Ирандын мамтелеканалы демонстранттарга ок атылганын ырастады
Ирандын мамлекеттик телеканалы ноябрдагы каршылык акциялары учурунда демонстранттар каза тапканын ырастады. Бирок аларды өлкөнү башаламандыкка алып келүүгө аракет кылган "бандиттер" жана "козголоңчулар" атады.
Күйүүчү майдын кымбатташына каршы чыккандарга Иран бийлиги ок атып, анысын жашыруу үчүн интернетти толугу менен өчүрүп салды деген сындар айтылып жаткан.
Маалыматтык блокада учурунда укук коргоочулар тарабынан бир катар айыптоолор айтылды. Маселен, Amnesty International маалыматы боюнча күч түзүмдөрү менен демонстранттар кагылышып, 208 киши өлгөн. Башка булактар бул сандарды 400гө жетти деп айтышкан.
Расмий кабарларда каза тапкандар тууралуу так сандар айтылган жок. Иран бийлиги укук коргоочулар көрсөткөн сандарды жалган деп четке какты.
IRTV2 мамлекеттик каналында көрсөтүлгөн сюжетте каза тапкандарды "куралдуу бандиттер" жана "козголоңчулар" аташты. "Козголоңчулар бычак жана ок атуучу курал менен аскердик жана кайтаруудагы объектилерге чабуул жасашканы" тууралуу сөз болду.
Кабарчы "козголоңчулар" Керман провинциясындагы мунай коруна өрт коюну пландаган дейт.
"Эгерде алардын арамза планы ишке ашып калганда, жүздөгөн кишилер, анын ичинде аялдар жана балдар бейажал өлмөк",-дейт кабарчы.
Бендер-Машахр шаарында куралдуу кишилер мунай ишканасын басып алып, жардырууну пландаган. "Машахрда алар иш жүзүндө согуш башташкан",-деп айтылды сюжетте.

Буга чейин New York Times басылмасынын булактары Бендер-Машахрда Ислам революциясынын сакчылары корпусунун аскерлери камыштын арасына жашырынган демонстранттар тобуна ок атканын айтышкан эле. 40тан 100гө чейин киши өлгөнү айтылган.
Мамлекеттик каналдагы сюжетте шаардын полиция жетекчиси "демонстранттар эмес куралдуу жикчилдерди" жеңгенин айтып берет. Сюжеттин соңунда акциялар учурундагы "шектүү ок атышуулардан" бейажал кишилер өлгөнү айтылып, бийликти иликтөөгө алууга чакырышат.
Би-Би-Синин мониторинг кызматы ирандык коомдук сайттардагы өкмөттүк ММКлардын аккаунттарында атайын ролик пайда болгонун белгилейт. Роликте полиция бөлүмүнүн командири кол алдындагы кызматкерлерине демонстранттарга этият мамиле кылууну үйрөтүп жатат.
Ирандагы каршылык акциялары 15-ноябрда башталган.
Каршылык акциясына кимдер чыкты?
Бул жолку нааразылык күйүүчү майга болгон баалардын кымбатташынан келип чыкты. Бир эле түндүн ичинде 200 пайыз кымбаттап кеткен. Кыштын алдындагы мындай абал, албетте, тургундардын кыжырын кайнатпай коймок эмес.
Жаңы толкундоолор өлкөнүн бардык аймагын кучагына алды. Ага Иран коомундагы эң жакыр катмар дагы кошулган.
"Кишилер кыйынчылык менен үй-бүлөсүн багып жатат. Алар үчүн кышында үйүн жылытуу, дары-дармек сатып алуу оор. Ошондуктан алар жоготор эч нерсем жок деп, каршылык акциясына кошулду",-деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге ысымын атабаган эксперт.
Мамлекет интернетти өчүрдү
"Биз интернетти Иран элинин кызыкчылыгы үчүн өчүрдүк",-деди Ирандын ички иштер минстри Абдолреза Рахмани-Фазли.
Иранда мамлекет интернетти толугу менен көзөмөлдөйт. Өлкөдөгү нааразылык жүрүштөрүнөн кийин интернет өчүрүлду.
"Бөгөт коюнун масштабы - мамлекет жаңы технологиялык деңгээлге чыкканын күбөлөп турат",-деди дагы бир ысымын жашыруун калтыргысы келген эксперттердин бири.
Instagram, Telegram сыяктуу коомдук сайттар 2017-2018-жылдардагы каршылык акциялары учурунда эле жабылган эле.
"Айрым кишилер өкмөттүн тыюу салганына карабастан, VPN аркылуу кирүүгө аракет кылып жатат. Бирок бул дагы барган сайын татаалдашып барууда",-деди ирандык эксперт.
- Иран: кандуу акция боюнча видеолор желдей тарады
- Иранда алты күндөн бери интернет жок
- Ирандагы АКШ элчилигин басып алуу: Окуя кандай болгон?
Ирандын интернет мейкиндигин көзөмөлдөп турган уюм жакында эле мамлекеттик жана жеке компанияларга кайрылып, "ишенимге ээ болгон" чет жерлик сайттардын тизмесин сураган. Айрым эксперттер Тегеран айрым сайттарга уруксат бериши мүмкүн деп болжоду.
Мамлекет маалымат каражаттарын толук көзөмөлдөйт
Ирандагы бүтүндөй маалымат каражаттары - газета, телевидение, радио жана маалымат агенттиктерин толугу менен өкмөт көзөмөлдөп турат, дейт Би-Би-Си аналитиги Таране Стоун.
"Жаңылыктар бийликке кандай ыңгайлуу болсо, ошондой берилет. Бийлик эмнени керек десе, ошону гана чагылдырууга уруксат берет",-деди эксперттердин бири.
Экономикадагы көйгөйлөр
Иранга АКШ тарабынан санкциялар киргизилгенден бери экономикалык чоң сыноону жашады. Инфляция 40% жетип, жумушсуздук 15% болду.
"Бизде өтө көп экономикалык көйгөйлөр бар. Эттин баасы кымбат, тоок эти, жумуртка кымбат. Эми болсо күйүүчү май кымбаттап жатат",-деп даттанды Би-Би-Сиге каршылык жүрүшүнө катышып жаткан аялдардын бири.
Зомбулук күчөп жатат
Бул жолку толкундоолор мурдагыга салыштырганда көбүрөөк бүлүндүргүч мүнөздө болду. Акциянын катышуучулары коомдук жана жеке менчик мүлктөрдү талкалашты. Буга жооп кылып бийлик акцияга чыккандарга каршы ок чыгарды. БУУнун ок атпоо тууралуу өтүнүчүнө карабастан, бийлик күч колдонду.
Би-Би-Синин регионалдык эксперти кабарлагандай, күч түзүмдөрүнө "маалкатып олтурбай, каршылык жүрүшүн тез арада басууга" тапшырма берилген.
"Бул курмандыктар санын көбөйтүп, ошол эле маалда миңдеген кишилерди камакка алуулар менен коштолот",-деди эксперт.
Каршылык жүрүштөрү уланып жатабы?
Интернет толук өчүрүлгөндөн бери көп маалыматтар белгисиз болуп турат. Өкмөт интернетке коюлган бөгөттү толук ала элек.
Өлкө баш калаасында каршылык токтогон, тургундар "чочулап, тынчып калышты" дейт күбөлөр. Эртең эмне болорун айтуу кыйын. Тургундардын бири баш калаада чыңалуу өкүм сүрүп турганын айтты.
Ирандан келип жаткан маалыматтар канчалык ынанымдуу?
Би-Би-Сининин мониторинг кызматынын эксперттеринин айтымында, интернеттин бөгөлүшү Ирандан келип жаткан маалыматтардын чын-төгүнүн бышыктоого кыйынчылыктарды жаратты.
"Биз текшерип көргөн айрым сүрөттөр жана видеолор эки жыл мурунку болуп чыкты. Ал эми айрым кадрлар Иракта тартылган эски тасма экенин аныктадык".
Каршылыктардын артында ким турат?
"Менимче, бул кыймылдын башында эч ким жок. Бул жолку акциялардын башында турган лидер ким экенин эч ким ачык билдирген эмес",-дейт Би-Би-Си эксперти.
Ирандык расмийлердин айрым билдирүүлөрүндө жана бийликтин көзөмөлүндөгү ММКлардын кабарларында "каршылык жүрүштөрүн сырткы күчтөр башкарып жатат" деп айтылууда.
Буга АКШ, Израиль жана Сауд Арабиясын айыптагандар бар. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи укук коргоо органдарына кайрылып, "бул Иранга каршы кооптуу кутумду" тез арада жок кылууга чакырды. Атайын кызмат каршылык акциялары жүрүп жаткан учурда "ЦРУнун сегиз агенттин камакка алганын" билдирген.
Чалгындоо департаментинин жетекчиси Али Аштари "каршылык жүрүштөрү маалындагы маалыматтарды чогултуп, чет өлкөлүткөргө жөнөтүүгө аракет кылган бир катар элементтер камакка алынганын" айтты.
Канча киши жабыркап, канчасы камакка алынды?
Каршылык жүрүштөрү учурунда канча киши камалып, жаракат алганы же каза тапканы тууралуу бир дагы расмий маалымат айтылган жок.
29-ноябрда Amnesty International укук коргоо уюму каршылык жүрүштөрүн күч менен басуу аракетинен кеминде 161 киши каза тапканын айтып чыккан.
Өлкө президенти Хасан Роухани "душмандардын кутуму" жеңилгенин билдирген соң, парламент өкүлдөрүнүн бири каршылык акциялары учурунда 7 миң киши камакка алынганын айткан эле. Бирок Ирандагы соңку кырдаал тууралуу көп жагдайлар белгисиз бойдон кала берүүдө. (AbA)