Вьетнамдан Британияга: чоң акчага бааланган мыйзамсыз миграция

Фам Тхи Ча Ми жана Нгуен Динь Льёнг дагы Эссекстеги фурадан сөөгү табылгандар арасында болушу мүмкүн Сүрөттүн автордук укугу Empics
Image caption Фам Тхи Ча Ми жана Нгуен Динь Льёнг дагы Эссекстеги фурадан сөөгү табылгандар арасында болушу мүмкүн

Англиянын Эссекс аймагында жүк ташуучу унаадан табылган сөөктөр Вьетнам жарандарына таандык болушу мүмкүн. Буга чейин алар Кытай жарандары деген божомолдор айтылган эле.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, Вьетнамдан Британияга эмгек миграциясына келүүгө умтулгандар көп. Бирок эмнеге алар кооптуу жолду тандап алууда?

Вьетнамдагы миграциянын себеби

"Вьетнам экономикасы өнүгүп жаткан өлкө. Бирок бул жерде баары эле иштеп, акча таба албайт. Эмгек күчү көп болгондуктан, жумушсуздук көрсөткүчү дагы жогору",-дейт Би-Би-Синин Вьетнам кызматынын жетекчиси Хазянг Нгуен.

БУУнун маалыматы боюнча, Вьетнамда кишилердин жашоосу сезилерлик жакшырды. Бирок олуттуу көйгөй бар - байлар менен жакырлар ортосундагы ажырым барган сайын күчөп жатат.

"Вьетнамдан Европага, тагыраагы Британияга келип жаткан мигранттардын көбү өлкөнүн айрым гана аймактарынан",-дейт эсперт Мими Ву.

"Бул чөлкөмдөрдө жыйырма жылдан бери чет жактарга барып иштөө өзүнчө салтка айланып калды. Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы сыртка чыгып кетишип, ал жактан иштеп, үй-бүлөсүнө акча которот",-деди Мими Ву.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Акыркы жылдары Нгеан провинциясынын тургундары арасында миграциянын көрсөткүчү жогору болуп жатат

Соңку он жылда Британияга агылган мигранттардын көбү Вьетнам түндүгүндөгү Хайфон жана түндүк-чыгыштагы Куангнинь провинциясынан келишкен. Бирок азыр эми борбордук үч провинциядан - Нгеан, Куангбинь жана Хатингден келгендер кескин көбөйдү. Бул чөлкөмдөр дагы салыштырмалуу жакыр эсептелет.

Эксперттердин баасында, жыл сайын Вьетнамдан 18 миң чамалуу киши Европага мыйзамсыз жол менен өтүп келет. Миң чамалуусу АКШга ушундай эле жол менен барат.

Эмне үчүн Британия?

"Вьетнамдык мигранттар үчүн Европадагы эң популярдуу багыттардын бири - Британия",-дейт Оксфорд университетинин саясий социология боюнча окутуучусу Брукс Тамзин Барбер.

Себеби алар бул өлкөдө жумушка орношуп, жетишерлик каражат таба аларын түшүнөт. Ошондой эле Британияда мекендештерине жумуш таап, жашай турган батир караштырып бере турган чоң вьетнам коому бар.

Вьетнамдан келген жаңы мигранттарды вьетнамдык ресторандар, ошондой эле сулуулук салондору күтүп алат. Аларды марихуана соодасы менен мыйзамсыз иштегендер дагы өзүнө тартышат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Вьетнамдан келген мыйзамсыз мигранттардын көбү Битанияда маникюр салондорунда иштейт

Мигранттардын көпчүлүгү кара жумуш менен жан багат. Айталы, балыкчылык, айыл чарбасы жана убактылуу сезондук иштер. Аз болсо дагы өзүнүн жеке ишкердигин ачкандары бар. Жумуш таба албагандар дагы жок эмес.

Барбердин айтымында, кесипкөй адис болбосо Вьетнамдан Британияга мыйзамдуу жол менен келүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан мигранттардын кооптуу жол менен келүүсүнөн башка аргасы болбойт деп белгилейт эксперт.

Британияга жетүү канча турат?

Мими Вунун эсебинде, Европага жетүүнү каалагандар кооптуу жол үчүн чоң эле акча төлөшөт. Бирок бирдиктүү сумма жок. Колу жукалар 10-15 миң доллар төлөйт. Алардын Европага жолу өтө катаал жана кооптуу. Айрым тилкелерди жөө басууга туура келет. Кээде түн ичинде токойлорду аралап өтүшөт.

Жолго 40-50 миң доллар төлөгөндөргө аткезчилер учак аркылуу барууга билет алып беришет. Эми мынча каражатты табууга жөнөкөй вьетнамдык тургун кеминде 30 жыл иштөөгө туура келет.

"Бул астрономиялык суммага айрымдар макул болушат. Алар эптеп Европага жетсе, балдарынын келечеги жакшы болот деп ойлошот",-дейт Мими Ву.

БУУнун маалыматы боюнча, Европага мыйзамсыз киши ташыган аткезчилер Вьетнамдан келген мигранттардан эле жылына болжолу 300 млн доллар иштеп табат.

Вьетнамдыктар жолго кеткен каражатын тааныштарынан, жакын туугандарынан карызга алышат. Айрымдар болсо пайыздык төлөмү өтө жогору экенине карабай банктан насыя алууга мажбур болот.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Британияга кантип жетишет?

Европага Вьетнамдан мыйзамсыз киши ташыган аткезчилер негизинен эки жолду сунуштайт. Булар "премиум" жана "эконом" багыттар боюнча жолдор, деп айтылат Улуу Британиянын кулчулукка каршы күрөшүү боюнча көз карандысыз комиссарынын баяндамасында.

"Премиум" варианты менен кеткен жол коопсуз жана убакыт дагы аз сарпталат. Бул негизинен учак аркылуу келгендер. Мунун бир мисалын алсак, шенген бизнес-визасын ачып, Парижге чейин билет алынган. Францияда аларга убактылуу батир таап беришкен.

Ал эми "эконом" вариантты тандагандар жол аркылуу айлап жүрүүгө мажбур.

"Бирок кандай жол менен келгениңизге карабай, жолдун акыркы тилкесинде жүк тарткан унаа аркылуу чек араны кесип өтүүгө туура келет",-дейт Мими Ву.

Кытай, Орусия, Польша, Германия жана Франция - Британияны көздөй жөнөгөн вьетнамдык мигранттар үчүн транзиттик өлкөлөр.

Жолдун акыркы тилкеси - Франциядан Британияга өткөн жол. Ушул жерде мигранттар портто токтоп турган жүк тарткан унааларга жашыруун салып койгон аткезчилерге акча төлөшөт.

Кээ бир учурда мигранттар кулчулукка кабылып, жолдо кыз-келиндер сексуалдык ыдык көргөн фактылар бар.(AbA)