Берлин дубалы кулаганына 30 жыл: Эмнеге Европа тосмолорду кайрадан тургузуп жатат?

Next to a large crowd a man sits on a fallen piece of the Berlin Wall as border guards look on. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1989-жылы 9-ноябрда Берлин дубалы кулаган

Быйыл Берлин дубалынын кулаганына отуз жыл толду. Бул дубал "кансыз согуш" доорунда Чыгыш Европа менен Батыш Европаны бөлгөн символго айланган. Дубалдын кулашы менен бирге бүтүндөй доор аяктады деген сөздөр дагы айтылган.

Эми ондогон жылдардан кийин Европада жүздөгөн чакырымга созулган жаңы тосмолор кишилердин эркин жүрүшүн токтотуу үчүн тургузулду.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун айтымында, мындай тосмолор миңдеген мигранттардын өлүмүнө алып келди. Ошондой эле сынчылар Европа мамлекеттери миграциянын гуманитардык эмес, эң оболу экономикалык жана саясий таасирине көбүрөк көңүл буруп жатканын белгилешет.

Европанын миграцияга мамилеси эмне үчүн өзгөрдү?

Экиге бөлүнгөн континент

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европа коммунисттик чыгыш жана капиталисттик батыш болуп бөлүнгөн.

Чыгышта жайгашкан мамлекеттерде авторитардык бийлик келгендиктен, жүз миңдегендер чыгып кетүүгө аракеттенген эле. 1949-жылдан 1961-жылга чейин Чыгыш Германиядан Батыш Германияга 2.7 миллион киши качып өткөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Берлин дубалынан тышкары миналар орнотулуп, куралчан күзөт дагы турган

СССР баш болгон мамлекеттер муну токтотуу үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, электр тогу бар тосмолорду куруп, мина коюп, куралчан күзөт тургузган. Чек арачыларга Батышты көздөй бет алгандарга эскертүүсүз ок чыгаруу буйругу берилген.

"Кансыз согуш" доору соңуна чыгып, СССР ыдыраган маалда Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер Чыгыш Европадагы мамлекеттерди "ырайымсыздык жана аёсуз ыкмалар менен эркиндикке качкандарды токтотту" деп сындаган сөзү дүйнөгө тараган. Ушул "аёсуз" деп мүнөздөлгөн ыкмалардын бири 1961-жылы курулган Берлин дубалы болчу. Тосмо Греманиянын баш калаасын ортосунан экиге бөлгөн.

2017-жылкы Эркиндик университети изилдөө жүргүзүп, 262 киши Чыгыш Берлинден Батышка өтүү аракети үчүн өлтүрүлдү деген тыянак чыгарган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Берлин дубалынын бир бөлүгү мемориалдык комплекске айланды

Батыш Европа мигранттарды жылуу тосуп алышкан

Чыгыш тараптан качып келген мигранттарды Батыш мамлекеттери жылуу тосуп алган. Бул мамлекеттер чыгыштан массалык миграцияны кубаттап, коммунисттик мамлекеттердеги эркиндикке болгон тоскоолдуктарды байма-бай сындап турган эле. Мындай көз караш учурда толугу менен өзгөрдү.

"Кансыз согуш" заманында мунун саясий кызыкчылыгы бар эле. Батыш мамлекеттери коммунисттик өлкөлөрдүн жарандары идеологиядан качып жатканын көрсөтүү маанилүү болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Берлин дубалы коммунисттик мамлекеттеринин авторитардык режиминин символуна айланды

Саясаттан тышкары, миграциянын экономикалык дагы ролу бар эле. Батыш мамлекеттери тез өнүгүп, жумушсуздук дээрлик жок болчу. Ошондуктан мигранттардын күчү менен экономиканын өсүшүн улантуу саясаты жүргүзүлгөн.

Маселен, Британиянын өкмөтү Чыгыш Европадан келген мигранттарды жумушка орнотуу долбоорун иштеп чыккан. Берлин дубалы кулагандан кийин Батыш Германия мигранттардын агымын токтотпоо үчүн Түркия жана Марокко сыяктуу мамлекеттер менен атайын келишим дагы түзгөн. Согуштан кийин экономиканы өстүрүүгө адамдык ресурс жетиштүү болбой жаткан.

Жаңы Европа

Ага карабастан мигранттарга карата жылуу көз караш өзгөрдү. Коммунисттик режим кулады, мурдагы Чыгыш Европанын мамлекеттери капитализмди өздөштүрүп, Европа Биримдигине мүчө болуп калышты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Европа Биримдигине мүчө болгон мамлекеттер жүздөгөн чакырымга созулган тосмолорду тургузду

Жада калса мурда дубалдын чыгыш тарабында кыйынчылыкка туш болгон өлкөлөр, өз чек арасында бийик дубал куруп жатат. Европа Биримдигинде эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк болгону менен, континенттин өзүнө келүү абдан татаал. Ошондуктан бул саясат "Европа чеби" атка конду.

Европа Биримдиги түштүк тарабындагы чек арасын бекемдеди. Бул аркылуу Европа мамлекеттери Африка, Жакынкы Чыгыш жана Азиядан келген мигранттарды токтотот.

Венгрия Сербия менен чек арасында камера жана эскертүү сигнал берген 155 чакырымга созулган тосмо курду. Болгария болсо Түркия менен чектеш аймакта 260 чакырымга созулган тоско тургузду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images/HUNGARIAN INTERIOR MINISTRY PRESS OFF
Image caption Европанын чек ара саясаты "Европа чеби" атка конду

Өз өмүрүн тобокелчиликке салып, Жер ортолук деңизи аркылуу Европага өтүүгө аракеттенген мигранттар дагы көп. Түндүк Африкадан деңиз аркылуу Европага бет алган кайыктар токтотулуп, артка жөнөтүлүүдө. Сынчылар муну "деңиз дубалы" деп аташууда.

Мындан тышкары Европа Биримдигинин ичинде дагы тосмолор бар. Алар мигранттардын Европа мамлекетинин биринен экинчисине өтүүгө тоскоолдук жаратат. Маселен, Австрия Словения менен чектеш аймакта тосмолорду тургузду.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюму Европа мамлекеттери "чек ара көзөмөлү жана миграцияны чектөө саясаты менен мигранттарды сөз менен түшүндүрө албаган азапка тартты" деген билдирүү таратты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Берлин дубалы кулаганына 30 жыл толду

Миграция кризиси 2015-жылы күч алып, жүз миңдеген мигранттар Европага кирип келген. Мисалы, 2015-жылдын октябрь айында гана 220 миң мигрант келгени белгилүү. Европада ашынган оңчулдар күч алып, миграцияга карата саясат толугу менен өзгөрдү. Андан тышкары Европа мамлекеттеринин экономикасы басаңдап, адамдык ресурстардын дагы кереги жок болуп калды.

Европа Биримдиги миграцияга карата жалпы саясат жүргүзүүгө дагы аракет кылды, бирок андан майнап чыкпай, Биримдикке кирген ар бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Европада миграцияга каршы бир нече демонстрациялар болду

Эркиндиги чектелген мигранттар

Мындай жагдайдан улам Европа Биримдиги саясатын өзгөртүп, мигранттарды континентке жеткенге чейин токтотууга аракеттенүүдө. Маселен, 2017-жылдан январь айында жети миң гана мигрант Европага жеткен.

"Кансыз согуш" доорундагы мигранттардын эркиндиги чектелгени тууралуу сөздөр, гуманитардык көйгөйдү жогору кармоо боюнча чакырыктар жокко эсе.

2015-жылы Европага жеткен мигранттардын 33 пайызы Сириядан, 15 пайызы Ооганстандан жана 6 пайызы Ирактан келген. Бул мамлекеттерде согуштан улам жүз миңдегендер өлдү. Бирок согуштан аргасыз качкан мигранттардын тагдыры "кансыз согуш" доорунда Чыгыш Европадан качкан бозгундардыкындай каралган жок.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Европа Биримдиги мигранттарды өткөрбөй кармап туруу үчүн Түркияга $3.3 миллиард доллар берүүгө макул болгон

Венгриялык тарыхчы Густаф Кесшес Reuters агенттигине "кансыз согуш доорунда качкындар маселеси пропагандага маанилүү эле. Чыгыштан өтүп келген ар бир мигрант Батыштын артыкчылыгын айгинелеген" деген пикирин билдирди. Ал учурда мигранттар христиан, европалык, жаш, жогорку билимдүү жана эң маанилүүсү коммунизмге каршы эле. Бүгүнкү күнү мигранттар ар түрдүү. Алардын көбүнүн билими жок, этникалык жана карманган дини дагы башка. Ошондуктан Европа мигранттарды көп санда кабыл алуудан баш тартууда.

Анын ордуна Европа Биримдиги Түркияда дүйнөдөгү эң чоң качкындар лагерин жайгаштырды. Бул өлкөдө 3,6 миллион сириялык баш калкалап келет. Германиянын экономикасы Түркияныкынан төрт эсе чоң болуп турса дагы, 1.1 миллион гана мигрантты кабыл алды. Британия болсо 126 миң гана мигрантты батырды.

Сүрөттүн автордук укугу JASON FLORIO/MOAS/Reuters/handout
Image caption Мигранттардын көбү өз өмүрүн тобокелчиликке салып, Жер ортолук деңиз аркылуу Европага өтүүгө аракеттенет

Европа Биримдиги Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки миграция кризисинде 720 миң качкынды кабыл алганын айтып, бул сан Австралия, Канада жана АКШ кабыл алган качкындар санын кошкондо үч эсе көп экенин жүйө кармайт.

Ага карабастан Бириккен Улуттар Уюму Европа Биримдигинин саясаты "мигранттардын укугун тебелеп, качкындардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын" билдирди.

Мындай мүнөздөмө 1989-жылдагы Батыш эркиндик менен толеранттуулуктун символу делген көз карашка көлөкөсүн түшүрүүдө.