Сегиз чакырым сууда сүзгөн уйлар

Cows on the beach on Cedar Island, North Carolina, in July 2017 Сүрөттүн автордук укугу Rhonda Hunter Photography

Сентябрь айында эң кубаттуу бешинчи категориядагы "Дориан" бороону Түндүк Каролинага жеткенде, жергиликтүү тургундар менен бирге жаныбарлар дагы жабыркаган.

Cape Lookout улуттук паркында табылган үч уй АКШнын Чедар аралдарында бороон учурунда жоголгон. Уйлардын ээси жаныбарлар бороондо өлдү деп, аларды издеген дагы эмес.

Улуттук парктын өкүлдөру үч уй коопсуз аймакка жетүү үчүн, сегиз чакырым сууда сүзүп келди дешүүдө. Эми аларды кайрадан ээсине жеткирип берүүгө аракет кылып жатышат.

Парктын расмийлери дал ушундай ыкма менен бороон учурунда жапайы жылкылар дагы аралга сүзүп келүүгө аракеттенгенин, бирок толкун айрымдарын Атлантика океанына тартып кеткенин билдирди.

"Жолдуу уйлар экен, сүйлөй алышса башынан өткөн укмуш окуяны айтып бермек",-дейт улуттук парктын өкүлү Бижи Хорварт.

Бешинчи категориядагы "Дориан" бороону Багам аралдарында ондогон кишинин өмүрүн алган. Кызыл чырым уюму 13 миң турак-жай талкаланганын билдирген. Шамалдын ылдамдыгы саатына 285 чакырымга жетип, океандагы толкундар жети метр бийиктикке көтөрүлгөн болчу.

Метеорологдордун билдиришинче, "Дориан" 1992-жылдагы "Эндрюдан" кийинки эң кубаттуу бороон катары катталган. 1992-жылкы табийгый кырсыкта 65 киши каза таап, 63 миң турак-жай талкаланган.

Адатта бороондор беш категорияга бөлүнөт. Бешинчи категорияда шамалдын ылдамдыгы саатына 252 чакырымга чейин жетет. Соңку жылдары мындай бороондор көп катталды: "Майкл", "Мария", "Ирма" жана "Мэтью". Окумуштуулар мындай көрүнүштү глобалдык жылуулануу менен байланыштырууда.

Тектеш темалар