Түндүк Корея бийлиги жаңы шаарды цивилизациянын үлгүсү атады

Түндүк Кореяда жаңы курулган Самчжиён шаарынын ачылыш салтанаты болду. Өлкө бийлиги шаарды заманбап цивилизациянын үлгүсү деп атады.

Самчжиён Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Самчжиёндо төрт миң үй-бүлөгө ылайыкталган көп кабаттуу үйлөр курулду

"Ура!",-деген катуу кыйкырыктардан кийин майрамдык салют атылып, Самчжиёндун асманын кызыл-тазыл түскө боеп, абага шарлар учурулду, деп жазды өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги.

Шаарды курган Аскердик курулуш дивизиясы салтанаттуу марш менен өттү. Борбордук телеграф агенттигинин маалыматына караганда, шаарга төрт миң үй-бүлөгө ылайыкталган көп кабаттуу үйлөр курулду. Ошондой эле лыжа тебе турган жол, стадион жана башка обьектилер салынды.

Салтанат аскердик парадсыз өткөн жок Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Салтанат аскердик парадсыз өткөн жок
Самджиён Сүрөттүн автордук укугу EPA
Самджиён Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шаардын ачылыш салтанатына КЭДР лидери Ким Чен Ын катышты

Шаардын курулушун мамлекеттик ММКлар канчалык даңазалабасын өлкө калкынын көпчүлүгү жакыр жана кыйналып жашайт. Курулушка канча каражат сарпталганы белгисиз. Бирок шаардын курулушу өлкө катаал санкцияларды башынан кечирген жылдарга туш келди. Өлкө бийлиги бул долбоордон чоң үмүт кылганын ушундан билсе болот.

Самчжиён Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Самчжиён
Самджиён Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шаарда курулуш иштери дале уланууда
Салют Сүрөттүн автордук укугу AFP

Шаардын дагы бир символикалуу мааниси - ыйык саналган Пэктусан тоосуна жакын жерде курулганы.

Бул тоодогу жашыруун партизандык лагерде өлкөнүн мурдакы лидери Ким Чен Ир туулган. Советтик жана кытайлык архивдерде Ким Чен Ир 1941-жылы Хабаровск крайында туулуп, балалыгы өткөнү айтылат. (AbA)

*

Тектеш темалар