Кытай: смартфон колдонуучулар жүзүн сканерден өткөрөт

Кытайда 1-декабрдан тарта мобилдик кызматтарга кошулуу үчүн сөзсүз жүзүн сканерден өткөрүү эрежеси киргизилди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кытайдагы интернет колдонуучулар жүз миллиондоп саналат. Алардын дээрлик көпчүлүгү интернетке мобилдик телефон аркылуу кирет

Бийлик кибермейкиндикте жарандардын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укугун коргоо үчүн ушундай чарага барып жатканын айтууда.

Кытай бийлиги көп жылдан бери интернетти анонимдүү колдонгондорго каршы күрөшүп келе жатат. Мурда мобилдик телефонго сим-карта алуу үчүн өздүгүн тастыктаган документ жана сүрөт талап кылынчу. Эми сүрөт менен жүздүн сканерден өткөн вариантын салыштырып, колдонуучунун өздүгүн так аныкташат. Ошондо колдонуучулар интернеттеги коомдук сайттарга дагы өзүнүн ысымы менен катталмакчы.

2017-жылы интернетке кандайдыр бир контентти жайгаштырар алдында колдонуучунун өздүгүн текшерүүнү милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Жаңы эрежелер бул ситеманы күчөтүүгө багытталган деди расмийлер.

Кытайдагы интернет колдонуучулар жүз миллиондоп саналат. Алардын дээрлик көпчүлүгү интернетке мобилдик телефон аркылуу кирет. Өкмөт кишилерди жүзүнөн таанууга мүмкүнчүлүк берген түрдүү технологияларды, видео байкоолорду кеңири колдонуп келүүдө. Бул маселеде Кытай дүйнөлүк лидер саналат.

Оксфорд университетинин Кытай маалыматтык технологиясы жана жасалма интеллект боюнча изилдөөчүсү Жеффри Диндин пикиринде, интернет жана смартфон колдонуучуларын идентификациялоо - киберкылмыш менен күрөшүү максатында болушу мүмкүн. Бирок дагы бир жагдай бар - калктын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү.

"Алар ар бир кишинин моюнуна көрнөк илгиси келет", -дейт эксперт.

Колдонуучулар тынчсызданууда

Кытай ММКлары жаңы киргизилген эрежелер тууралуу көп деле жазган жок. Бирок кытайлык интернет колдонуучулар буга катуу тынчсызданууда. Көпчүлүк колдонуучулар барган сайын бийлик алардын жеке жана купуя маалыматтарына ээ болуп жатканын кабатыр.

"Кишилерди такай байкоого алуу барган сайын күчөп жатат. Алар эмнеден коркушат?",-деп жазды колдонуучулардын бири Sina Weibo платформасына.

Көптөр өздүк купуя маалыматтары сыртка чыгып кеткен учурлар болуп жатканына даттанган. Алардын айтымында, бейтааныш эле кишилер дарегин жана аты-жөнүн билип алып чалган учурлар болду.

"Мурда кылмышкелер аты-жөнүңдү билип алчу, эми алар жүзүмдү дагы билип алат экен да",-деп жазылат коомдук сайттагы билдирүүлөрдүн биринде.

"Жаңы эреже коомдун пикирин эске албай эле киргизилип жатат",-деп жазды дагы бир колдонуучу.

Ошол эле учурда муну технологиядагы өнүгүү катары кабыл алгандар дагы көп. Кытай бийлиги көп жылдан бери интернетти көзөмөлдөп келет. Жактырбаган маалымат дароо өчүрүлөт.

"Видеокамералардын өлкөсү"

Кытай "видеокамералардын өлкөсү" катары аталып жүрөт. 2017-жылы эле Кытайда 170 миллион камера орнотулган. 2020-жылы өлкөдө 400 миллионго чейин камера орнотулат.

Жергиликтүү басылмалар жүздөн таануу технологиясын кылмыштуулук менен күрөштүн эң натыйжалуу жолу катары көрсөтүшөт. Маселен, өткөн жылы концерт учурунда 60 миң кишинин арасынан полиция кылмышкерди таап кармаганын басылмалар кызуу чагылдырып, технологиянын жогорку жетишкендиги катары баалады.

Шинжаң провинциясында мусулман уйгурларлар мажбурлоо жолу менен "тарбия" лагерлеринен өтүп жатканы тууралуу көп сындар айтылып келүүдө. Видео байкоолор кишилердин агымынан сырткы кебетесине карап, уйгурларды ажыратып тааныйт деп жазган "Нью-Йорк таймс" басылмасы. (AbA)