НАТО 70 жашта: талаш менен таарынычтын мааракеси

Nato military exercise in July 2015 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption НАТО уюму быйыл жетимиш жылдыгын белгилеп жатат

Түндүк атлантикалык конвенция уюму (НАТО) кансыз согуш доорунда 1949-жылы негизделген. Уюм саясий жана аскердик альянс катары куралып, негизги максаты СССРдин коркунучунан Европанын коопсуздугун сактоо болчу.

НАТОго жетимиш жыл толуп жатканда дүйнөдөгү коопсуздук боюнча түшүнүк радикалдуу түрдө өзгөрдү. Уюмдун мүчөлөрү дагы өз ара келишпестиктерге дуушар болуп, бири-бири менен кайым айтышууда.

29 мамлекет мүчө болгон уюмду дүйнөдөгү эң ийгиликтүү аскердик альянс деп аташканы менен, анын келечеги бүдөмүк абалда турат.

НАТО кантип түзүлгөн?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption НАТО 1949-жылы негизделген

Түндүк атлантикалык конвенция уюмун Европанын он мамлекети жана АКШ менен Канада негиздеген. Бул мамлекеттер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзунан кооптонуп, СССРдин аскердик кубатына туруштук берүү максатында биригишкен.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР Европанын чыгышында миңдеген аскерин жайгаштырып, Европада өзүнө ыңгайлуу лидерлерди дайындаган эле. Чыгыш Германия менен Батыш Германия бөлүнүп, Советтер Союзу Берлиндин батыш тарабын блокадага алганда, АКШ, Британия жана Франция сыяктуу мамлекеттер Берлинге учак менен азык-түлүк жеткирүүгө аргасыз болгон.

Ошондон улам АКШ жана 11 башка мамлекет (Улуу Британия, Франция, Италия, Канада, Норвегия, Бельгия, Дания, Нидерланддар, Португалия, Исландия жана Люксембург) аскердик альянс түзүүгө шашты. 1952-жылы уюм кеңейип, Греция менен Түркияны кошкон. 1955-жылы НАТОго Батыш Германия кошулган.

1999-жылдан тарта НАТОго Европанын чыгышындагы мамлекеттер бирикти. 2017-жылы июнь айында Монтенегро кошулганда, НАТО 29 мамлекеттен турган альянс болуп калды.

Азыркы доордо НАТОнун кандай максаты бар?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кансыз согуш доорунда НАТОнун негизги максаты СССРге каршы коопсуздукту сактоо эле

НАТО негизги максаты катары "эркиндикти, орток мурасты жана маданиятты коргоо" деп жазат жана мүчө мамлекеттер "Түндүк Атлантика аймагындагы туруктуулукка" өбөлгө болот деп айтылат.

НАТОго мүчө болгон мамлекетке каршы аскердик кол салуу болсо, бул альянстын баарына агрессия катары саналып, мүчө мамлекеттер жааматтык коргонууга өтөт. Башкача айтканда, Европанын коопсуздугу "Түндүк Америкадагы мамлекеттердин коопсуздугуна ажырагыс байланышта" экени айтылат.

Жаңы түзүлгөндө уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн коопсуздугуна Советтер Союзу менен коммунизм идеологиясы коркунуч жараткан. Бүгүнкү күнү НАТОнун чек арасы бир миң чакырымга Москва тарапты көздөй жылды. 1989-жылы СССР ыдырап, мурда душман катары саналган Европанын чыгышындагы мамлекеттер альянска кошулду.

СССР ыдырагандан кийин НАТОнун эмне кереги бар?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ооганстанда НАТО башкарган 17 миң аскер жайгашып турат

Кансыз согуш доору аяктап, Советтер Союзу ыдырап кетсе деле Батыш мамлекеттери Москвадан кооптонууда.

"Коммунизм жоголуп кетсе эле маселенин бары чечилип калат дегенге эч ким ишенген эмес",-деп айткан эле 2003-жылдагы кайрылуусунда НАТО уюмунун өкүлү Жэйми Шеа.

Орусиянын армиясы дагы деле кубаттуу болуп турган 1990-жылдары Югославиянын ыдыраганы Европага кайрадан согуш алып келди.

Бул окуялардан кийин НАТО саясатын өзгөртүп, конфликтке кийлигише баштады. Уюм Босния менен Косоводо серб күчтөрүнө каршы аба соккуларын жасап, аймакка тынчтык күчтөрүн жөнөткөн.

2001-жылы НАТО биринчи жолу Европадан алыс аймакта аскердик операция жүргүздү. Бириккен Улуттар Уюму уруксат бергенден кийин, НАТО Ооганстанда жайгашкан альянстын аскерлерин башкарды. Азыр 17 миң аскер дагы деле Ооганстанда. НАТО ооган армиясын машыктырып, кеңеш берип келүүдө.

Ич ара араздашуу эмнеден чыкты?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын президенти Трамп дагы НАТО уюмун сынга алды

АКШнын президент Дональд Трамп өзү баш болуп НАТО уюмун сындап келет. 2016-жылы президентикке талапкер кезинде Трамп альянсты "эскирди" деп атап, уюм "ыдырап кетсе" деле "эчтеке болбойт" деп айткан. Президент Трамп бир нече жолу альянстан чыгып кетүү же милдеттенмелерин аткарбай коюу жөнүндө сөз кылган.

Ошондой эле Трамп НАТОго мүчө болгон башка мамлекеттерге салыштырганда АКШ альянска өтө эле көп каражат бөлгөнүн айтууда.

Чынында АКШ НАТО бюджетинин 70 пайызын көтөрөт (2018-жылкы статистика). 2014-жылы уюмга мүчө мамлекеттер коргонуу бюджетин 2024-жылга чейин ИДӨнүн эки пайызына чейин көтөрүүгө макул болгон. Бирок азырынча бул талапты аткарган мамлекеттер аз.

Батыштын баш оорусу болгон Түркия

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түркиянын Сириядагы аскердик операциясы НАТОго мүчө мамлекеттер арасында чыңалуу жаратты

1952-жылы НАТОго кошулган Түркия октябрь айында Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы аскердик операциясын жүргүздү. Европа Биримдиги каршылык билдирип, Түркияга курал-жарак сатуусун токтотту. Алардын катарында Франция, Испания жана Британия бар, алар Анкарага эң көп курал саткан мамлекеттер эле.

Түркия Москвага жакындап, Анкара Орусиядан ракеталардан коргонуу системасын сатып алды. Буга Вашингтон кескин каршы чыкты. АКШ 2013-жылдан бери өзүнүн ракетага каршы системасын Түркияга сунуштап келет. Бирок Анкара системадан тышкары технологиянын өзүн дагы сатып алууну көздөгөн, бирок Вашингтон келишимден баш тартып койду. Эгерде АКШ технологияны кошо сатса, Түркия системаны өлкөнүн ичинде өзү чыгара баштамак.

АКШ ошентип Орусия технологияны уурдап алат деп кооптонуп, F-35 аскердик учактарын Түркияга сатуудан баш тартты. Ага карабастан НАТОнун Түркияда бир нече аскердик базасы жайгашкан. Алардын ичинде АКШнын өзөктүк дүрмөтү бар ракеталары дагы Түркияда жайгашкан.

Франция НАТО келечегине ишенбейт

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Франциянын президенти Макрон менен Германиянын канцлери Меркел НАТО боюнча пикири келишпей келет

Франциянын президенти Макрон абройлуу Economist журналына маек куруп, НАТОну "мээси иштебей калган" уюм деп атады. Ошондой эле Макрон АКШнын өзү уюмдагы милдеттенмелерин аткарбай жатат деген пикирде. Буга Кошмо Штаттарынын НАТОго билдирбей туруп, Сириядан аскерлерин чыгарып кеткени себеп, дейт Макрон.

Франциянын лидери НАТО уюмуна мүчө мамлекеттер "жааматтык коргонууга барышына" ишенбей турганын билдирген.

"Европа аскердик стратегиясын өз алдынча жүргүзүп, аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтиши керек",-деп айткан Макрон. Франциянын лидери көптөн бери Европа Биримдигин аскердик саясатын өз алдынча жүргүзүүгө үндөп келет.

Франция президентинин маеги бүтүндөй Европа регионунда чуу жаратты.

"Улам-улам сиз талкалаган чыныларды чаптап жатып тажадым. Жөн коёюн десем, биз чай иче албай калабыз",-деп Германия канцлери Меркелдин Макронго айткан сөзүн The New York Times гезити жазып чыкты.

НАТОнун келечеги кандай болот?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption НАТО уюму президент Путиндин саясатынан кооптонот

НАТОнун келечеги Орусиянын геосаясатынан көз каранды.

"Орусия тараптан агрессия болсо, НАТО өз миссиясын уланта берет. Балким, уюм дагы жетимиш жылга актуалдуулугун жоготпойт",-деп айткан НАТОнун баш катчысынын мурдагы орун басары Александр Вершбоу.

Андан тышкары президент Трамптын сын-пикирине карабастан АКШ Конгресси январь айында өлкөнүн НАТОдон чыгып кетүүсүн токтоткон мыйзамды кабыл алды. Мыйзамга демократтар менен бирге республикачылдар дагы колдоп добуш беришти.

Ошол эле учурда Орусия НАТОну агрессор деп атап келет. Президент Путин СССР ыдыраганына карабастан альянс чек арасын Орусияга жакындатып, ракета системаларын Европанын чыгышына жайгаштыруу аракетин көрүп жатканын айткан эле.

Тектеш темалар