Британ саясатындагы орус акчалары

Борис Джонсон Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Орусия британ саясатына кийлигишкен болушу мүмкүн деген парламенттик доклад Улуу Британияда кызуу талкууларды жаратууда.

Докладда орусиялык тогуз бизнесмен "Брекситти" жактаган Консерваторлор партиясын жана саясатчыларды каржылаганы тууралуу айтылат. Бул тууралуу өткөн аптада Sunday Times басылмасы ачык айтылбаган булактарына шилтеме берип жазып чыккан.

Премьер-министр Борис Жонсон докладды шайлоого чейин жарыялоодон баш тартты. Атаандаштары аны шайлоочулардан бир нерсе жашырып жатат деп күнөөлөп жатышат.

Басылмада ысымы аталган бизнесмендердин экөө Би-Би-Сиге берген интервьюсунда жарыяланган макаланы кескин сынга алышты.

Британ парламентиндеги коопсуздук жана чалгындоо комитети Евробиримдиктен чыгуу тууралуу 2017-жылы өткөн референдумга Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу докладын бир нече ай даярдаган. Докладды алдыдагы шайлоого чейин жарыялайт деп күтүшкөн эле. Бирок ал жарыяланбай калды.

Даунинг-Стрит докладды жашыруун кармап жатат деген айыптоолорду четке кагууда. Борис Жонсон доклад 12-декабрдагы шайлоодон кийин жарыяланат деп билдирди.

Эксперттер жана журналисттер докладда шайлоонун тыянагына таасирин тийгизе турган маалымат болушу мүмкүн деп болжоп жатышат. (AbA)

Тектеш темалар