Орусия-Кытай чек арасы: Бут кийимине алтын каткан аял кармалды

Eight gold discs discovered in a woman's shoes by Russian border authorities, which she allegedly tried to smuggle into China Сүрөттүн автордук укугу Russia Far Eastern Customs
Image caption Сегиз дисканын салмагы 1.9 килограмм же беш миллион рубль же 78,650 долларга бааланат

Орусия менен Кытай чек арасында бут кийимине алтын катып өтүүгө аракеттенген аял кармалды.

Орусиянын бажы кызматы кармалган аял сегиз алтын дисктерин бут кийиминин таманына катканын айтты. Сегиз дисканын салмагы 1.9 килограмм же беш миллион рубль же 78,650 долларга бааланат.

Сибирдин чыгышындагы Чита аймагынын Бажы кызматынын өкүлү Марина Бойко, камакка алынган аял чек арада өзүн "шектүү" алып жүргөндүктөн токтотулганын айтты.

Камакка алынган аял алтын дисктерди Кытай жараны үчүн өткөрүп берүүгө аракеттенген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Орусиянын Забайкал аймагынын чек арачылары быйыл Кытайга алтын ташып кирүүгө аракеттенген бир нече кишини кармады. Алардын арасында он алтын куйманы шымына катып өтүүгө бел байлаган киши дагы бар.

Сибирь алтын ресурстарына бай. Октябрь айында Красноярск аймагында алтын кендин суу сактагычы урап, 15 киши каза тапкан.

Тектеш темалар