Сириянын мунай өндүрүшүнөн ким пайда көрөт?

Oil field in the Hasakah province near the Syrian-Turkish border Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын президенти Трамп америкалык аскерлер Сириянын мунай чыккан аймактарын көзөмөлдөп турганда, өлкө ай сайын миллиондогон доллар киреше табарын айтты.

Президент Башар Асад болсо Вашингтон Сириянын мунайын "уурдап жатат" деп айыптады. Орусия АКШнын бул кадамын "мамлекет жасаган кылмыш" деп мүнөздөгөн.

Ошондо Сириянын мунай өндүрүшүн ким көзөмөлдөйт жана ким пайда көрүп жатат?

Donald Trmp
Getty
"Мунайды алып калдык, аны эстен чыгарбагыла. Мунайды колдон чыгарбайбыз. Айына 45 миллион доллар...".
Дональд Трамп
АКШ президенти

Чоң державалардын талашы

АКШ октябрь айында америкалык аскерлер Сириянын түндүгүнөн чыгарылат деп жар салган. Бирок кийин Вашингтон мунай өндүргөн жайларды көзөмөлдөө үчүн беш жүзгө чукул аскери Сирияда кала турганын айтты.

Учурда Сириянын түндүгүндөгү мунай өндүрүшүн күрд кошуундары көзөмөлдөп, пайда көрүп жатат.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер америкалык аскерлер мунай өндүрүштү бир гана террордук топтордон эмес, Орусия менен Сириянын аскерлеринен дагы коргойт деп айтканы бар.

Сириянын армиясы Орусиянын колдоосу менен айрым мунай талааларын колго алды. Эми күрд кошуундары көзөмөлдөп жаткан өндүрүштөрдү дагы басып алууну көздөп турат.

2018-жылы Сирия менен Орусия энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, Москва Сириянын мунай жана газ тармагын кайрадан бутуна тургузууга экслюзивдүү укук алган.

Дал ушул себептен президент Трамп Кошмо Штаттарынын мунайга байланыштуу кызыкчылыгын ачык жарыялап жаткан сыяктуу.

Getty
Акча, мунай жөнүндө сөз болуп жатат...Албетте, бул биздин, ар бир сириялыктын ачуусун келтирет. Себеби, муну уурдап-тоноо катары карайбыз”.
Башар Асад
Сирия президенти

Сирия жылына канча мунай өндүрөт?

Сириянын экономикасы мунай менен газга байланган. Жакынкы Чыгыштагы башка мамлекеттерге салыштырганда, Сириянын резервдери аз эле.

2018-жылы Сириянын 2.5 миллиард баррель мунай резерви бар болчу. Буга салыштырмалуу Сауд Арабиясынын 297 миллиард, Ирандын 155 миллиард, Ирактын 147 миллиард баррель резерви бар.

Сириянын мунай өндүрүшү

2008-2018-жылдары

Күнүнө миң баррель мунай өндүрүү
Булак: British Petroleum (BP)

Сириянын мунай талаалары өлкөнүн чыгышындагы Дайр-эз-Заур провинциясында жана Ирак менен чектеш Хасака аймагында жайгашкан.

2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери мунай өндүрүш дээрлик токтоду. 2008-жылы Сирия күнүнө 406 миң баррель мунай өндүрчү. 2011-жылы мунай өндүрүш 353 миң баррелге түшсө, 2018-жылы 24 миң гана баррель өндүрүлгөн. Өлкөдө мунай өндүрүү 90 пайызга кыскарган.

Дамаск мунай чыккан аймактарды көзөмөлдөбөйт

Сириянын мунай талааларын башында оппозициячыл топтор, андан кийин өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ көзөмөлгө алган. 2014-жылы "ИМ" тобу Сириянын чыгышындагы мунай талааларынын көбүн, анын ичинде Дайр-эз-Заур провинциясындагы эң чоң ал-Омар мунай кенин колго алган.

АКШнын Коргоо министрлиги мунай соодасы экстремисттик топтун негизги кирешеси экенин билдирип, 2015-жылы "ИМ" айына 40 миллион доллар киреше алып турганын жарыялаган.

Күрд кошуундары АКШнын колдоосу менен мунай талааларын 2017-жылы колго алган. АКШнын аба соккуларынан улам мунай өндүрүштүн көп бөлүгү талкаланган болчу. Вашингтон экстремисттердин киреше булагын токтотуу үчүн, мунай талааларын атайын бутага алган эле. Андан тышкары, аймактан чегинип жаткан экстремисттер иштеп жаткана заводдорду жардырып кетишкен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Күрд кошуундары Сириянын түндүк-чыгышындагы мунай өндүрүштү кайрадан жандантууга аракеттенүүдө

Мунай өндүрүштөн пайда көрүп жаткан күрд кошуундары

2017-жылдан бери күрд кошуундары Сириянын түндүк-чыгышындагы мунай өндүрүштү кайрадан жандантууга аракеттеништи.

АКШнын коргоо министринин жардамчысы Жонатан Хоффман жакында эле "мунайдан түшкөн киреше АКШга эмес, Сириянын демократиялык күчтөрүнө [күрд куралчандарга]" кетип жатканын тастыктады.

"Сириянын демократиялык күчтөрү жана Сириянын чыгышындагы өнөктөш уруулар өлкөнүн мунай жана газ резервинин жетимиш пайызын көзөмөлдөйт",-дейт Жакынкы Чыгыш институтунун окумуштуусу Чарлз Листер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын аскерлери Сириянын мунай талааларын кайтарып турат

Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясынан улам күрд кошуундары айрым мунай өндүрүш жайларынан чегинүүгө аргасыз болгон.

Асаддын өкмөтү дагы бул мунай чыккан жерлерге жетүүнү көздөп турат. Учурда Сирия мунайдын көбүн чет өлкөдөн импорттоп жатат. Европа Биримдиги менен АКШнын санкцияларынан улам мунайды импорттоо дагы оорчулук жаратууда. (AT)