Трамптын импичменти: президенттин жардамчылары көрсөтмө береби?

Трамп

Федералдык судья Ак үйдүн кызматкерлери Конгресстин алдында көрсөтмө берет деген чечим кабыл алды. Буга чейин Трамптын администрациясы кол тийбестикке таянып, президенттин жардамчылары импичмент боюнча коомдук угууда маалымат бербейт деп келген.

Соттун чечими Ак үйдүн адвокаты Дон МакГанга багытталган. Ал 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоодогу Орусиянын кийлигишүүсү боюнча көрсөтмө бермекчи. Конгресс май айында МакГанды чакырган, бирок ал келбей койгон. Юстиция министрлиги жогорку инстанцияга арызданып, соттун чечимин жокко чыгарабыз деп маалымдады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ак үйдүн адвокаты Дон МакГан

Буга чейин коомдук угууда президент Трамптын мурдакы кеңешчиси Фиона Хилл, АКШнын Украинадагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Билл Тэйлор жана Киевдеги элчиликтин кызматкери Дэвид Холмс маалымат берген.

Тэйлор президент Трамп АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланд менен байланышып, Байденге каршы кылмыш иши боюнча сураганын ырастаган эле. АКШ элчилигинин кызматкери Киевдеги ресторанда Сондланд мырзанын "украиналыктар ишти алдыга жылдырууга даяр" деп айтканын дагы уккан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын Украинадагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Билл Тэйлор

Президент Трамп өз кезегинде Украинадагы америкалык дипломаттар менен бул темада сөз кылганы боюнча эсинде жок экенин билдирген. Ошондой эле Сондланд мырзаны "жакшы тааныбайм" деп кошумчалаган.

Ошондой эле президент Трамп импичмент боюнча маселени Сенатта, жогорку палатада кароону жактап жатканын Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидли Fox News телеканалына берген маегинде айтты. Коомдук угууга күбө катары ата-бала Байдендердин жана өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин төрагасы Адам Шиффтин көрсөтмө беришине кызыкдар экенин кошумчалады.

"Эгерде өкүлдөр палатасы бул көз боёмочулукту уланта берсе, мындай мыйзамсыз фейк жараянын америка элине таңуулай берсе", анда Трамп Сенатка барып, териштирүүгө даяр деп айткан Гидли.

Июль айында президент Трамп Украин лидери Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсү учурунда Жо Байдендин уулу Хантер Байден тууралуу сөз кылып, ага каршы коррупция боюнча тергөө иштерин улантууга үндөгөн. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, Трамп АКШ Украинага жөнөтүлө турган 400 миллион долларга тете аскердик жардамды кечиктирет деп кысым кылган.

Президент Трамп "кызмат абалынан пайдаланып, Украинаны кысымга алды" деген айыптоолорго туш болду. Трамптын негизги максаты Демократия партиясынын талапкери Жо Байдендин беделине шек келтирүү болгон дейт анын каршылаштары.

Ал эми президент Трамптын тарапташтары болсо, мурдагы вице-президент Жо Байден кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Укриананын коопсуздук кызматкерлерине кысым көрсөтүп, уулу Хантерге каршы кылмыш ишин жаптырган деп чыгышты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өкүлдөр палатасы импичмент жараянын баштаганы менен, мыйзамды кабыл алуу үчүн Сенаттын үчтөн экиси колдошу керек. АКШ тарыхында бир дагы жолу мындай болгон эмес. Анын үстүнө Сенатта республикачылар үстөмдүк кылат.

АКШ президенти мыйзамсыз кадамга бардыбы?

АКШнын президенти чет өлкөлүк лидерди кысымга алып, атаандашын каралоого түртүп жатканы олуттуу доомат. Андан тышкары президент Сенаттын чечиминен кийин каржылык жардамды кечеңдеткени дагы жеңил меселе эмес.

Атайын прокурор Роберт Мюллер эки жыл бою Трамп администрациясынын орус бийлиги менен байланышын изилдеп чыккан. Анда Мюллер Трамптын жакын өнөктөштөрү орус жарандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тапкан. Ал тургай Дональд Трамптын уулу дагы Кремлге байланышы бар расмийлер менен жолукканы тастыкталган. Ошого карабастан атайын прокурор Мюллер президент Трампка каршы кылмыш ишин козгогон эмес.

АКШ лидеринин Украин президентине байланышып, ага кысым көрсөткөнү Федералдык мыйзамдарга каршы келиши мүмкүн. Бирок Юстиция министрлигинин аракеттеги президентти жоопко тартса болбойт деген чечими күчүндө. Ал эми президентти импичмент аркылуу кызматтан кетирүү өлкө тарыхында мурда-кийин болуп көргөн эмес.

Тема боюнча башка макалалар