Бүтүндөй дүйнө электр жарыгы жок калгандагы абал кандай болот?

Блэкаут, Нью-Йорк Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дарыгерлер эч нерсе кыла албай шалдырап олтурушту. Түнөргөн караңгылыкты анда-санда кол чырактардын жана телефондордун жарыктары бузуп, дарыгерлер калдастайт.

Медицина кызматкерлери көз алдында өлүп бара жаткан бейтапты күнөлүү карап, амалсыз эле.

Жашы улгайган аял өпкөсүнө кан уюп, ооруканага кабылган. Мындай эми көп эле катталып жүрөт. Бирок учурунда жардам көрсөтүлбөсө, өмүргө кооптуу. Бул аялдын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер аппараттын жардамын колдонушу керек. Ал аппарат бир кабат төмөндө. Электр жарыгы жок лифт дагы иштеген эмес.

Март айында Венесуэлада ушундай кырдаал бир нече ооруканада кайталанып, электр жарыгы беш күн болгон жок. Мындай абал өлкөдөгү саясий жана экономикалык кризисти тереңдетти.

Ооруканалар буга даяр эмес болуп чыкты. Айрым медицина мекемелердеги генераторлор керектен чыгып, башкаларына өтө керек болгон маалда электр жарыгы жетпей калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2019-жылдын март айында бүтүндөй Венесуэлада беш күн электр жарыгы болгон жок

Беш күндөн кийин ооруканада 26 киши каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу Венесуэладагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кризиске байкоо салган Doctors for Health уюму кабарлады.

Көз жумган бейтаптар арасында аппараттарга муктаж болгондор бар эле. Айрымдарын караңгыда операцияга кылганга мүмкүн болгон эмес. Ошондой эле караңгыда эптеп төрөгөн келиндер, неонаталдык бөлүмдөрдөгү инкубаторлордо тоңуп калган ымыркайлар тууралуу айтылды.

Азаптануу оорукана менен эле чектелип калган жок. Көп кабаттуу үйлөрдө азык-түлүк жакшы сакталбай, тамак бышыруунун дагы өзүнчө кыйынчылыктары болду. Жол чырактар иштебей транспорттук система башаламандыктарга кабылды. Суу тартып берген насостор иштебей, кишилер суу издеп бир топ жерге чейин барып жатышты.

Бул жылдар аралыгында Венесуэлада электр жарыгы өчүп калган бир нече учурлар болгон. Бирок аларды кыска мөөнөттө кайра калыбына келтирип турушкан.

"Ооруканада төрт саатка чейин электр жарыгы жок калганы - өтө жаман көрүнүш эмеспи,-дейт Doctors for Health уюму үчүн маалымат жыйнаган Хулио Кастро. -Ал эми суу боюнча маселе мындан дагы жаман. Айрым ооруканаларда бейтаптарга үйүнөн суу кошо алып келүүнү өтүнүп жатышты".

Кастро өлкөдөгү соңку кырдаалды кыямат-кайым болгондой деп сүрөттөдү. Бир нече жыл мурун эле Түштүк Американын эң бай өлкөсү саналып, мунай запасы боюнча алдыңкы саналган өлкөдө кырдаал ушундай.

Көптөр өкмөт инфраструктурага инвестиция салбай жүрүп, электр түйүндөрүнүн өтө кейиштүү абалга жетти деп эсептейт. Венесуэланын өкмөтү буга саботаж кылгандарды жана террорчуларды күнөөлөдү.

Бирок мындай кырдаалга жагдайы оор болуп турган өлкөлөр эле туштуга бербейт. Жыл сайын АКШ менен Канададагы миллиондогон кишилер бороон-чапкындын кесепетинен жарыксыз калышат.

Ушул жылдын июнь айында дээрлик бүтүндөй Аргентина, Уругвай жана Парагвай электр жарыгы жок калды. 40 млн чамалуу киши электр жарыгысыз олтурган.

2012-жылы жай айында Индиянын 600 млн тургуну эки күн бою электр жарыгы жок калды. 2018-жылы зилзаланын кесепетинен Жапониянын Хоккайдо аралында 5 млн чамалуу киши электр жарыгысыз калган.

2019-жылы август айында улуттук энергосистемадагы мүчүлүштүктөн улам Улуу Британиянын миллион чамалуу тургуну электр жарыгы жок калды. Ошол маалда жумушка бара жаткан кишилер поезддерде бир нече саат күтүп олтурушкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Электр энергиясы өчүп, жол чырак иштебей калган - транспорттук инфраструктуранын бир эле көгөйү

Дүйнөдө электр энергиясына болгон талаптын өсүп жатышы, калктын саны, жаңы технологиялар (маселен, электромобилдер) барган сайын энергетика тармагындагы мүчүлүштүктөрдү пайда кыла берет. Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө байланышкан экстремалдык аба ырайы дагы энергетика тармагындагы кооптуулукту күчөтөт.

"Биздин жашообуздагы өтө көп нерселер электр жабдууларынан көз каранды. Өзгөчө электр жарыгынан",-дейт Resilience Shift уюмунун техникалык директору Жулиет Миан.

Ооба, чынында эле азыркы дүйнөдө каржы системасынан тартып, байланыш каражатына чейин электр энергиясынан көз каранды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Буэнос-Айрес, Аргентина

Электр жарыгы жок калуунун кесепети кандай?

2003-жылды эстеп көргүлөчү, Швейцариядан Италияга өткөн электр чубалгылары дарак кулап үзүлүп калган. 24 минутадан кийин дагы бир түйүндө ушундай окуя катталган. Эки линиядагы үзгүлтүк Европанын бүтүндөй түйүнүнө оорчулук алып келди. Жыйынтыгында бүтүндөй Италия боюнча электростанциялар ишин токтоткон.

Бир эле дарактын кулашы бүтүндөй өлкөгө энергетикалык кризисти жаратып коюшу мүмкүн.

Азыркы электроэнергетикалык түйүндөр татаал жана бирдиктүү системадан турат. Европанын чоң бөлүгү өтө чоң электр түйүнгө бириккен. Балким дүйнөдөгү ири түйүндөрдүн бири. Ал аркылуу 24 өлкөнүн 400 млн колдонуучусу электр энергиясы менен камсыздалат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бир эле дарактын кулашы бүтүндөй өлкөгө энергетикалык кризисти жаратып коюшу мүмкүн

Электр энергиясында мүчүлүштүктөр болгон учурда көйгөйдү алдын ала каттап жана аны жоюга жол көрсөтө турган системалар иштелип жатат.

2019-жылдын башында Манхэттен көчөлөрү жана Нью-Йорк метросу жарыксыз калган

АКШнын Энергетика министрлиги жасалма интеллекттин жардамы менен электр түйүндөрүндөгү авариялар тууралуу алдын ала анализдеп, эгерде мүчүлүштүк болуп калса, электр энергиясын берүүнү мурдагы деңгээлде кармап турган системаны изилдөөгө 7 млн доллар каражат салды. Муну Германиядагы Ильменау институтунун адистери дагы жүргүзүүдө.

Электр жарыгы үзгүлтүккө учураган маалдагы каржылык жоготуулардын суммасы дагы чоң. Маселен, электр жабдууларысыз бизнес кан буугандай токтоп, анын экономикалык эффектиси күтүүсүз жыйынтыктарды берет. 2004-жылы АКШнын Энергетика министрлиги электр жарыгы үзгүлтүккө учурагандагы чыгымды болжолу 80 млрд доллар деп эсептеген.

Венесуэладагы дарыгерлердин жүрүм-туруму жакшы мисал. Өлкөдөгү ар бир жаңы өчүрүүлөрдөн кийин ооруканадагы кишилей жоготуулар саны дагы азайды.

Ооруканалар генераторлорду жана күйүүчү майды камдап алууда.

Кыргызстан: Кол чырак менен жүрөккө жасалган операция

2014-жылы октябрь айында Кыргызстандын Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда электр жарыгы өчүп калып, жүрөккө жасалып жаткан операция кол чырактар жана мобилдик телефондордун жарыгы менен улантылганы тууралуу видео социалдык түйүндөрдө курч талкууларды жараткан.

Айрымдар бул окуяны мүмкүн эмес деп эсептешип, мындай шарттарда операция жасоо оор деп айтышкан эле.

Image caption Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов

Бул окуя тууралуу ошол маалдагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов Би-Би-Сиге айтып берген эле:

"Операциянын негизги этабына кирип калганбыз. Демейде электр жарыгы беш мүнөткө чейин өчүп калган учурлар болчу, бирок бул ирет 25-30 мүнөткө чейин өчтү деп айтып жатышат. Кыска убакытка өчкөндө медициналык шаймандардын бардыгы батарейка менен жыйырма мүнөткө чейин иштеп берет да. Жүрөктү токтотуп, анын клапандарын алмаштырып баштаганда ошондой окуя болду. Мен эми хирургдардын, операцияга катышып жаткан дарыгерлердин абалын сөз менен айтып бере албайм. Караңгыда кол чырактардын жардамы менен жүрөктүн так ортосундагы эки клапанды тигип, бирөөнү жамап туруп чыгып кетиш керек эле. Эки саатка чейин жүрөк токтоду, бирок ошонун отуз мүнөтү бизди стресс абалда кармады".

Операцияны башынан өткөргөн 23 жаштагы кыздын абалы жакшы деп бааланган.

"Шарт жок болсо деле мындай операция жасап, сенсация кылганга аракет кылып жаткандай жоругандар болуп жаткандыр. Биз дарыгербиз, биз бейтаптарды айыктырышты гана ойлойбуз. Башка жоопкерчилик мени кызыктырбайт. Бул учурда мен сыртта болуп жаткан нерселер тууралуу ойлогон жокмун. Айрыкча энергетика, башка маселелерди такыр оюма албадым. Болгону операцияда жаткан кыздын гана өмүрү тууралуу ойлоп, ошону жараткандан да тилеп жаттым. Азыр ал кыз дагы бул сөздөрдү угуп, ушундай абалдан чыктымбы деп стресс болуп жатат",-деп айтып берген эле.

Жалал-Абаддагы бул борбор өлкөнүн түштүк облустарындагы бирден бир жүрөккө операция жасаган өкмөттүк мекеме саналат. Бул борбор Кан тапшыруу мекемесинин имаратында жайгашкан. Ооруканада бир суткага чейин да жарык өчүп калышы мүмкүн деп айтылган эле. Алар ошол жердеги тургундар колдонгон көмөк чордонунан жарык алып турушкан.

"Бул мен үчүн же башкалар үчүн эле керек эмес да. Түштүк облустарында үч миңден ашуун бейтап операцияга муктаж болуп турат. Ошолор үчүн керек да. Эгерде медицинанын маселесин чече албасак, биз өзүбүздү кантип мамлекетпиз деп айтабыз. Дарыгер катары ушул сөздөрдү айткым келди, мүмкүн туура эмес айтып жаткандырмын. Жүрөк хирургиясында 35 жыл иштедим. Анын он жылын Москвада өткөрдүм. Ал жактагы кесиптештерим "эмне кино тартып жатасыңарбы?" деп чалышты. Адамда ошондой бүдөмүк ой жаралат экен да. Себеби мындай болуп калат деп эч ким ойлобойт", - деген эле 2014-жылы борбордун директору Калдарбек Абдраманов.

"Авария болуп, кайра жыйырма беш мүнөттө жарык берилген. Бул жерде жүрөк эмес башка операция болгон күндө деле резервдик линиялар болушу керек эле. Ошого биз бир канча ирет эскертүү бергенбиз. Бул борбор Кан тапшыруу мекемесинин имаратында жайгашкандыктан, биз келишим түзгөндө 3-категориядагы колдонуучу деп түзгөнбүз. Бул деген бир суткага чейин да жарык өчүп калышы мүмкүн дегендик. Алар ошол жердеги тургундар колдонгон көмөк чордонунан жарык алышат. Эгер ал күйүп кетсе анда кандай болот?",-деген ошол кезде "Жалал-Абад электр" ишканасынын жетекчи орун басары болуп иштеген Азамат Паизов Би-Би-Сиге.

Кыргызстан дагы акыркы жылдарда энергетикалык каатчылыкты башынан кечирди. Эксперттер электр энергия тармагындагы коррупция, электр энергиясын натыйжасыз иштеп чыгуу жана аны таратуудагы жоготуулар чоң маселе экенин айтып келгени бар. (AbA)

Тектеш темалар