Зордуктоого шектелгендер атып өлтүрүлдү

митингчилер Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Индиянын полициясы тергөө экспериментинин жүрүшүндө жаш кызды зордуктап, өлтүргөн деп шектелген төрт кишини атып салды.

Өткөн аптада Хайдарабадда ветеринар болуп иштеген 27 жаштагы кыз топтошкон адамдар тарабынан зордукталып, өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Бул окуя өлкөдө кыжырдануу жаратып, кишилер акыйкат жаза талап кылып жүрүшкө чыккан. Мындай мүнөздөгү каршылык жүрүштөрү бир нече аймакта өттү. Митингчилер шектүүлөрдү өлүм жазасына тартууну талап кылышкан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Амритсар шаарындагы нааразылык жүрүшү, 1-декабрда тартылган сүрөт

Шектүү катары төрт киши кармалып, аларга жума күнү айыбы угузулган. Аларды кылмыш болгон жерге тергөө экспериментин жүргүзүү үчүн алып келишкен. Шектүүлөр полиция куралын тартып алып, качып кетүүгө аракет кылганда атып өлтүрүлдү деп айтты.

Кылмыш тууралуу эмне белгилүү?

27-ноябрда болжолу саат 18:00 чамасында ал кыз үйүнөн скутер менен дарыгерге көрүнүү үчүн чыгып кеткен.

Көп өтпөй эжесине телефон чалып, кимдир бирөөлөр скутеринин дөңгөлөгүнүн желин чыгарып салганын айткан экен. Аны желдөөгө оор жүк тарткан унаанын айдоочусу жардам бергинин дагы кабарлаган.

Image caption Кылмыш болгон жерге миңдеген кишилер жыйылып келип, каршылык акциясын өткөргөн

Ошол бойдон дайыны билинбей, телефону иштеген эмес. Эртеси күнү анын сөөгүн көпүрө алдынан табышты.

Полиция маалыматына караганда, кызды бир топ эркек зордуктап, өлтүрүп кеткен. Алгач кыздын скутеринин дөңгөлөгүн жарып салышып, калп эле жардам көрсөтүүнү сунушташкан болушу мүмкүн деди полиция.

Бул кылмышка шектүү катары төрт киши кармалды. Индия мыйзамдары боюнча зомбулукка кабылып өлгөн кишинин ысымы ачык айтылбайт. Бирок өткөн апта соңунда коомдук сайттарда кыздын кимдиги белгилүү боло баштады.

Коомдук сайттын колдонуучулары соттон адилеттүүлүктү жана акыйкат өкүмдү талап кылууда.

Хайдарабаддагы окуя коомду катуу кыжырдантты. Каршылык жүрүшүнө чыккандардын көпчүлүгү кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну талап кылууда.

Кармалган шектүүлөрдүн экөөнүн апасы дагы бул окуяга пикирин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Делидеги акция катышуучулары зомбулуктан каза тапкан кызды эскерип, сыйынууларды өткөрдү

"Аларды жазалагыла, менин дагы кызым бар",-деди The Press Trust of India басылмасына берген интервьюсунда шектүүлөрдүн биринин апасы.

Апта соңунда Хайдарабаддагы полиция бөлүмүнүн жанына миңдей киши топтолуп, кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну талап кылып турушту. Карышылык жүрүштөрү өлкөнүн бардык аймагында болду.

Көпчүлүк саясатчылар дагы бул кылмышты айыптаган билдирүү менен чыкты.

Индия парламентинин депутаты, белгилүү актриса Жайя Баччан зордуктап, өлтүргөн кылмышкерлерди "дарга асуу керек" деген кескин билдирүү жасады.

Оппозициядагы "Индиянын элдик конгресси" партиясынын башкы катчысы Приянка Ганди коомдун катаалдык жана зомбулукка болгон мамилеси өзгөрүшү керек деп жазды.

"Биздин ойлорубуз өзгөрүшү керек, зомбулуктан, аялдарга өтө катаал жана орой мамиле кылуудан баш тартууга мезгил жетти",-деп жазды Приянка Ганди "Твиттер" баракчасына.

Сүрөттүн автордук укугу Twitter/@aninews
Image caption Жайя Баччан индиялыктар өкмөттүн ачык жана түшүнүктүү жообун күтүп турат деп белгиледи

Депутат Виджила Сатьянант Индия кыз-келиндер жана балдар үчүн кооптуу өлкө экенин айтып, кылмышка баргандарды ушул жылдын соңуна чейин өлүм жазасына тартууну талап кылды.

Дүйшөмбүдө Индия парламентинин бир нече депутаты Индиядагы кыз-келиндердин коопсуздугун сактоо боюнча өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларды талап кылды.

Аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Буга чейинки каршылык жүрүштөрүнөн эч кандай майнап чыккан эмес. Бир нече оор кылмыштар катталып, эл толкугандан кийин өкмөт жазаны катаалдаштырды. Бирок жаза катаалдашып, мындай кылмыштар катуу талкууга түшкөнү менен Индияда аялдарга карата дискриминация жогору бойдон кала берүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шаднагар районунда полиция митингчилерди күч менен таратты. Зомбулуктан көз жумган кыз ушул райондо жашачу

Кыздын үй-бүлөсү полиция жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тарткан. Алар кылмышкерлерге карата конкреттүү чараларды талап кылган эле. Полициянын эч кандай чара көрбөгөнү боюнча айтып чыккандан кийин үч кызматкер иштен алынган. Ата-энеси кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, полицияга кайрылган учурда, алар тамашалашып, дароо издөө иштерине киришкен эмес.

Аялдарга карата кылмыш Индиядагы эң көп талкууланган тема. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы 33 600 аял зомбулукка кабылган. Бул деген күн сайын 90 ашуун аял зомбулук көрөт дегендик. (AbA)