39 мигранттын өлүмү - кооптуу жолдо ажал тапкандардын жалгыз окуясы эмес

Ле Минь Туан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ле Минь Туан уулу жук тарткан унаада каза тапкандар арасында болушу мүмкүн деп ойлойт

Вьетнамдык Ле Ван Ханын жупуну үйүндө жакындары кайгыдан кан жутуп олтурат. Эссекстеги унаадан табылган 39 сөөктүн ичинде уулу да болушу мүмкүн.

Чоң энеси жүзүн колу менен жаап, нес абалында. Жубайы оозуна нар албай, кайгыдан мөгдөп калды. Атасы Ле Минь Туандын көзүнөн салаалап жаш агып, тун небересин кучактап буркурап олтурат...

Вьетнамдын жакыр аймагындагы баардык эле жаштар сыяктуу Ле Ван Хан дагы кооптуу сапарга жакшы жашоо издеп аттанган эле. Ал Европага мындан үч ай мурун, экинчи баласы төрөлөөр алында чыгып кеткен.

Бүлөсү анын жол чыгымына жана үйүн бүтүрүү үчүн банктан насыя алышкан. Кишилерди мыйзамсыз чек арадан өткөргөн аткезчилер өз кызматын 25 миң долларга баалайт. Ле Минь Туан үчүн бул акылга сыйгыс каражат. Бирок ал уулу жакшы иштеп, мунун баарын жабат деп үмүттөнгөн. Ошондуктан жер тилкесин күрөөгө коюп, насыя алган эле. Бирок үмүттүн баары быркырап сынды...

"Эми моюнубузда чоң карыз турат. Аны кантип төлөйбүз, азырынча аны ойлогон жокмун. Мен картайып калдым, ден соолугум дагы жакшы эмес. Бирок эми неберелеримди эрезеге жеткиришим керек",-деди Ле Минь Туан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ле Минь Туандун уулу Эссекстеги окуянын алдында эле "Фейсбук" аркылуу кат жазып, Англия кетип бара жатышканын билдирген экен. Бирок анын өлгөнүн эч ким ырастай элек.

Жүк тарткан унаадагы контейнерден табылгандар Вьетнамдын Йентхань жана Нгеан аймактарынан болушу мүмкүн. Жакындары жакшы кабардан үмүттөнүп, кудайга сыйынып олтурушат.

19 жаштагы Буй Тхи Нюнгдун жылмайып турган сүрөтү. Бул сүрөт үй-бүлөнүн сыйынуучу жайында илинип турат.

Эжесинин айтымында, сиңдиси менен 21-октябрда "Фейсбук" аркылуу кат алышкан. Буй Тхи Нюнг кандайдыр бир кампанын ичинде турушканын айткан экен.

"Азырынча маалымат тактала элек. Ошондуктан биз үмүт үзбөй эле жакшы кабарды күтүп жатабыз. Биздин билишибизче, бир эле учурда Англияны көздөй кишилерди салган үч унаа сапарга чыккан экен. Ошондуктан биздин үмүтүбүз өчө элек" ,-деди ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

19 жаштагы Буй Тхи Нюнгдун жакындары аны тирүү көрөбүз деген үмүттө

Бул аймактагы жаңы курулган үйлөр чет жердеги мигранттар акча салып жатканын көрсөтүп турат. Көптөр Британияны тандашат. Айрымдары Орусия же Румыния сыяктуу өлкөлөрдөн жумуш табууга аргасыз. Бирок бул өлкөлөрдө жакшы каражат табуу кыйын.

Францияда мыйзамсыз мигранттарды полиция тынымсыз текшерүүгө алып турат. Ал эми Англияда вьетнамдыктардын чоң коому бар. Ошого аралашып, иштеп жүрө берүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Эссекстеги трагедиядан кийин Вьетнам премьер-министри Нгуен Суан Фук аткезчилик менен киши ташыган топтор боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. (AbA)