“Уулумдун өлүмүн пропаганда үчүн пайдаланбагыла”

Floral tributes for victims of the terrorist attack, including Jack Merritt, left on London Bridge in central London Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption 25 жаштагы Жек Меррит терактта каза тапкан

Лондондогу терактта каза тапкан Жек Мерриттин атасы кайрылуу жасап, саясатчыларды уулунун ысымын өз кызыкчылыгы үчүн колдонбоого чакырды.

"Уулумдун жана анын кесиптешинин өлүмүн өзүңөрдүн жийиркеничтүү пропагандаңарды жайылтуу үчүн пайдаланбагыла. Жек силер колдогон жек көрүүчүлүк, бөлүү жана караңгылыкка каршы турган",-деп айтты Дэвид Меррит.

Өткөн жума күнү 28 жаштагы Усман Хан Лондон көпүрөсүндө бычак менен көчөдөгүлөргө кол салган. Аны тургундар кармап калышкан. Кийин полиция келип, жанкечти курун байкап калып, шектүүнү атып өлтүргөн.

Дүйшөмбү күнү терактта Кембриж университетинин бүтүрүүчүлөрү 23 жаштагы Саския Жонс жана 25 жаштагы Жек Меррит каза тапканы кабарланган. Алар абактан эркиндикке чыккан жаштарга колдоо көрсөткөн "Чогуу билим алалы" аттуу социалдык долбоордо бирге иштечү.

Мурда Усман Хан террордук уюмдарга байланышы бар деген айып менен 16 жылга эркинен ажыратылган экен. Бирок сегиз жылдан кийин, 2018-жылы эркиндикке чыккан.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон террордук уюмдарга байланышы болгон үчүн соттолуп, бирок жаза мөөнөтүнөн эрте бошотулган 74 киши бар экенин билдирди. Премьер-министр терроризм боюнча соттолгондорду мөөнөтүнөн эрте бошотууну токтотуу зарыл экенин баса белгиледи.

Айрым саясатчылар окуяны колдонуп, террордук уюмдарга байланышы бар үчүн соттолгондор абактан эрте бошотулбашы керек деген ураан менен чыгышкан. Маркум Жек Мерриттин атасы Дэвид, уулу дал ушундай мыйзамдарды өзгөртүүгө аракеттенгенин белгиледи.

Полициянын тинтүү иштери

Полиция Усман Хандын Стаффорддогу үйүндө тинтүү жүргүздү. Жекшемби күнү кечинде окуяга байланышы бар деп шектелген 34 жаштагы киши камакка алынганы белгилүу болду. Полиция анын ысымын атаган жок. Ал дагы мурда терроризм боюнча соттолуп, мөөнөтүнөн эрте бошотулгандардын бири деп айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Британияда бир ай мурда эле террордук чабуулдун коркунуч деңгээли орточо абалга түшкөн эле. Башкача айтканда террордук чабуул уюштурулушу мүмкүн, бирок анын "ыктымалдуулугу төмөн" деген чечим кабыл алынган.

Террордук чабуулдун ыктымалдуулугу боюнча көрсөткүчкө британ өкмөтү жооп бербейт. Аны көз карандысыз борбор жүргүзөт. (AT)