Хакердик чабуул: Кыргызстанда "Клоопко", Грузияда телеканал сайттарына

клооп

Kloop.kg сайты хакердик чабуулга кабылганын айтып чыкты. Сайттын редактору Эльвира Султанмурат кызы Би-Би-Сиге ырастагандай, чабуул үч саат бою жүргөнү белгилүү болду. Бирок кайсыл өлкөнүн аймагынан жасалганын тастыктоо мүмкүн болгон эмес.

Эльвира Султанмурат кызы: Биздин хостингди тейлеген "Кьюрен" компаниясынан маалымат келди, Гринвич убактысы боюнча үчтө башталган экен. Чабуул башталгандан кийин, он эки минутадан кийин билиниптир, үч саат бою чабуул уланган. Бирок азыркы учурда дагы чабуул бар десек болот. Анткени, сайтыбыз жакшы иштебей, жакшы жүктөлбөй, материалдарды кыйынчылык менен жүктөп жатабыз.

Би-Би-Си: Хаккердик чабуулга эмне себеп болушу мүмкүн?

Эльвира Султанмурат кызы: Негизи азыркы учурда биздин адисттер порталды калыбына келтириш үчүн аракет кылып жатышат. Негизи кандай түрдө чабуул коюлганы, кимдер тарабынан ал азырынча такталууда. Бирок эсиӊиздерге салып өтсөк, биз бир жума мурун иликтөө чыгарганбыз. Ата-Түрк паркындагы жерлердин бекер берилип кеткени тууралуу. Негизи ошол иликтөө менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Бизди сайтты тейлеген "Кьюрен" компаниясы - эл аралык компания. Булар бизди жакшы эле коргошот да. Менин кесиптештерим айтып жатат, чабуулдан коргонуу негизи эле мүмкүн эмес деп. Анткени чабуул койдурган кишилердин акчасы көп болсо, ошончолук чабуул коё беришет экен.

Би-Би-Си: IP адрес деген бар эмеспи. Сиздердин адистер чабуул кайсыл өлкөнүн аймагынан жасалганы тууралуу маалымат таба алыштыбы?

Эльвира Султанмурат кызы: Биздин алгачкы маалыматтарга караганда, биринчи Орусиядан IP адрестен чабуул болуптур, андан кийин башка өлкөрдөн. Азыркы учурда, WPNди билесиздер да, WPN менен IP адрести өзгөртүп койсо болот. Акыркы, реалдуу чабуул кайсыл өлкөдөн болгонун билүү мүмкүн эмес деп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Kloop.kg сайты Кыргызстандагы популярдуу интернет басылмалардын бири. Өткөн аптада эле анын борбор калаадагы Ататүрк паркындагы турак-үйлөр үчүн берилип кеткен жерлер боюнча иликтөөсү коомчулукта кызуу талкууга түшкөн эле.

"Мен кайтып келем": Грузияда телеканалдар жана мекемелер хакердик чабуулга кабылды

Грузиядагы мамлекеттик мекемелер жана телеканалдар масштабдуу хакердик чабуулга алынды. Чабуул эки миңдей ресурска жасалган. Алардын арасында жеке компаниялар бейөкмөт уюмдардын сайттары бар.

Сүрөттүн автордук укугу Pyotr Sivkov/TASS

Cайттардын башкы бетине Грузиянын мурдакы президенти Михаил Саакашвилинин сүрөтүн коюп, "Мен кайтып келем" деп жазып коюшкан.

Киберчабуул сот тармагына байланышы бар сайттарга дагы жасалды. "Имеди" жана "Маэстро" телеканалдары хакерлердин чабуулунан улам эфирдеги программасын токтотууга аргасыз болушту.

"Байланыш түйүнүн керектен чыгарып коюшту. Сигнал жок эфирге чыга албай калдык. Монтаж жасаган компьютерлер дагы иштебей калды",-деп жазды "Фейсбук" баракчасына "Имеди" каналынын жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчиси Ираклий Чихладзе.

Чабуул кайдан жасалганы боюнча маалыматтар жок. Грузиянын Ички иштер министрлиги иликтөө баштады.

"Мынчалык масштабдуу чабуулду мурда-кийин көргөн эмес элек,-деди Би-Би-Си киберкоопсуздук боюнча эксперт, профессор Алан Вудворд.- Анын масштабын жана максат, мүдөөсүн карап туруп, бул чабуулду кайсыл бир өлкө каржылашы мүмкүн деп тыянак чыгарса болот".

Түштүк Кавказдагы Би-Би-Си кабарчысы Райхан Демитрие кабарлагандай, коомдук сайттарга болгон хакердик чабуулдун артында Орусия турушу мүмкүн деген талкуулар жүрүүдө.

Эксперттердин айтымында, грузиялык мамлекеттик мекемелердин сайттары "жакшы корголгон эмес".

Михаил Саакашвили 2004-жылдан 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болуп турган.

2015-жылы грузин жарандыгынан баш тартып, Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп иштеди.

2017-жылы Саакашвили украин паспортунан ажыратылып, Украинадан чыгарылган. 2019-жылы Владимир Зеленский президент болуп келгенден кийин ал украин жарандыгын кайра калыбына келтирди.

Грузияда Саакашвилиге бир нече кылмыш иши козголгон. Муну ал сайсий негизде деп четке кагып келүүдө. (AbA)