Канатбек Ашырбаев: Кол салуу Кара-Кечедеги аракетибизден улам болушу мүмкүн

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалды. Би-Би-Сиге берген маегинде кол салуу өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.

Кечээ түнү Бишкектеги кичи районундарынын биринде К. Ашырбаев спорт залдан чыгып келаткан учурда кол салууга кабылган. Эки киши ур-тепкиге алды, дейт Ашырбаев. "Өлтүрүү үчүн эмес, денеме зыян келтирип, жумуштан четтетүү аракети болсо керек",-деди ал.

"Мен муну ишке тиешелүү деген эле тыянакка келип жатам. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеде иш алып барат. Ал жерде беш жылдан бери тартипти күчөткөнгө күч жумшап келе жатабыз. Буга чейин дагы коркутуп-үркүтүүлөр болуп, коопсуздук кызматкерлерин сабап, бычактап кеткен учурлар болгон. Бирок жетекчиге чейин кол салуулар болгон эмес", -деди Канатбек Ашырбаев.

Бул боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Маекти толугу менен бул жерден көрүңүз.

Тектеш темалар