Орусиядагы эң ири акча которуу системалары Тажикстанга иштебей калды

Орусиядагы эң ири акча которуу системалары Western Union, Contact Тажикстанга акча которууну токтотту. Буга эсеп-кысапты Тажикстандын Улуттук банкы аркылуу гана жүргүзүү талабы себеп болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жогорудагы компаниялар алдын ала эскертүүлөргө карабастан, бул шартты аткара алышкан эмес. Дүйшөмбү болсо бул жерде маселе болбошу керек эле деп билдирүү жасады.

Акча которууларды кеминде үч ири төлөм компаниясы токтотту - Western Union, Contact жана "Близко".

Western Union Тажикстанга акча которууларды убактылуу токтотту деди компания өкүлү. Contact менен "Близко" компаниялары кырдаал тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Башка ири компаниялар - MoneyGram, "Золотая корона" жана "Юнистрим" акча которууларын токтоткон жок. Бирок "Золотая корона" эскертүү алган. Тажистандын улуттук банкы жаңы система менен иштөөгө чакырды.

"Диаспора бул жаңылыкты бир күн мурда эле билди, - деди Би-Би-Сиге "Нур" коомдук уюмунун жетекчиси Карамшо Мамаднасимов. - Азырынча бул тема боюнча эч кандай комментарий көрө элекмин. Бирок бул жакшы нерсе эмес деп айта алам. Бул жактагылар үй-бүлөсүнө акча жөнөтөрүн баарыбыз түшүнүп турабыз. Азыр эми аларда мындай мүмкүнчүлүк болбой калат".

3-декабрдан тарта Тажикистан жаңы системага өттү. Ага ылайык, эсеп-кысаптын баары, акча которуулар, сырттан келген акчалар өлкөнүн Улуттук банкы аркылуу өтүшү керек. Ноябрдын соңунда эгерде төлөм компаниялары маалыматты кабыл алуучу борборго туташып, келишимге кол койбосо, анын ишмердиги токтотулары эскертилген.

Ушундан кийин Орусиянын Улуттук банкында жыйын өтүп, Орусиядан Тажикстанга акча которуулардын 90 пайызын ишке ашырган төлөм компаниялары жаңы системага туташууга үлгүрбөй калганы айтылган.

Орусия-Тажикстан ортосундагы акча которуулар КМШда экинчи орунда. Биринчи орунда Өзбекстан. Өткөн жылы Орусия менен Тажикстан ортосундагы акча которуулардын көлөмү 2,55 млрд долларды түзгөн.

Жаңы система операциялардын ачык айкындыгын камсыздайт деп эсептейт расмий Дүйшөмбү. Андан сырткары, чет элдик бир катар төлөм системалары менен сүйлөшүүнүн натыйжасында жаңы системада комиссиянын өлчөмүн 1,5 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүүгө мүмкүн болгону айтылууда.

Тема боюнча башка макалалар