АКШ армян геноцидин тааныды. Бул геосаясатпы?

Стамбулдагы акция Сүрөттүн автордук укугу BULENT KILIC/AFP
Image caption Конгресстеги добуш берүүдө чаташкан геосаясий кызыкчылыктар турат

АКШнын Өкүлдөр палатасы 1915-жылдагы армян окуясын геноцид деп тааныган формалдуу резолюция кабыл алды. Түркиянын Вашингтондогу элчиси бул резолюция эки өлкө ортосундагы саясий атмосфераны ууландырат деп эскертти.

Конгресстин күтүүсүз жүрүшүнүн артында эмне турат? Анын Түркия менен АКШ мамилесине таасири кандай? Би-Би-Си түшүндүрүп берүүгө аракет кылат.

Өкүлдөр палатасы кабыл алган резолюция - АКШ армян геноцидин тааныды дегенди билдирет. Мунун өтө чоң символикалуу мааниси бар. Бирок мамдепартамент жана америкалык дипломаттардын позициясына түз таасирин тийгизбейт деди эксперт Лоуренс Броерс.

Шейшембидеги документти кабыл алуу алдындагы талкууда Конгресс мүчөлөрү сырткы саясатты эмес, көбүрөөк тарыхка акыйкат баа берүү тууралуу сөз кылышты.

Бул документ Түркияга каршы эмес, Осмон империясындагы тарыхый окуяларга байланыштуу деди демократтардын лидери Стен Хоейр.

Сүрөттүн автордук укугу BULENT KILIC/AFP

"Резолюция - армян жана күрд туугандарыбызга берилген сигнал. Муну менен АКШ аларды эч качан таштап кетпей турганын билдиргибиз келет",-деди Хоейр.

Көпчүлүк тарыхчылар Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы Анатолиядан массалык түрдө депортацияланган армяндар кыргынга учураган деп эсептейт.

Эл аралык геноцидди изилдөө ассоциациясынын (IAGS) маалыматында өлгөндөр саны миллион кишиге жеткен. Айрым тарыхчылар болсо бул сандарды 1,5 млн деп көрсөтүп жүрөт.

АКШдагы Кларк университетинин профессору, түрк тарыхчысы Танер Акчам массалык кыргын Осмон империясынын бийлиги тарабынан уюштурулганын далилдеген документтерди жарыялаган.

Орусия, Германия, Франция, Бельгия, Италия, Бразилия жана башка бир катар өлкөлөр расмий түрдө бул окуяны геноцид деп тааныган эле.

Түрк бийлиги болсо кыргынга кабылган армяндар саны 300 миңден ашпайт деп айтып келүүдө. Армяндарга жасалган кыргын Осмон бийлиги тарабынан болгон дегенди түрк өкмөтү четке кагат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Геноцид" сөзү кайдан чыккан?

Геосаясат

Армян геноциди тууралуу резолюция Өкүлдөр палатасына январь айында эле сунушталган. Бирок азыр конгрессте Түркия саясатына нааразылыктар айтылып жаткан учурда кабыл алынды. Конгресс Түркиянын Сирия түндүгүндөгү күрддөргө каршы операциясын кескин сындаган.

НАТОдогу эң негизги союздашынын позициясынан улам, АКШ бул маселеден өзүн оолак кармап келген эле. Бүгүнкү геосаясий өңүттөн алганда, резолюция Түркияны жазалоо аракети сыяктуу көрүнөт дейт эксперттер.

Америкадагы армяндар көп жылдан бери 1915-жылдагы окуяны геноцид деп таануу боюнча АКШ бийлигине талап коюп келген

Түркиянын жообу кандай болот? Геноцид тууралуу маселеге расмий Анкара өтө негативдүү карайт. Конгресстеги добуш берүүнүн алдында Түркиянын элчиси Сердар Кылыч резолюцияны кабыл албоого чакырды. Элчи НАТОдо аскердик союздаш болгон АКШ менен Түркиянын мамилесинин ыдырашына коркунуч жаратпагыла деп эскертти. (AbA)

Тектеш темалар