Тогуз жаштагы вундеркинд университеттин дипломун алат

блокнот

Тогуз жаштагы нидерланддык Лоран Симонс жакында Эйндховен техникалык университетин бүтүрөт.

Буга чейин жогорку окуу жайын бүтүрүп, диплом алгандардын эң эле жашынын курагы ондо болчу. Америкалык тестиер Майкл Карни он жашында Алабама университетин бүтүргөн.

Эми бул жетишкендикти Лоран Симонс андан ары дагы бир жылга жашартат окшойт. Лоран электротехника факультетинде окуп жатат.

Мектептин алты жылдык орто жана жогорку класстар үчүн программасын вундеркинд бир жарым жыл ичинде өздөштүргөн. Сегиз жашында орто билими боюнча аттестат алган.

Жайкы эс алуудан кийин университетте окуй баштады. Бул жерде дагы курсташтарына караганда, программаны бат өздөштүрүүгө жетишти.

Анын IQ деңгээли 145ке барабар. Лорандын айтымында, жакшы көргөн сабагы - математика. Андан тышкары статистика, геометрия жана алгебраны жактырат.

Келечекте кардиохирург болууну максат кылат. Мектепте окуп жүргөндө эле Амстердам университетинин медицина факультетинин курстарына бара башатаган. Лоран Симонс кишилердин өмүрүн узартууга каражат табууну кыялданат.

Лоран Симонстун апасы Голландиядан, атасы болсо бельгиялык. Ал Бельгияда төрөлүп, кийин үй-бүлөсү Голландияга көчүп келген.

Ата-энеси баласы дараметтүү экенин өтө эле эрте байкаганын айтат. Атасы Лорен өзү курактуу балдардай болуп, оюнчуктарга кызыкпаганын айтып берди.

"Эгерде ал эртең жыгач уста болгусу келсе, биз үчүн маселе эмес. Болгону ал өзүн бактылуу сезсе болду",-деген атасы уулу жогорку окуу жайына тапышырып жаткан учурда. (AbA)