Азербайжан армиясындагы тыңчылык окуясы: үрөй учурган кыйноолор

18+ Эскертүү: макалада зомбулук аракеттери сүрөттөлөт

По данным правозащитников, более 100 солдат и офицеров подверглись истязаниям, 25 получили длительные тюремные сроки и не менее девяти погибли от пыток.

Кыйноонун ондогон курмандыктары, чыккынчылык үчүн айыпталган 25 киши жана ур-соккудан каза тапкан тогуз киши...2017-жылдагы Азербайжан армиясында Армения кызыкчылыгы үчүн иштеген делген тыңчыларды табуу аракеттеринин жыйынтыгы ушундай болду.

Би-Би-Си "Тертер ишинин" курмандыгы болгондордун жакындары менен сүйлөштү.

Насир баш калаа Бакуга кичи мекени Хачмаз айылынан уулу "мамлекетке чыкынчылык кылды" деген айып менен камалгандан кийин келген.

Ал шаар четиндеги "хрущевка" аталган үйлөрдөн батирди ижарага алып, уулунун кылмыш ишине байланышкан окуяны өз ара териштирүүгө аракет кылды. Башка жоокерлердин ата-энеси менен байланыштарды түзөт. Документтерди жыйнап, укук коргоочулар, чет жерлик дипломаттар менен байланышууга аракет кылат.

Насир ар бир жолгушууга сумкесине толтура документтерди салып келчү. Соттун чечимдери, комиссиянын бүтүмү, Азербайжан армиясындагы жүздөгөн жоокерлердин кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтар бар эле.

Бул окуяны көптөр билбей деле калды. Сот иштери жабык эшик артында өткөн.

2017-жылдын май айында Азербайжандын Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо жана Ички иштер министрликтери билдирүү жасап, Армениянын атайын кызматы үчүн иштеген бир нече аскер кызматкери кармалганын билдирген.

2017-жылдын май жана июнь айларында массалык кыйноолор болгонун коомчулук эки жылдан кийин гана билди.

Укук коргоочулардын айтымында, жүзгө чукул жоокер жана офицерлер кыйноого алынган. Алардын жыйырма беши эркинен ажыратылып, тогуз киши ур-токмоктон көз жумган.

Азербайжанда бул окуяны "Тертер иши" деп аташат. Бул жоокерлерди тергөөгө алып келген аймактын аталышы.

В тот день Равану возмутило, что пришедшие в мечеть военные не позволили обмыть тело, чего требует мусульманский обычай. А само тело было уже обмотано тканью и накрыто флагом.

"Эгерде моюнуңа алсаң, тирүү калмаксың"

Укук коргоочу Октай Гюлалыевдин айтымында, тогуз киши кыйноодон көз жумган. Алардын бешөөнө эч кандай кылмыш иши деле козголгон эмес экен.

Сурак маалындагы кыйноодон өлгөндөрдүн бири - прапорщик Руслан Оджагвердиев эле.

Жубайы Равана жолдошу 2017-жылдын 15-июнунда эрте менен аскер бөлүгүндөгү жумушуна кетип, ошол бойдон кабарсыз болгонун эскерди.

"Кабатыр болуп, кечке телефон чалдым. Андан кийин кошуналарга барып, тынчсызданып жатканымды айттым",-деди Равана.

"Ошол эле күнү кечке маал анын жарадар болуп калганын айтышты. Башка эч маалымат беришкен жок. Болгону эрте мененкиге чейин күтүп тургула дешти. Түнү менен уктабадык. Эрте менен телефон чалышып, жолдошумдун каза тапканын угузушту".

Өлүмдүн себебин "машыгуу учурунда жүрөгү токтоп калган" деп көрсөтүшкөн.

Коңшулары чогулуп келип, күйөөсүнүн сөөгүн алып келүүгө жардам кылышты. Мусулман каадасы менен анын сөөгүн ошол эле күнү жерге беришет. Бирок сөөктү жууганга аскер кишилери уруксат бербей койгон. Сөөктү өздөрү ороп, үстүнө туу жаап алып келишкен.

"Анын жүрөгү кармап калып, Бакудан медициналык тик учак чакыртылды" деген жүйөөгө Равана ишенген жок.

Беш күндөн кийин Русландын сөөгүн кайра казып алышып, Бакуга экспертизага жөнөтүшөт. Ал көкүрөк тушунан алган травмадан өлгөнү белгилүү болду. Баса, эксперттердин бүтүмү менен Равана тергөө учурунда гана толук тааныша алган.

Равана аскер прокуратурасы менен соттошуп жаткан ондогон жабырлануучулардын бири эле. Башка аскер кызматкерлеринин көрсөтмөсүнөн кийин гана күйөөсүн кантип кыйнашканын билди.

"Анын оозуна майкасын тыгып, муунтуп, тыңчы экенин моюнуна алдырууга аракет кылышкан. Сенде тандоо бар, өлөсүң же моюнуңа аласың деп айтышкан",-деп эскерди Равана.

Сотто Равананын жолдошуна ушундай эле кыйноодон улам башка жоокер жалган көрсөтмө берүүгө аргасыз болгону ачыкка чыкты.

"Сот залында жамгырдай жашымды төгүп, Фуад Агаевден [кыйноо үчүн айыпталгандардын бири] эмне үчүн мындай кылганын сурадым. Ал "мага буйрук беришти, мен аны өлтүрөт элем, болбосо мени өлтүрүшмөк" деп жооп берди".

Равана жолдошун чечинтип алып кыйнашканын, колун байлап, сууга тумчуктуруп, кандайдыр бир препараттар менен денесине сайгылашканын айтты. Мунун баары дарыгердин көз алдында болгон. Дарыгер ал өлүп калбасы үчүн ошол жерде көзөмөлдөп турган. Бул фактыларды күбөлөр дагы, экспертиза дагы ырастап берген.

Прокуратура анын күйөөсүнө эч кандай айып тагылбаганын тастыктады.

"Жаным кашайып, аларга кайрылдым: Эмне ал силерге тоок же койбу, уйбу! Менин Русланымды эмне үчүн, эмнеге өлтүрдүңөр?!".

Русландын артында эки уулу калды. Ал 32 жашта эле.

Натаван две недели не знала, где ее муж, пока ей просто не передали его тело.

Табытты ачууга уруксат беришкен эмес

39 жаштагы отставкадагы офицер Салех Гафаровдун артында дагы эки уулу калды. Жубайы Натаван жолдошун эч кандай түшүндүрмөсү жок эле үйүнөн полиция кызматкерлери алып чыгып кеткенин айтып берди.

Эки апта боюу анын кайда экенин билбей, кабарсыз олтурган. Анан полиция табытка салынган сөөгүн алып келди. Жерге берип жатканда табытты ачууга уруксат беришкен эмес. Эмнеден өлгөнүн дагы айтышкан жок. Болгону анын сөөгүн эртерээк жашырууга шашылышты.

"Сотто гана аны кыйноого алып, сурактын экинчи күнү каза тапканын билдим",-деди Натаван. 4-май күнү кармап кетип, сурак кылышкан. 6-майда комага түшүп, Бакудагы аскер госпиталына жаткырылат. Бирок эс-учун билбеген абалда жети күндөн кийин каза болуп калган.

Салехтин колу, бутун байлап сууга башын тыгып, токко тарттырып, жаагын сындырып, экинчи кабаттан ыргытышкан. Мунун баары сотто айтылып, жакындары угуп олтурушту. Ушундай кыйноодон кийин гана ал комага түшүп калат.

Бул фактыларды күбөлөр дагы, экспертиза дагы ырастап берген.

Ата-энелердин нааразычылыгы

Мамлекетке чыккынчылык кылган, жогорку аскер чиндеги кызматкерге кол көтөргөн жана башка айыптоолор менен 25 киши абакта олтурат.

Алардын жакындары Бакуда нааразылык акцияларын өткөрүп, кыйноолор тууралуу айтып, соттошуп жатат.

Келишим менен армияда кызматка өтөгөн Натик дагы түрмөгө түшкөн жоокерлердин бири. Атасы Эльбрустун айтып бергенине караганда, 2017-жылы май айында уулу үйүнө отпускеге келмек. Ата-энеси кабатыр болуп, аскер бөлүгүнө барат. Уулу госпиталда экенин айтышкан.

Ал жерде дагы бир топ ата-эне балдарын издеп барганын көрөт. Бир тобу чогулуп, аймактын аскер жетекчилигине даттанышкан.

"Бизге эл душманы сыяктуу мамиле кылышып, кууп чыгышты,-деп эскерет Эльбрус. - Ошондо биз өз өмүрүбүзгө кол салабыз деп катуу ачууландык. Анан гана бизди угуп, балдарыбыздын ысымдарын жазып алышты".

Үч күндөн кийин Эльбрус уулу менен телефондон сүйлөшө алды. Беш күндөн кийин гана Натик менен коңшу айылдан дагы бир аскер кызматкери үйүнө кайтып келген. Натик башынан кандай күндү өткөргөнүн атасына айтып берген. Токко тарттырып, катуу кыйнашканда эс-учун жоготуп беш күн жаткан экен. Бул боюнча медициналык экспертиза жок, бирок атасы уулунун денесиндеги тактарды сүрөткө тартып алган.

Эльбрустун айтымында, Натик кийинки күнү кызматына кайтып барып, келишим мөөнөтү бүткөнчө кызмат кылат.

Большинству (более 100) жертв пыток удалось избежать тюрьмы. Некоторые счастливы уже тем, что остались в живых и на свободе. Да и суд приговорил к срокам непосредственных исполнителей допросов с пытками.

Сентябрда Эльбруска аскер прокуратурасынан байланышка чыгып, "сиз Натиктин атасы болосузбу" деп сурашкан. Анан уулун прокуратурага келип, кандайдыр бир түшүндүрмө жазып берүүсүн өтүнүшкөн.

Натик бир тууганы Нахид менен чогуу Бакуга аскер прокуратурасына келет.

"Түн жарымда Нахид телефон чалып, Натикти камакка алышканын айтты",-деп эскерди атасы.

Эльбрус уулу менен жолугууга аракет кылып, бир нече күн прокуратурада жүргөн. Кийин уулуна жолуккан учурда "Армениянын чалгын кызматына иштеген" деген айыптоо тагылганын укту.

"Баңгизат үчүн ата-энеңди айыптайбыз деп коркутушуп, моюнуна алдырышкан",-деди ал.

Азыр Натик абак жазасын өтөп жатат. Мамлекетке чыкынчылык кылган деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Мындай айып менен камалган аскер кызматкерлеринин ата-энелери курулай доомат экенин далилдөөгө аракет кылууда.

Алардын ишин Жогорку сот дагы карап, өкүмдү өзгөрткөн жок. Сот болгон жыйырма гана минутага уланды дейт Эльбрус. Эми ал Европа сотуна даттанууга бел байлап турат.

Вагиф рассказал, как после пыток его и других заставили сдавать спорт-нормативы. Они их не сдали.

Кыйноодон аман калып, эркиндикке чыккандар

Кыйноого алынгандардын көпчүлүгү эркиндикке чыккан. Алар аман калганына шүгүр кылып, көбү унчукпай кала берди. Кыйноо жолу менен сурак жүргүзгөндөр сот жообуна тартылды.

Жогоруда ысымы аталган майор Фуад Агаев массалык кыйноолор боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Дагы жети киши ар кандай мөөнөткө абакка кесилген.

Би-Би-Сиге Аскер прокуратурасынын басма сөз кызматы: "Бул ишке катыштыгы болгондордун баары абак жазасын алганын, жоопкерчиликтен эч ким кутулуп кетпегенин" айтты.

Бирок мурдакы рота командири, капитан Вагиф Абдуллаев соттук териштирүүлөр менен макул эмес.

Анын айтымында, ачка кармап, жылаңачтап муздак суу куюп, арматура менен сабап, токко тарттырып кыйнашкан. Анан армиядан кууп салышты. Сотто ал жабырлануучу катары көрсөтмө берди. Кыйноого алынганы тууралуу фактыларды соттук-медициналык экспертиза аркылуу далилдеген.

"Мага каршы эч кандай айып тагылган эмес. Жөн эле эки ай кыйноого алышты. Анан бизди өтө оор абалда спорттук даярдык боюнча экзамен тапшырууга мажбурлашты. Ошондой абал менен сынактан өтпөй калышыбыз турган кеп да. Мына ушуну шылтоо кылып туруп, кызматтан бошотушту".

"пытки и другие формы жестокого обращения со стороны полиции, других правоохранительных органов и армии… имеют систематический характер, широко распространены и не искореняются"

"Азыр эч ким коркпойт"

Укук коргоочу Октай Гюлалыевдин айтымында, бул иш башталган алгачкы айларда укук коргоочулар дагы, коомчулук дагы бул тууралуу эч нерсе билген эмес.

Кийин гана ар кандай кептер чыга баштады.

Укук коргоочулар ишке аралашып, ата-энелери менен байланыштар түзүлөт. Жыйынтыгында 101 киши кыйноого кабылып, тогузу ошондон каза тапканы сот аркылуу аныкталган.

"Биз мыйзамдар массалык түрдө бузулганын көрдүк. Жактоочулар, ата-энелери киргизилген эмес. Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы кишилери жөн эле өз алдынча сот уюштуруп жиберишкенине күбө болдук",-дейт Гюлалыев.

2019-жылдын 29-октябрында Октай Гюлалыевди Бакунун борбордук бөлүгүндө унаа сүзүп кетти. Ага оор абалда операция жасалган. Макала жарык көрүп жаткан учурда Октай Гюлалыев дарылануусун чет өлкөдө улантып жаткан эле. (AbA)

Макала айрым кыскартуулар менен сунушталды.

Сүрөт автордуку