Кытайдын тарбия лагерлери: журналисттердин колуна тийген документтер

лагердин дубалдары Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Эксперттер Кытай бүтүндөй этностун "иденттүүлүгүн алмаштырууга" аракеттенип жатат деген пикирде

Кытайдын бийлиги Шинжаң автоном аймагындагы тарбия лагерлеринде жүз миңдеген мусулмандарды күч менен кармап жатканы жөнүндө документтер журналисттердин колуна тийди. Буга чейин Бээжин өлкөнүн батышындагы тарбия лагерлерине мусулмандар ыктыярдуу түрдө келип жатканын белгилеп келген.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) уюмунун колуна тарбия лагерлеринин башчыларына берилген түшүндүрмөлөр, лагердин ичинде таратылган бюллетендер жана диний көз карашын билдиргени үчүн теги уйгур кишини он жылга лагерде кармоо жөнүндө соттун чечими тийди.

ICIJ документтерди 17 башка медиа уюм менен биргеликте иликтеген, анын ичинде Би-Би-Синин "Панорама" программасы жана Guardian басылмасы бар. Бээжин документтер боюнча комментарий берген жок. Ал эми Кытайдын Британиядагы элчиси документтерди жасалма деп атады.

Журналисттик иликтөө расмий Бээжиндин лагерлерди "билим берүү борборлору" деп атаганы, ал жайга "экстремисттик идеологияга" азгырылып, жарандардын өз ыктыяры менен келгени чындыкка дал келбей турганын аныктады. Ошондой эле миллионго чукул адам сотсуз эле эркинен ажыратылганы такталды.

Документтердин арасында Шинжаң аймагынын коопсуздугуна жооп берген Жу Хайлундун тарбия лагерлерине жөнөткөн инструкциясы дагы бар. Ал лагердин жетекчилеринен катаал тартипти жана качып кетүүгө аракеттенгендерди жазалоону сунуштайт.

Жу Хайлундун буйругу:

  • "Лагерден эч ким качып кетпеши керек"
  • "Тартипти оңдоо жана тил албагандарды жазалоо"
  • "Күнөөсүн мойнуна алдыруу"
  • "Түзөтүү курстарына басым жасоо "
  • "Окуучулардын толук кандуу трансформациясына жетишүү"
  • "Жашаган бөлмөлөр, дарсканаларда видео көзөмөлдөрдү орнотуу, "сокур аймактарды" жок кылуу"

Документтерде тарбия лагерлеринде кармалгандардын ар бир кадамы көзөмөлдөнүп турат: "Окуучунун өзүнүн керебети, турган жери жана иштегенге станогу болушу керек. Башка бирөө менен алмашууга тыюу салынат".

Андан тышкары, документтерде камакка алуулардын масштабын көрсө болот. Маселен, 2017-жылы бир аптанын ичинде эле 15 миң киши тарбия лагерлерине жөнөтүлгөн.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кытайдагы мусулмандар кармалган лагер

Human Rights Watch уюмунун Кытай боюнча башчысы Софи Ричардсон бул документтерди прокуратура текшерип чыгышы керек экенин белгиледи.

"Булардын баары далил, ага таянып адам укуктары тебеленип жатканы боюнча кылмыш ишин козгосо болот. Лагерлерде кармалгандар жок дегенде психологиялык куугунтукка туш болуп жатышат. Алар канча мөөнөт лагерде кармаларын дагы билбейт",-деди ал.

Инструкцияда өзүнүн көз карашын, баалуулуктарын, тилин жана ишенимин алмаштыргандар гана лагерден бошотулат.

Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин адвокаты Бен Эммерсон Кытай бийлиги адамдын иденттүүлүгүн алмаштырууга аракеттенип жатат деген пикирде.

"Муну массалык түрдө мээни айландыруу деп атасак болот. Шиншаң аймагындагы уйгур-мусулмандарды толугу менен транформациялоо, башкача айтканда аларды маданиятын жок кылуу аракети жүрүп жатат".

Жашыруун лагерлер

Документтерге ылайык, лагерде кармалгандарга идеологиялык трансформациясына жараша упай берилет. Ага жараша үй-бүлөсүнө байланышуу укугун алышат.

Төрт партиялык комитет лагерде кармалган киши толук кандуу трансформация болду деген чечим чыгарганда гана бошотулат. Ал эми лагерге алып келүүнүн алдында Кытай бийлиги атайын программалык системаны колдонот. Ага ылайык, жарандын артынан көзөмөл жүрүп, маалымат топтолот.

Документтердин биринде Zapya файлдарды алмашуу системасын колдонгону үчүн эле 1,8 млн уйгур көзөмөлгө алынганы айтылат. Система бул тиркеменин 40 577 колдонуучусун карап чыгып, кимисинен кичине эле шек байкалса, дароо лагерге жөнөтүүнү сунуштаган.

Документтерде башка өлкөлөрдөгү уйгурларды дагы аңдуу боюнча көрсөтмөлөр жазылып, Кытайдын ичинде болсо башка өлкөнүн жарандыгы менен келген уйгурларды камкка алуунун жол-жобосу көрсөтүлгөн. Андан улам буга Кытайдын элчилиги дагы тартылышы мүмкүн деп болжоого болот.