Дүйнөнү экиге бөлгөн Берлин дубалы

Берлин дубалы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Берлин дубалынын кулаганы XX кылымдагы эң маанилүү окуялардын бири. Быйыл Берлин дубалынын кулаганына отуз жыл болду.

Бетондон курулган дубал бир гана Берлинди эмес, отуз жыл бою эки каршылаш идеологияны бөлүп турду. Талдоочулар дубалдын кулашы менен бирге бүтүндөй доор аяктады дешүүдө.

Берлин дубалы эмнеге тургузулган?

Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткен АКШ, Франция, Британия жана СССР Германияны бөлүүнү чечкен. Берлин Советтер союзунун көзөмөлүнө өткөн. Бирок ал борбор шаар болгондуктан, калааны дагы бөлүшкөн.

Капиталисттик өлкөлөр батыш Берлинди, коммунисттер чыгыш бөлүгүн алган.

Британиянын мурдагы лидери Уинстон Черчилль бул окуяларга парламентте мүнөздөмө берип жатып, "Континентти темир көшөгө каптады" деп айткан.

Ошентип дүйнөдө "кансыз согуш" доору өкүм сүрдү. Батышта Федералдык Германия Республикасы түзүлсө, чыгышта Германия Демократиялык Республикасы пайда болду.

Чыгыш Европада экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мындай коммунисттик мамлекеттер көп түзүлдү.

Берлин коммунисттик блокто демократиянын анклавына айланды. Убакыт өткөн сайын бул жагдай СССРге чоң көйгөй жаратты.

Андан тышкары Берлин атайын кызматтардын базасына дагы айланды. 1949-1961-жылдары 2,5 миллион адам Чыгыш Германиядан Батыш Германияга качкан. Бул көрүнүштү токтотуу үчүн коммунисттик бийлик 1961-жылы 13-августта бир нече сааттын ичинде шаардын чок ортосунда Берлин дубалын тургузду.

Дубал жыл өткөн сайын чыңдалып жатып, бийиктиги 3,5 метрге жетип, тикенектүү зымга дагы оролду. Дубалдын узундугу 155 чакырымга созулду.

Буга карабастан дубал аймактан качып чыгууга аракеттенгендерди токтото алган жок. Беш миңге чукул киши дубалдан секирип, качууга жетишкен. Бирок көптөр чек арада кармалып, камакка алынган.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Бетондон курулган дубал бир гана Берлинди эмес, отуз жыл бою эки каршылаш идеологияны бөлүп турду

Берлин дубалы дээрлик отуз жыл бою турду. Анын кулатылганы XX кылымдагы эң маанилүү окуялардын бири болуп калды.

Берлин дубалы эмнеге кулатылган?

1980-жылдары СССРдин экономикасы кризиске кептелди. Коммунисттик бийлик коррупцияга батып, Ооганстандагы согуш, АКШ менен жарыша куралдануу СССР экономикасын талкалады.

Ошондуктан Чыгыш Европага жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кыскартылган. Чыгыш Европанын тургундары нааразылыгын билдирүү үчүн көчөгө чыккан.

СССРдин лидери Горбачев нааразылыкты жайгаруу үчүн саясий жана социалдык реформаларды сунуштады. Реформалар "Гласность" деген атка конду.

Карапайым калк эркиндик алган соң бийликти сындап, чоң демонстрациялар орун алды.

Польша ондогон жылдан кийин эркин шайлоо өткөрсө, Венгрия чек арасын ачып, миңдеген чыгыш германиялык Австрия аркылуу Батыш Германияга өткөн.

Чыгыш Германиянын президенти Хонеккер кызматтан кетти. 9-ноябрда Чыгыш Германиянын өкмөтү саякаттоого чектөөлөр жеңилдетилет деп убада кылды. Журналисттин "качан" деген суроосуна, өкмөт өкүлү "менин түшүнгөнүмө таянсам, чектөөлөр дароо алынат" деп жооп кайтарган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бүгүн Берлин дубалынын калдыктары тарых унутулбасын деген ой менен сакталган

Берлиндиктер мүмкүнчүлүктөн колдонуп, дубалды талкалашты. Эйфорияга баткан эл ачык чек арадан чуркап өтүштү. Жүздөгөн батыш германиялык аларды жылуу тосуп алды. Достор, бир туугандар көп жылдан кийин жолукту.

Бир айдан кийин Чыгыш Германия урады. Коммунисттик деп саналган мамлекеттерде биринин артынан биринде бийлик алмашты.

1991-жылы СССРдин өзү ыдырап, "кансыз согуш" доору соңуна чыкты. Чыгыш жана Батыш Германия кайрадан бирикти.

Бүгүн Берлин дубалынын калдыктары тарых унутулбасын деген ой менен сакталган. (AT)

Тектеш темалар