүн. Анткени, Вьетнам жарандары жакындары дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылып жатышат.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, Вьетнам полициясы сөөктөрдүн кимге таандык экенин аныктоо үчүн жакындарынан ДНК анализдерин алууга киришти.

Иликтөөнүн жүрүшүндө үч киши кармалып, күрөөгө бошотулду. Алардын арасында Станстед аэропортунда кармалган Түндүк Ирландия жараны бар. Ошондой эле Англиянын Уоррингтон шаарынан жүк тарткан унаанын кожоюну болгон жубайларды кармашты.

Аларды атайын ниет менен жасалбаган адам өлтүрүү жана кишилерди аткезчилик менен ташуу беренеси менен дагы айыптап жатышат. 25 жаштагы айдоочу Мо Робинсонго дагы атайын ниет менен жасалбаган адам өлтүрүү, аткезчилик, акчаны адалдоо сыяктуу айыптоолор тагылды. Аны дүйшөмбү күнү Челмсфорд шаарындагы сотко алып келишет.

Британ полицясы өткөн аптанын шаршембисинде түн ортосунда оор жүк тарткан унаадан 39 кишинин сөөгүн тапкан. Алардын сегизи аял экени белгилүү болду.

Полициянын айтымында, бул унаа аткезчилик жол менен жүзгө чейинки кишини чек арадан мыйзамсыз алып өткөн үч фуранын бирөөсү болушу мүмкүн.

Учурда фурадан табылган сөөктөрдү аныктоо иштери жүрүүдө. Судмедэксперттер алардын жанында бир дагы документ болбогонун билдирди. Ошондуктан экспертиза бармак издери, татуировка, тырык жана башка өзгөчөлүктөрүн карап жатат.

Би-Би-Сиге белгилүү болгондой каза тапкандар арасында Вьетнам жарандары болушу мүмкүн. Алардын жакындары журналисттер менен өздөрү байланышка чыгып, жүк тарткан унаада туруп алып жазган билдирүүлөрүн көрсөтүшкөн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 19 жаштагы Буй Тхи Ньгун Нгеан провинциясында жашаган

"Апа, ата! Менин башка өлкөгө сапарым ийгиликсиз бүттү, өкүнүчтүү. Менин демим кыстыгып, өлүп баратам. Мен силерди абдан жакшы көрөм",-деп жазган 26 жаштагы Фам Тхи Ча Ми.

Кыздын агасы Би-Би-Сиге маегинде карындашы Британияга барыш үчүн 30 миң фунт төлөп бергенин айткан.

Дагы бир вьетнамдык 19 жаштагы Буй Тхи Ньгундун жакындары дагы кызы 39 кишинин арасында болуп калышы мүмкүн деген чочулоосун билдирген.

Вьетнамдык басылмалар болжолу 20 жергиликтүү тургун жакындары дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылганы тууралуу жазып чыкты.

Британияда жашаган вьетнамдыктардын VietHome сайты жыйырмадай кишинин сүрөтүн британ полициясына өткөрүп бергенин кабарлады.

Лондондогу Вьетнам элчилиги британ бийлиги менен байланышта болуп, кырдаалдын өнүгүшүнө байкоо салып турганын айтты. (AbA)