Түрк бийлиги аль-Багдадинин бир тууганы кармалганын кабарлады

Сүрөттү түрк бийлиги берди. Бирок сүрөт качан тартылганы тууралуу маалымат айтылбайт Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сүрөттү Түркия чыгарды, бирок сүрөт качан тартылганы тууралуу маалымат айтылбайт

Түрк бийлиги "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мурдакы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин бир тууган эжеси кармалганын айтууда.

Рейтер агенттиги түркиялык чиновникке шилтеме берип, 65 жаштагы Расмия Авад Сириянын түндүгүндөгү Алеппо провинциясынын Азаз шаарынан кармалганын жазды.

Бул аймакты октябрдагы күрддөргө каршы аскердик операциясынан кийин Түркия көзөмөлдөп калган.

Түрк бийлиги Аваддан уюмдун жашыруун түйүндөрү тууралуу маалымат алабыз деп үмүттөнүүдө.

Расмия Аваддын өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун стратегиясы тууралуу кабары жок болушу да мүмкүн. Бирок аль-Багдадинин жакындары боюнча маалыматы болушу ыктымал.

"Балким, Багдади ишенген кишилерди тааныйт. Ирактан чыгып кетүүгө жардам берген топтор тууралуу кабары бар. Бул аркылуу АКШ жана башка мамлекеттер өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ кандай уюштурулганы боюнча маалымат топтой алат. Мисалы, алар кантип бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өтүп жатканы жөнүндө маалымат колго тийет",-дейт Ходсон институнунун коопсуздук боюнча адиси Майкл Прегент.

Расмия Аваддын кармалганын ырастаган ишенимдүү башка маалыматтар айтыла элек. Анын өздүгү тууралуу дагы маалыматтар белгисиз. Учурда аны экстремисттик топтун мүчөсу катары айыптап жатышканы белгилүү болду.

Кармалган учурда Расмия Авад күйөөсү жана беш баласы менен жашап жүргөн фургондун ичинде болгон. Авадды жана күйөөсүн түрк бийлиги суракка алып жатканы айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өткөн аптада АКШнын Коргоо министрлиги "ИМ" экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарлаган

Аль-Багдадинин беш ага-иниси жана бир нече эже карындашы бар деп айтылып жүрөт. Алардын канчасы аман калганы тууралуу маалымат жок.

Өткөн аптада АКШнын Коргоо министрлиги "ИМ" экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясындагы видеону жарыялаган.

Ошондой эле журналисттерге Идлиб провинциясындагы рейд тууралуу дагы маалымат берилди. Куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгынын башчысы (CENTCOM) Кеннет Маккензи операция учурунда алты жоочу, анын ичинде төрт аял өлтүрүлгөнүн айтты.

Анын айтымында, "ИМ" лидери Абу Бакр аль-Багдади өзү менен чогуу эки баласын кошо жардырып жиберген. Генерал алардын курагы 12 жаш чамасында болгон деп болжоду.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"ИМ" экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясы

Аль-Багдади жер алдындагы өтмөккө жашырынып калууга аракет кылган. Башында ок чыгарып коргонуп, бирок өзүн жардырып жиберген. Генетикалык анализдер өлгөн киши аль-Багдади өзү экенин тастыктады, деди Маккензи. (AbA)