Тажик чек арасына чабуул бүт регионду сестентти

Asiaplus Сүрөттүн автордук укугу Asiaplus/official

Тажикстандын расмийлери өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун согушкерлери чек ара тозотуна кол салып, атышуудан алардын он беш согушкери өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бул окуя өзбек-тажик чек арасына жакын аймакта болду.

Жыйырма согушкер жергиликтүү убакыт менен 03:00 дө өткөрмө бекетке кол салып, чек арачы жана полиция кызматкерин атып өлтүргөн. Атышууда экстремисттик топтун он беш согушкери өлтүрүлгөн. Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ кол салууга өздөрүнүн тиешеси бар же жогу тууралуу маалымат тараткан жок.

Айрым эксперттер бул окуяны Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кооптуу коңгуроо катары дагы баалашты.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Ооганстанда туруп, Борбор Азияга чабуул коюга күчү жетеби? Ушул суроо менен Би-Би-Синин Ооган кызматынын кабарчысы Довуд Аззамиге кайрылдык.

Д.Аззами: Соңку чабуулду окуялардын адаттан тыш өнүгүшү катары бааладым. Эгер тажикстандык расмийлердин билдирүүлөрүнө ишенсек, бул жерде кеп 20 согушкер жөнүндө болуп жатат. Андай болсо, ушунча сандагы жоочу кантип унаа менен Ооганстандан Тажикстанга кирип келип, чабуул койгон деген суроо жаралат. Бул бир аз таң калычтуу, туурабы? Себеби, бул жоочулардын өтө чоң тобокелчилиги. Аларды жолдо келе жатканда эле токтотуп же жок кылып салышы мүмкүн эле. Ошондуктан бул окуялар мага бүдөмүк болуп жатат. Тажикстан расмийлери дагы деле бул окуялар тууралуу ачык комментарий бере элек.

Би-Би-Си: Тажикстан тараптын ырастоосунда, жоочулар Ооганстандын Кундуз провинциясынын Калаи-Зол уездинен өтүп келишкен. Алардын бул айткандары канчалык ынанымдуу? Ооганстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара бекеттеринин абалы кандай? Согушкерлер кенен-кесири өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

Д. Аззами: Чек араны кесип өтүү кыйын эмес. Бул жерде мыйзамсыз баңгизат ташыган жана кишилерди мыйзамсыз өткөргөн аткезчилердин жолдору бар. Балким, ушул жолдорду пайдаланган болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Ооганстандын Пакистандан кийинки эле эң узун чек ара сызыгы Тажикстан менен кесилишет. Ошондуктан чек ара тилкесин өтө тыкыр көзөмөлдөө кыйынга турат. Анткени чек аранын көп бөлүгү тоолуу, татаал аймактардан өткөн. Жоочулар так ушундай аймактардан өтүп келиши мүмкүн эле. Башка өңүттөн алып караганда, жоочулар куралдарын жашырып, өздөрүн жөнөкөй жаран катары деле көрсөтүп, өтүп келиши дагы мүмкүн. Маселенин дагы бир тарабы бар. Алар чек ара кызматкерлерине өздөрүн аткезчилер катары көрсөтүп, пара берип өтүшү мүмкүндүгүн дагы эске алса болот.

Би-Би-Си: Соңку убактарда Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун жоочулары Ооганстандын түндүгүндөгү бир катар аймактарда кайра күчтөнүп жатканы кабарлар айтылууда. Мунун чындыгы барбы? Эгер алардын күчтөнүп жатканы ырас болсо, анда абал кандай болот?

Д. Аззами: Ооганстандын түндүгүндөгү "ИМ" жоочуларынын саны тууралуу так маалымат жок. Ооганстандын өкмөтү жана талиптер көзөмөлдөбөгөн аймактары да аз эмес. Ошондуктан ушундай аймактар жашырынып жүргөн жоочуларга ыңгайлуу жай. Бирок алардын Ооганстандагы Талибан кыймылы менен маселеси бар. Бул топтор бири-бири менен көптөн бери эле каршылашып келет. Буга чейин талиптер "ИМ" тобунун Ооганстан түндүгүндө ээлеген аймактарындагы лагерлерин жок кылганы тууралуу айтып чыккан. Ооганстандын чыгышындагы Нангархор жана Кунар аймактарында дагы бири-бирине каршы согушуп келүүдө. Ооганстандан Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен түндүк-чыгыш тарабы тууралуу сөз боло турган болсо, талиптер "ИМ" тобун сүрүп чыктык дегенине карабай, жашырынып жүргөн жоочулар чабуул жасаш үчүн ыңгайлуу маалды күтүп жүргөн болушу мүмкүн. Балким, алар өз өлкөсүнө кайтууга аракет кылгандар. Мындай ыктымалдыкты дагы четке кагууга болбойт.

Би-Би-Си: Сиздин пикириңиз кандай, экстремисттик топ Ооганстанда туруп алып, чек арага чабуул коюуга кудурети жетеби?

Д.Аззами: Түрдүү тактика жана усулдарды колдонуп, чек ара тилкесин мыйзамсыз кесип өтүшү толук мүмкүн. Эгер бул чабуул "ИМ" тобу тарабынан Тажикстандын ички аймагында жасалган болсо, бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кооптуу коңгуроо болуп калмакчы. Себеби, "ИМ" тобунун жактоочулары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде дагы жашыруун ишмердигин жүргүзүп, чабуулга даяр турушу мүмкүн экенин четке кагууга болбойт. Бул чабуул Өзбекстандын чек арасына дагы жакын жерде болду. Бирок "ИМ" экстремисттик тобу бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Tajikistan government
Image caption Атышууда экстремисттик топтун он беш согушкери өлтүрүлгөн

"ИМ" тобунун согушкерлери чек ара тозотуна кол салды

Кечээ күнү Тажикстандын расмийлери өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун жыйырма согушкер жергиликтүү убакыт менен 03:00 өткөрмө бекетке кол салып, чек арачы жана полиция кызматкерин окко учканын кабарлаган. Атышууда экстремисттик топтун он беш согушкери өлтүрүлгөн.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ кол салууга тиешеси бар же жогу тууралуу маалымат тараткан жок.

Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым аралыкта болгон кол салууга тиешеси бар беш согушкер кармалды деди расмийлер. Тажикстандын Ички иштер министрлиги тараткан сүрөттөрдө жерде күйүп жаткан жансыз денелерди көрүүгө болот. Ошондой эле унаалар дагы күйгөн.

Мамлекеттик Khovar маалымат агенттиги согушкерлер Ооганстандан 3-ноябрда өлкөгө өтүп киргенин жар салды.

"Куралдуу кол салуу "Султанабад" чек ара аскер бөлүгүнө караштуу №4 "Ишкобод" тозотуна багытталып, аны "ИМ" согушкерлери ишке ашырган. Алар Тажикстандын Кубодиен районуна Ооганстандын Кундуз провинциясынын Калаи-Зол уездинен өтүп келишкен",-деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Чек ара тозоту Рудаки районунун аймагында жайгашып, баш калаа Дүйшөмбүнүн 60 чакырым алыстыкта.

Сүрөттүн автордук укугу Nozim Kalandarov/TASS

Кабарчылардын айтымында, азыр аймакка бара турган жолдо куралдуу аскерлер турат. Алар унааларды текшерип өткөрүүдө. Окуя болгон жерге журналисттерди киргизишкен жок.

Баш калаадагы коомдук жайлар, мамлекеттик мекемелер катуу кайтарууга алынган.

Айрым маалыматтарга караганда, бул окуя Тажикстан менен Өзбекстан узакка созулган чек ара маселесин чечүү боюнча келишимге кол койгондон кийин болду.

Май айында "ИМ" тобунун согушкерлери Дүйшөмбүнүн чыгышындагы түрмөдө башаламандык уюштуруп, ондогондор каза тапкан. Андан тышкары өткөн жылы "ИМге" ант берген куралчандар төрт чет өлкөлүк велосипедчен туристке кол салган. (AbA/ErA)