Жүк унаадан табылган мигранттардын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Грузовик с телами мигрантов Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Англиянын Эссекс аймагында жүк тарткан унаадан табылган 39 мигранттын он алтысынын сөөгү мекенине алып келинди. Алардын баары Вьетнам жарандары экени белгилүү болгон. Калган сөөктөр жакынкы күндөрү жөнөтүлөт.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мигранттардын өлүмүнө жүк тарткан унаадагы муздаткычтын иштеп кеткени себеп болгон. Температура минус 25 болгон.

Дүйшөмбүдө жүк тарткан унаанын айдоочусу 25 жаштагы Мо Робинсон Британияга мыйзамсыз кирген мигранттарды бир жарым жылдан бери ташып келгенин моюнуна алды.

Аны менен чогуу 23 жаштагы Түндүк Ирландия жараны Кристофер Кеннеди дагы айыпталып жатат. Бул ишке катыштыгы болушу мүмкүн деген шек менен дагы үч киши крамалып, күрөөгө бошотулган.

Өткөн апталарда Вьетнамдын Коомдук коопсуздук министрлиги каза тапкандардын баары вьетнамдыктар экенин ырасталды деп айткан. Вьетнам бийлигинин айтымында, алар Хайфон шаарынан, Нгеан, Хатинь, Куанг Бин жана Тхыа Тхиен Хуэ провинцияларынын тургундары болуп чыкты.

Иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан Эссекс полициясы европалык жана вьетнамдык кесиптештери менен биргеликте иш алып барууда.

Эссекстеги мигранттар өлүмүнүн Орусиядагы изи

Оор жүк тарткан унаада сөөгү табылган 39 адамдын өлүмүнө шектүү катары Вьетнамдан дагы бир киши кармалган.

Полициянын маалыматына караганда, кармалган шектүү Орусия аркылуу аткезчилик жол менен кишилерди ташууга катыштыгы болгон. Вьетнам полициясы Хатинь провинциясында эки, Нгеанда тогуз кишини камакка алды.

Tuoi Tre басылмасы Нгеанда кармалгандардын бири Орусияда убактылуу жашап, Вьетнамдан Европага өтүүгө аракет кылган кишилерди мыйзамсыз жол аркылуу ташуунун уюштурган деп жазды. Мигранттар Орусиядан Германияга өтүп, андан ары Британияны көздөй сапар улашкан деп белгилейт басылма.

Акыркы жылдары Орусия, Украина жана Беларусь өлкөлөрү Вьетнамдан келген эмгек мигранттарынын "күтүү жайына" айланган. Башкача айтканда, бул өлкөлөр транзит болуп калды. Чоң акчага бааланган мыйзамсыз миграциянын бир жолу ушул өлкөлөр аркылуу өтүүдө. Аткезчилик жол менен ташылган мигранттар андан ары Прибалтика, Польша, Румыния же Болгарияга өтүп кетип, жүк тарткан унаалар менен Германия, Франция, Бельгия, Нидерланддарга кирип кетишет. Акыркы аялдама - Британия.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Англиянын чыгышындагы Эссекс аймагында оор жүк тарткан унаадан 39 кишинин сөөгү табылган

Британияда 39 кишинин сөөгү табылган окуядан бир аптадан кийин Польшанын полициясы Эстониядан оор жүк тарктан унаада келген 10 вьетнамдык жаранды кармады. Унааны айдоочусу Латвия жараны болгон. Алар Польшанын Белосток шаарынан бери келген экен. Мунун баары вьетнамдык эмгек мигранттарын аткезчилик жол менен Европага ташыган эл аралык ири контрабандачылардын түйүнү иштеп жатканынан кабар берет.

Өткөн аптада 39 кишинин өлүмү боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө Дублинде 23 жаштагы шектүүлөрдүн бири камакка алынган. Ирландия дагы эки кишиге издөө салды. Эссекс полициясы жума күнү Дублинде камакка алынган киши Эймон Харрисон экенин ырастады. Ал Дублин сотунун чечими менен камакка алынган. Эссекстин полициясы Ирландиядан аны экстрадициялоого өтүнүч жиберген.

Полициянын айтымында, Харрисон кишилер салынган контейнерди Бельгиянын Зебрюгге портунан бери алып келген. Ал унаа токтотуучу жайда турган жеринен видео байкоого түшкөн. Мындан тышкары полиция дагы эки ирландиялык ага-инилерге издөө салды. 40 жана 35 жаштагы Ронан жана Кристофер Хьюз дагы ушул эле кылмышка шектелүүдө. Полиция аларды дагы жүк ташууга тиешеси бар деп эсептейт.

Тергөө бул ага-иниден баалуу маалыматтарды алабыз деп үмүттөнүүдө.

Өткөн аптада 39 мигранттын өлүмү боюнча Вьетнам дагы эки кишини камакка алганы белгилүү болду. Аларды Хатинь провинциясынан кармашкан. Оор жүк тарткан унаада каза тапкандардын көбү ушул аймактан дейт полиция.

Башында тергөө фурадан табылган кишилер Кытай жарандары болушу мүмкүн деп кабарлаган. Бирок азыр Вьетнам жарандары деген божомол иликтенип жатат. Британияда жашаган вьетнамдардын VietHome коому полицияга дайынсыз болуп жаткан 20 кишинин маалыматын берген.

Азырынча бир дагы сөөктүн өздүгү аныктала элек. Вьетнамдагы жакындарынан ДНК үлгүлөр алынган.

Сүрөттүн автордук укугу Justin Kernoghan
Image caption Өткөн аптада полиция ага-ини Хьюздарга таандык унааны кармады

"Глобалдык түйүн"

Унааны Грейске айдап келген 25 жаштагы айдоочу Мо Робинсонго атайын ниет менен жасалбаган адам өлтүрүү, аткезчилик, акчаны адалдоо сыяктуу айыптар тагылды. Сотто прокурорлор Робинсонду кишилерди мыйзамсыз жол менен ташыган "глобалдык түйүнгө" иштеген деп айыпташты. Кийинки сот отуруму айдын аягында болот. Азырынча Робинсон бул иш боюнча айыбы угузулган жалгыз шектүү болуп турат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ажал менен арбашкандар: ирандык мигранттар Европа жолунда

Фургонду 15- октябрда Global Trailer Rentals компаниясынан ижарага алышкан. Компания унааны кандай максатта колдонушарын билбегенин айтты.

GPS малыматтарына таянсак, унаа 15-октябрда ирландиялык Монахан шаарынан чыгып, Дублинге барган. Эртеси Дублинден Холихед портуна барган. Ушул эле күнү кечинде фургон британдык Дуврадан Франциянын Кале портуна келген. 17-22 октябрь күндөрү бир нече франциялык жана бельгиялык шаарларда болгон.

22-октябрда трейлер Ла-Манш аркылуу өтүп, бельгиялык Зебрюгге портунан ирландиялык Пурфлитке келген.

Полициянын айтымында, кишилердин сөөгү табылган учурда контейнер Британияга Дублинден Холихед порту аркылуу келген. Порттон жүктү түнкү саат бирлерде алып чыгышкан. Жарым саттан кийин полицияга сөөктөр табылганы тууралуу маалымат түшкөн. (AbA)